Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилиги бардык кылмыштын түрлөрү үчүн 16 жаштан башталат. Бирок айрым оор кылмыштар боюнча 14 жаштан жоопкерчиликке тартса болот.
14 жашка толгон балдар төмөнкү оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат:
- Адам өлтүрүү
- Ден соолукка оор жана анча оор эмес зыян келтирүү.
- Зордуктоо.
- Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттери.
- Адам уурдоо.
- Адам сатуу.
- Уурдоо, каракчылык, тоноо.
- Транспорт каражаттарын мыйзамсыз айдап кетүү.
- Ээнбаштык.
- Кылмыш-жаза кодексинде каралган жана башка оор кылмыштар.
Көңүл буруңуз:
- Жалпы кылмыштар боюнча 16, оор кылмыштар боюнча 14кө толо элек балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Аларга тарбиялык мүнөздөгү чаралар колдонулушу мүмкүн.
- Эгер кылмыш жасаган өспүрүм өзүнүн аракеттерин психикалык абалына байланыштуу түшүнүүгө жөндөмсүз болсо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, дарыланууга жөнөтүлүшү мүмкүн.