Эмгек келишимин түзүү – ишке орношуудагы милдеттүү кадам. Ал сиздин жумушчу катары укуктарыңызды коргойт. Бирок жазуу түрүндөгү келишим жок туруп иштей баштасаңыз, сиздин укуктарыңыз мыйзамда корголо берет. Жумушка чыккан биринчи күндөн тартып эмгек келишими түзүлдү деп саналат, иш берүүчү аны жазуу түрүндө түзүүгө милдеттүү. Эгер иш берүүчү келишим түзүүгө ашыкпай жатса, анда сиз демилгени колго алып, келишим түзүүнү талап кыла аласыз.
Эмгек келишимин түзүү абдан маанилүү, айрым себептерин белгилей кетели:
- Эмгек акыңыздын төлөнүшүн кепилдейт – келишим акынын көлөмүн жана аны төлөө тартибин аныктайт.
- Социалдык кепилдиктерди – өргүүгө чыгууну, ооруган учурда тыныгуу алууну, пенсиягы чыгууну камсыздайт.
- Каалаган учурда иштен кетире албайт– келишимди жокко чыгаруу шарттарын аныктайт.
- Эмгек стажын ырастайт, а бул пенсия же дагы башка төлөмдөргө таасирин тийгизет.
- Укук-милдеттерди бекемдейт.
- Талаш-тартыш учурунда сизди коргойт.
Алгач маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылыңыз. Эмгек келишими милдетүү документ экенин, ал жумушчунун гана эмес, иш берүүчүнүн да кызыкчылыктарын коргой турганын айтыңыз. Кээде келишим түзүү тек түшүнбөстүктөн же уюшумдуулуктун жоктугунан кечеңдеп калат. Өз позицияңызды так жана туура билдириңиз.
Эгер сүйлөшүү жардам бербесе, расмий эмгек келишимин түзүү тууралуу арыз жазыңыз. Муну иш берүүчүнүн колуна тапшырып, катты алдым деп кол койдуруп алыш керек. Же буюртма кат менен берсе болот. Кийинки териштирүү ишинде ушул арыз маанилүү документ болуп калат.
Эгерде арызыңыз да жыйынтык бербей, иш берүүчү келишимди түзбөй жатса, анда эмгекти көзөмөлдөө кызматына кайрылыңыз. Тийиштүү арызда абалды сүрөттөңүз. Кызмат иш берүүчүнү текшерип, эмгек келишимин түзүү талабын коюшу ыктымал.
Иш сотко жетсе, анда сиз ушул кезге чейин иш милдеттериңизди аткарып келгениңизди далилдешиңиз керек. Төмөндөгүлөр далил боло алат:
- Иш жагдайлары тууралуу сөз болгон кат алышуулар
- Иш берүүчү которгон айлык
- Кесиптештериңиздин көрсөтмөлөрү ж.б.
Буга чейин айтылган аракеттердин эч бири жардам бербесе, анда сотко арыз бериңиз. Сот иш берүүчүнү келишим түзүүгө милдеттендириши мүмкүн.