- Аракети же аракетсиздиги сиздин укуктарыңызды бузган юридикалык же жеке жак жоопкер болушу мүмкүн.
Адатта доо арыз жоопкер жашаган жер (же юридикалык жактын дареги) боюнча сотко берилет.
Бирок өзгөчөлүктөр бар:
Эгерде доо арыз төмөнкү маселелер боюнча болсо, анда аны өзүңүздүн (башкача айтканда, доогердин) жашаган жериңиз боюнча берсеңиз болот:
- Алиментти өндүрүү, аталыкты аныктоо, ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча доолор.
- Ден соолукка келтирген зыянды же багуучунун өлүмүнө байланыштуу зыянды төлөтүү доосу.
- Эгерде доогердин жашы жете элек балдары болсо же ден соолугуна байланыштуу ары-бери каттай албаган учурда никени токтотуу тууралуу доо.
- Керектөөчүнүн укуктарын коргоо боюнча доолор.
Жоопкердин жүргөн жери белгисиз болгон учурда келишимдерге байланыштуу доону келишимди аткаруу дареги боюнча берсе болот. Ошондой эле филиалдарга же өкүлчүлүктөргө байланыштуу доону да алар жайгашкан жер боюнча берсе болот.
Эсиңизде болсун, кыймылсыз мүлк боюнча доо ошол мүлк жайгашкан жер боюнча сотко берилет. Ташуучулар боюнча доолор алардын башкаруу органы жайгашкан жер боюнча берилет.
Доо арыз жазуу түрүндө түзүлүп, төмөндөгү маалыматтарды камтышы керек:
- Соттун аталышы.
- Арыз берүүчүнүн маалыматтары (аты-жөнү, дареги, байланыш маалыматтары).
- Жоопкердин маалыматтары (аты-жөнү, дареги, жашаган жери).
- Арыз берүүчүнүн талаптары.
- Доо арызга негиз болгон жагдайлар жана далилдер.
- Керек учурда доонун суммасы.
- Тиркелген документтердин тизмеси.
- Арыз берүүчүнүн же анын өкүлүнүн колу.
Доо арызга төмөндөгү кагаздарды тиркеш керек:
- Бардык тараптар (жоопкерлер жана үчүнчү жактар) үчүн доо арыздын көчүрмөлөрү.
- Мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
- Эгерде арызды өкүл берип жатса, анда ага берилген ишеним кат.
- Талаптарыңызды тастыктоочу документтер (келишимдер, квитанциялар, каттар ж.б.).
- Арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү.
- Керек учурда доо суммасынын эсеби.
Доо арызды өз колуңуз менен сотко тапшырсаңыз болот. Же болбосо почта аркылуу буюртма кат менен жибере аласыз.
Арыздын сиздин колуңузда калган көчүрмөсүндө арыз качан кабыл алынганы жазылып, кол коюлушу керек. Ушул документти сактаңыз.
Сот 5 жумуш күндүн ичинде доону кабыл алуу же албоо тууралуу чечимин чыгарат:
- Сот доону кабыл алса, ишти ачат.
- Эгерде доодо ката же кемчилик болсо, аларды көрсөтүп, оңдоп келүүгө убакыт берет.
- Сот доону кабыл албай коюшу мүмкүн, бул учурда ал баш тартуунун себептерин түшүндүрүп берет.