Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жол кырсыгына жөө жүргүнчү күнөөлүү. Айдоочу баары бир жоопкерчиликке тартылабы?

ID2734
Көрүүлөр: 71
Актуалдуу: 16-12-2024
QR Code

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен учурда айдоочунун жоопкерчилиги бир нече жагдайларга карап  аныкталат. Айталы, жол кыймылынын эрежелери канчалык сакталган, кырсыктын мүнөзү, тараптардын кимиси канчалык күнөөлүү.

Негизги жоболор:

Жол кырсыгы жөө жүргүнчүнүн айынан жүз берген учурда да, айдоочу анын ден соолугуна жана мүлкүнө келтирген зыянды төлөп берүүгө милдеттүү. Бул Жарандык кодекстин 1007-беренесинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, транспорт каражаты коркунуч булагы деп саналат да, жол кырсыгы (биздин мисалда) жөө жүргүнчүнүн кыңыр ою менен жүз бергени далилденбесе, калган бардык учурда айдоочу зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. 

Айдоочу төмөнкү учурларда зыяндын ордун толтуруудан бошотулушу мүмкүн:

  • Жол кырсыгынын алдын алууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда;
  • Жогоруда айткандай, зыян жөө жүргүнчүнүн атайылап жасаган аракетинен келип чыккан болсо (мисалы, өз жанын кыюу аракети). Бирок мындай учурларды далилдөө өтө кыйын.

Компенсация төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Жабыркаган тараптын жоголгон эмгек акысын.
  • Дарылануу, дары-дармек, протездөө, кошумча тамак-аш, кам көрүү ж.б. чыгымдарын.
  • Жөө жүргүнчү каза болгон учурда — жашы жете элек балдарын же анын багуусундагыларды камсыз кылуу чыгымдарын.

Баса, 2025-жылдан тарта ОСАГО полиси Кыргызстанда милдеттүү түрдө киргизилип жатат. Сиз жөө жүргүнчүнү сүзгөн учурда ошол полистин алкагында камсыздандыруу компаниясы зыянды төлөп берүүгө тартылат. Кенен маалымат бул жакта

Мындай жоопкерчилик айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда гана жаралат (мисалы, ылдамдыкты ашыкча жогорулатуу, кызыл чырактан өтүү, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндө талаптарды бузуу).

Эгерде айдоочу эрежелерди бузбаса, кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылуу коркунучу өтө аз. 

Мисалы, айдоочу уруксат берилген ылдамдыкта жүрүп, башка жол эрежелерин сактап, соо абалда болсо, ал эми жөө жүргүнчү жолдун туура эмес жеринен күтүүсүз чыга калса, адатта айдоочуга кылмыш жоопкерчилиги каралбайт.

Эгерде эки тарап тең жарым-жартылай күнөөлүү болсо, сот жоопкерчиликти пропорционалдуу бөлүштүрүшү мүмкүн. Мисалы:

  • Жөө жүргүнчү жолдун туура эмес жеринен өтүп жаткан, ал эми айдоочу ылдамдыкты бир аз жогорулаткан. Мындай учурда жабырлануучуга төлөнө турган компенсация азайтылышы мүмкүн.
  • Жөө жүргүнчүнүн одоно этиятсыздыгы (мисалы, түн ичинде кара кийимчен жүрүү, спирт ичимдиктерин ичүү) компенсациянын көлөмүн азайтуунун негиздеринин бири болушу мүмкүн.
  • Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз: Бул кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылуу коркунучун азайтат.
  • Видеорегистратор колдонуңуз: Видео сиздин күнөөсүз экениңизди далилдеп берет.
  • Жол кырсыгынын шарттарын документтештириңиз: Сүрөттөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү сотто жардам берет.




    Окшош суроолор