2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК орусчасы – ОСАГО) полисин албагандар айыпка жыгылат. Айып пулдун көлөмү физикалык жактар үчүн 3 миң сомго барабар. Юридикалык жактар, анын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү мекемелер үчүн мындай талап 2023-жылдын 1-апрелинен тарта иштеп келет, аларга 13 миң сом өлчөмүндө айып каралган.
Бул макалада ОСАГО деген эмне, ал кандай иштейт, камсыздандыруунун башка түрлөрүнөн, мисалы, КАСКОдон эмнеси менен айырмаланат деген суроолорго жооп издейбиз.
ОСАГО — бул милдеттүү камсыздандыруу. Жол кырсыгы жүз берген учурда жол кыймылынын башка катышуучуларына айдоочу келтирген чыгымды жабат. Сиз жол кырсыгына күнөөлүү болдуңуз дейли. ОСАГО сиздин айыңыздан жабыркаган, зыянга учураган тараптын чыгымдарын, айталы, дарылануусун, унаасын оңдотуу чыгымдарын төлөп берет. Демек, ОСАГО өзүңүздүн унааңызга, саламаттыгыңызга же өмүрүңүзгө келтирилген зыянды каржылабайт.
КАСКО — (орусчадан кыскартылган сөз, чечмелениши – комплексное автомобильное страхование кроме ответственности же жоопкерчиликтен сырткаркы комплекстүү автомобилдик камсыздоо) – бул ыктыярдуу камсыздоо. Кырсыкка ким себепчи болгонуна карабай, КАСКО сиздин машинаңызды коргойт. Ал сиздин унааңызга автокырсыктан, табият кырсыктарынан, айдап качуудан же вандализмден келтирилген чыгымды жабат.
ОСАГО менен КАСКОнун ортосундагы негизги айырма: ОСАГО бардык унаа ээлерине милдеттүү жана үчүнчү жактардын чыгымын жапканга багытталган, а КАСКО – бул ыктыярдуу жана кожоюндун өздүк мүлкүн коргойт.
Базалык тариф 1 680 сомду түзөт. Полистин баасы төмөндөгү жагдайлардан көз каранды:
- Транспорттун түрү
- Кыймылдаткычтын көлөмү
- Бир автоунааны канча айдоочу башкарары (келишим түзүп жатканда, унааны башкаруучулардын саны чексиз деген опцияны тандаса болот, ошого жараша полис баасы жогорулайт. Эгерде айдоочулардын саны чектелүү болсо, анда келишимде арыз берүүчүнү кошкондо 4кө чейинки адамды көрсөтсө болот).
- Транспорт каражаты кайсы өлкөдө катталган
- Камсыздоо мөөнөтү
- Диагностикалык картанын бар же жоктугу (бул карта машина техникалык кароодон өткөнүн далилдейт жана полисти тариздеп жатканда арзандатуу алууга жол ачат. Диагностикалык картаны техкароо жүргүзгөн жеке борборлордон алса болот. Баасы 850 сомдон башталып, унаанын кыймылдаткыч көлөмүнөн көз каранды).
Оор жүк ташуучу унаалар, автобустар, троллейбустар жана мотоциклдерге өзүнчө коэффициенттер колдонулат.
25 жашка толо элек айдоочуларды камсыздандыруу ишканалары тобокелдүү топко кошот, себеби ошол аралыкта кырсыктоо ыктымалдуулугу жогору. Ошондуктан жаш айдоочулар үчүн ОСАГО баасы салыштырмалуу жогору.
Ошондой эле айдоочулук стажы 3 жылга жетпегендер да жогорку тобокелдик тобуна киргизилип, полис баасы аларга кымбатыраак аныкталышы мүмкүн.
Финансылык көзөмөл кызматынын сайтында полис баасын болжолдуу чыгарып бере турган калькулятор бар.
- Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө арыз;
- (Эгерде камсыздандыруучу жеке жак болсо) паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк;
- (Эгерде камсыздандыруучу юридикалык жак болсо) мамлекеттик катоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Автотранспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк, техникалык паспорт, техникалык талон же ушул сыяктуу документ;
- Эгерде автотранспорт башка бирөөгө катталган болсо, анда ага ээлик кылуу укугун тастыктаган документ – ээликтен ажыратуу укугу камтылган ишеним кат;
- Эгерде автоунааны сизден сырткары башка адамдар да башкарат деген опцияны тандасаңыз, анда ошол адамдын айдоочулук күбөлүгү же көчүрмөсү.
ОСАГО полисин төмөндөгү мөөнөттөргө алса болот:
- 5 күндөн 15 күнгө чейин
- 16 күндөн 1 айга чейин
- 3 айга чейин
- 6 айга чейин
- 9 айга чейин
- 12 айга чейин
Тандалган мөөнөткө жараша полистин баасы аныкталат.
