Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы учурдан баштап жаран айыпталуучу болуп саналат?

ID2899
Көрүүлөр: 30
Актуалдуу: 08-01-2025
QR Code

КРдин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, жаранга карата айыпталуучу катары тартуу тууралуу токтому чыккан учурдан тартып айыпталуучу деп саналат. 

1. Алгач тергөөчү же прокурор кылмыштын белгилерин көрсөткөн фактыларга таянып, кылмыш ишин козгойт.

2. Чоо-жайы аныкталып, адамдын кылмышка тиешеси далилденсе, тергөөчү аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Анда төмөнкү маалыматтар болушу шарт:

  • Жоопко тартылып жаткан адам тууралуу маалымат.
  • Кылмыштын чоо-жайы. 
  • Кайсы беренелер боюнча күнөө коюлуп жатканы. 

3. Тергөөчү айыпталып жаткан жаранды токтом менен тааныштырып, ага укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүшү керек. 

4. Кылмыштын мүнөзүнө карап, айыпталуучунун эркиндигин чектөө чарасы керек болуп турса, анда ал камакка алынышы мүмкүн же баш коргоо чарасынын башка түрү колдонулушу ыктымал. Бул өзүнчө токтом аркылуу таризделет.

Айыпталуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Өзүнө кандай айып тагылып жатканын билүүгө.
  • Түшүндүрмө, көрсөтмө берүүгө же алардан баш тартууга.
  • Адвокаттын жардамынан пайдаланууга.
  • Далил, өтүнүч жана арыз берүүгө.
  • Тергөө иш-аракеттерине катышууга.
  • Тергөө органдарынын иш-аракеттеринин жана чечимдеринин үстүнөн даттанууга.

Демек, жаран ага карата айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыккан учурдан тартып айыпталуучу болуп эсептелет. Бул макам ага процессуалдык милдеттерди жүктөө менен катар анын укуктарын коргоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү да берет.




    Окшош суроолор