Эмгек келишими мыйзамыз токтотулганда кантип жумуш ордун кайтарса болот? Жумуштан кетирүү кайсы учурда мыйзамсыз деп саналат? Аргасыз иштебей жүргөн мезгил үчүн төлөмдү жана моралдык зыян үчүн компенсацияны кантип алса болот? Маанилүү суроолордун ар бирине кенен токтолуп өтөлү.
- Мекеме жоюлганда, кызматкерлердин санын кыскартканда кенемте (компенсация) төлөбөй туруп иштен кетирүү.
- Кызматкер эмгек мыйзамдарында каралган укуктарын ишке ашырганына таянып жумуштан кетирүү (мисалы, профсоюздук иш-аракеттерге катышканы үчүн).
- Кош бойлуулук мезгилинде, декреттик өргүүдө же бала багуу мезгилинде аялды жумуштан бошотуу.
- Жынысы, курагы, расасы, улуту, диний ишеними, майыптыгы жана башка мыйзам тарабынан тыюу салынган негиздер боюнча басмырлоого байланыштуу иштен бошотуу.
- Кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилинде бошотуу (ишкана жоюлган же экономикалык, технологиялык же уюштуруучулук себептерден улам кызматкерлердин саны азайган учурларды кошпогондо).
- Ооруп калса же майыптыгына байланыштуу жумуштан дароо бошотуу мыйзамсыз, иш берүүчү кызматкердин саламаттыгына жараша башка жумушка которулушун камсыздаш керек.
- Кызматкерге карата тартиптик жаза чараларын колдонуунун өз эрежеси, баскычтары, негиздери бар. Бул шарттарды бузуу менен жумуштан кетирүү мыйзамсыз болот.
- Эмгек келишими токтотулары тууралуу алдын ала билдирбестен бошотуу.
- Кызматкерди өз эрки менен кетүүгө мажбурлашса жана мажбурлоо болгонун далилдей алган учурда ж.б.
Иштен кетирүү тууралуу буйрук менен таанышып же эмгек китепчесин колуңузга алган күндөн тарта сотко кайрылууга 2 ай убактыңыз бар.
Бул убакытты өткөрүп жиберсеңиз, өзүңүз үчүн кыйын болот. Доо арызыңызды канааттандырбай коюуга негиз боло алат. Сотко кайрылуу мөөнөтүнөн кечигип калганыңызга жүйөөлүү себеп болсо, арыз аркылуу доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирсе болот, бирок себеп жүйөөлүү экенин далилдешке туура келет.
Кызматкер төмөндөгүлөрдү талап кыла алат:
- мурдагы кызмат ордуна кайра келүүнү;
- аргасыз ишке чыкпай калган күндөрү үчүн орточо эмгек акыны өндүрүп берүүнү;
- жумуштан бошотуу күнүн же жумуштан бошотуунун негизин өзгөртүүнү;
- иш берүүчүдөн келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну, ошондой эле соттук иш-аракеттерге чыгым кетирсе, алардын ордун толтурууну.
Кызматкер жагдайына жараша дагы башка талаптарды да кое алат.
* Аргасыздан жумушка чыкпай калуу (вынужденный прогул) – бул жумуш берүүчүнүн айынан кызматкер өзүнүн эмгек милдеттерин аткара албай калган мезгил. Мисалы, сизди иштен негизсиз айдашты же эмгек китепчеңизди өз убагында бербей жатышат дейли, мындан улам сиз аргасыздан жумушка чыкпай отуруп калдыңыз.
* Моралдык кенемте (компенсация) жумуштан мыйзамсыз бошотулганда же башка жумушка мыйзамсыз которулганда алынат. Аргасыздан жумушка чыкпай калган күндөр үчүн төлөнгөн акынын буга тиешеси жок. Моралдык кенемтени өзүнчө талап кыла аласыз. Бирок моралдык жактан зыян тартканыңызды жакшылап далилдешиңиз керек. Медициналык документтер же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жардамга келет. Кенемтенин өлчөмүн сот бардык жагдайларды эске алуу менен аныктайт.
Сиз сотко кайрылып жатып акча төлөбөйсүз, себеби эмгек талаш-тартыштары боюнча доо менен кайрылуу мамлекеттик алымдан бошотулган.
Ишкана/жумуш берүүчүңүз жайгашкан жер боюнча же өзүңүздүн жашаган жериңиз боюнча райондук сотко кайрыла аласыз. Тандоо сизде.
- Паспорт;
- Доо арыз; (анын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, жүктөп алсаңыз болот);
- Эмгек келишиминин көчүрмөсү;
- Кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук;
- Сиздин кызмат ордуңузду жана эмгек акыңызды тастыктаган документтер (мисалы, эмгек акы боюнча маалымкат, кызматтык нускамалар).
- Жумуштан бошотууга байланыштуу жумуш берүүчү менен болгон кат алышуулар (электрондук каттар, билдирүүлөр).
- Чыр-чатакты сотко чейин чечүү аракетиңизди тастыктаган документтер (мисалы, эмгек инспекциясына берген арыздардын көчүрмөлөрү же башка кайрылуулар).
- Иш үчүн мааниси болсо, эмгек стажыңызды жана тажрыйбаңызды тастыктаган документтер.
Документтердин тизмеси жеке кырдаалга карап өзгөрүшү мүмкүн. Сизди жумуштан алуу мыйзамсыз болгонун далилдей турган бардык жагдайларга көңүл буруңуз.
Баары каралып жаткан иштин өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.
Эгерде иш берүүчүңүз жумуштан бошотуунун жол-жобосун бузганы далилденсе, сот сизди кайрадан ордуңузга кайтара алат. Мисалы, ишканада кызматкерлердин саны кыскартылганына байланыштуу сизди иштен алышты, бирок сизге бул тууралуу эки ай мурун кабар беришкен жок, бош кызмат ордун сунуштаган жок.
Эгерде сизди жетекчилигиңиз кайсы бир кемчилик-катаңыз үчүн жумуштан бошотсо, анда сот кызматтык жазалоодо тийиштүү жол-жобо канчалык сакталганына карайт.
Эгерде сизди өз каалооңуз менен жумуштан кетүүгө мажбур кылышканы сотто далилденсе, сизди кызмат ордуңузга кайра кайтара алат.
Жумуштан алууга байланышкан иштер 2 ай ичинде каралып-чечилип бүтүшү керек.
Ооба, соттун чечимине кызматкер дагы, иш берүүчү дагы даттана алат. Бул үчүн кийинки баскычтагы сотко апелляциялык арыз жазышыңыз керек.
Апелляциялык даттануу үчүн кызматкерде да, иш берүүчүдө да соттун чечими чыккан күндөн тартып бир ай бар. Бул мөөнөттү сактоо маанилүү, эгерде бир айды өткөрүп жиберсеңиз, анда кечигип даттанып жатканыңыздын жүйөлүү себебин далилдеп беришиңиз керек.
Апелляциялык даттануу болбосо, чечим чыккан учурдан 30 күн өткөндө мыйзамдуу болот. Эгерде соттун чечимин иш берүүчүңүз өз ыктыяры менен аткарбай атса, анда сот аткаруучулар аркылуу маселе чечилет.