- «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК
Телефон: 0(312) 65-08-53, 0(312) 65-08-51, 0(312) 65-08-52
Дареги: Бишкек ш., Киев көч, 218 (Калык Акиев көчөсү менен кесилишет)
Бөлүмдөрү :
- Ош бөлүмү: Ош ш. Ленин көч, 221, каб.62,64. Тел.: 0 (3222) 5-52-31
- Ысык-Көл бөлүмү: Каракол ш., Москва көч, 120А; Гедзе көч. 124. Тел.: 0 (3922) 5-49-10
- Талас бөлүмү: Талас ш., Бердике-Баатыр көч. 287. Тел.: 0 (3422) 5-20-60
- Жалал-Абад бөлүмү: Жалал-Абад ш., Эркиндик көч. 11. Тел.: 0 (3722) 2-41-01
- Нарын бөлүмү: Нарын ш., Ленин көч. 76. Тел.: 0 (3522) 5-71-01
- Баткен бөлүмү: Кадамжай ш., Орозбеков көч. 1. Тел.: 0 (3655) 5-15-58
2. «Алма Иншуренс»
Телефон: 0(312) 43-33-33, +996 509 372037
Дареги: Бишкек ш., Огонбаев көч, 222 (Ибраимов көчөсү менен кесилишет)
3. «АТН Полис»
Телефон: 0(312) 34-37-30, +996 552 255-999
Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 230 (Тимирязев көчөсү менен кесилишет)
- Ош бөлүмү: Ош шаары, Курманжан-Датка көч. 244/3. Тел.: +996 (3222) 77-027, +996 555 255-289
4. «НСК»
Телефон: 0(312) 64-45-55, 0(312) 64-63-80
Дареги: Бишкек ш., Клубный көч, 16; Ибраимов көч. 108
- Ош шаары, Ленин көч, 302. Тел.: +996 (3222) 72 355; +996 555 838 222; +996 777 838 222
- Чүй бөлүмү:
- №1 Бишкек ш., Бөкөнбаев көч, 158. Тел.: +996 777 904 888
- №2 Бишкек ш., Ахунбаев көч, 165. Тел.: +996 555 641 888
- №3 Бишкек ш., Ибраимов көч., 108. Тел.: +996 995 888 180, +996 312 888 180
5. Арсеналъ-Кыргызстан»
Телефон: 0(312) 39-82-78, 0(312) 39 82 24, +996 706 98 56 56, +996 999 12 21 36
Дареги: Бишкек ш., Орозбеков көч, 26 ( Москва көч. менен кесилишет)
6. «Аю Гарант»
Телефон: 0(312) 66-17-84, 0(312) 299 009, +996 550 29 90 09, +996 776 29 90 09
Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 126 (Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн ортосунда)
Филиалдары:
- Ош шаары, Ленин көч. 272/1. Тел.: +996 (772) 52 90 09
- Талас шаары, Сарыгулов көч. 12. Тел.: +996 (706) 441 158; +996 (550) 755 807
- Нарын шаары, автовокзал
7. «САКБОЛ»
Телефон: 0(312) 31-66-01, 0(312) 31-66-02
Дареги: Бишкек шаары, Исанов көч. 1/5, 7-кабат (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет)
8. «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company»
Телефон: 0(312) 66-00-44, 0(312) 54-13-73
Дареги: Бишкек шаары, Панфилов көч, 178 (Чүй жана Киев көчөлөрүнүн ортосунда)
Филиалдары:
- Ош шаары, Разаков көч. 48/а. Тел.: +996 553 07-98-81
- Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 21. Тел.: +996 312 97-67-97 доб. 1151, +996 555 66-04-50
9. «Кыргызстан»
Телефон: 0(312) 38-31-31
Дареги: Бишкек шаары, Москва көч., 37а ( Гоголь көч. менен кесилишет)
Филиалдары:
- Нарын шаары, Ленин көч. 78, 3-кабат, каб. 304. Тел.: +996 707 71 99 62, +996 3522 5 71 71
- Ош шаары, Ленин көч. 289а. Тел.: +996 550 04 43 93, +996 (3222) 7 05 30, +996 (3222) 7 03 63
- Талас шаары, Бердике-Баатыр көч. 287. Тел.: +996 774 61 11 18, +996 3422 5 64 44, +996 554 61 11 18
10. «А Плюс»
Телефон: 0(312) 90-15-33, +996 704 93 73 78, +996 555 93 73 78
Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көч. 176/1 ( Киев көч. менен кесилишет)
11. «Али-Гарант»
Телефон: +996 558 90 05 22
Дареги: Бишкек шаары, Жумабек көч. 105/1
12. «Здоровье»
Телефон: +996 770 70 11 71
Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көч. 138
13. «Дордой-Страхование»
Телефон: +996 709 06 07 09
Дареги: Бишкек шаары, Кожевенная 1
14. «Ингосстрах»
Телефон: +996 (312) 98 67 68
Дареги: Бишкек, Чүй пр. 219
15. «Бакай Иншуренс»
Телефон: +996 555 301 530
Дареги: Бишкек, Турусбеков көч. 109/1, 1-кабат, 116-кеңсе
- Эгер жабырлануучулар болсо, биринчи жардамды көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырыңыз.
- Жол кырсыгын тариздеш үчүн ЖКККБ кызматкерлерин чакырыңыз жана жол кыймылынын эрежелерин карманыңыз.
- Камсыздандыруу мекемесине же авариялык комиссар кызматына кабар бериңиз.
Камсыздандыруу ишканасынын өкүлү (авариялык комиссары) мындан ары кандай аракеттерди жасашыңыз керектигин айтып берет. Зыяндын алдын алууга же азайтууга аракеттенип, камсыздандырылган мүлктү мүмкүн болсо сактап калууга тырышыңыз.
- Жооптуу кызматкердин жолдомосун алгандан тарта 4 саат аралыгында айдоочу ичимдик ичип-ичпегенин аныкташ үчүн медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
- Кырсыктын кесепеттерин сүрөткө, видеого тартыңыз. Күбөлөр болсо, алардын номурларын алып коюңуз.
- Кырсыктан кийинки 5 жумушчу күн ичинде камсыздандыруу ишканасына жеке барып, болбосо телефон, электрондук почта же факс менен кабар берилиши кажет. Эгер айдоочу да жабыркап же каза тапкан болсо, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
- Камсыздандыруу ишканасынын өкүлү зыянга учураган мүлктү көрүп, зыяндын себебин жана көлөмүн аныкташ керек, ага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бериңиз.
Кенемте алыш үчүн камсыздандыруу ишканасына арызга төмөндөгү документтерди тиркеп тапшырыш керек:
Милдеттүү документтер:
- Камсыздандыруу полиси (же анын көчүрмөсү).
- Жол-транспорт кырсыгынын схемасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
- Жол-транспорт кырсыгы тууралуу маалыматтын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
- Алкоголдук, наркотикалык жана ууландыруучу каражаттардын кесепетиндеги мас абалга текшерүүнүн протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
- Жол кырсыгынан жабыркаган тараптын документтери: физикалык жак болсо, паспортунун көчүрмөсү, юридикалык жак болсо, өкүлгө берилген ишеним каттын түпнускасы.
- Айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү.
Эгерде өмүргө же ден соолукка зыян келтирилсе, анда төмөндөгү документтер кошумча тиркелет:
- Медициналык мекемеден ишке жарамдуулукту убактылуу жоготуу же майыптыкты аныктоо тууралуу маалымкат.
- Медициналык чыгымдарды далилдеген документтер.
- Эгер жабырлануучу каза болсо, анда өлгөндүгү тууралуу маалыматтын нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана мурас укугу тууралуу документ.
Мүлккө келтирилген зыян боюнча:
- Мүлктү оңдоо же калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды ырастоочу документтер (чектер, коштомо кагаздар)
- Келтирилген зыяндын көлөмүн баалоо тууралуу документтер.
Камсыздандыруучу ишкана башка документтерди сураганга укуксуз.
Келтирилген чыгымдын көлөмү медициналык мекеменин документтеринин негизинде Жарандык кодекске ылайык аныкталат. Кенемте ОСАГО келишими менен аныкталган лимиттен ашпайт.
КРдин Министрлер кабинети бекиткен төлөмдөрдүн максималдуу суммалары:
- Жабырлануучу каза болсо — 300 000 сом
- Майыптуулук аныкталса: :
- I топ — 200 000 сом
- II топ — 150 000 сом
- III топ — 100 000 сом
- «Майып бала» — 100 000 сом
- Майыптуулук болбосо, анда дарыланууга кеткен чыгымдар төлөнөт, бирок анын баасы 100 000 сомдон ашпайт.
- Мүлккө (жабырлануучунун машинасына) келтирилген чыгым дагы жагдайга жараша аныкталат, бирок ар бир жабырлануучу үчүн төлөнчү сумма 150 000 сомдон, жабырлануучулардын бардыгына төлөнчү сумма 450 000 сомдон ашпайт.
Маанилүү: Жол кырсыгы катталганда, Бузуулар кодекси боюнча 5 500 сом айып пул каралган. ОСАГО ээси ошол айыптан бошотулат.
Эгерде ден соолукка оор зыян келтирүү же өлүм катталса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги сакталат.
Машина ээси жол кырсыгынын кесепетинде башка адамдарга жана алардын мүлктөрүнө (анын ичинде унаасына) зыян келтиргенде камсыздандыруу тобокелдиги пайда болот.
Төмөндөгү себептер болсо, камсыздандыруу мекемеси кенемте төлөп берүүдөн баш тарта алат:
- Эгерде зыянды ОСАГОдо көрсөтүлбөгөн транспорттук каражат келтирген болсо.
- Моралдык чыгымды же колдон чыгарылган пайданы төлөп бериш керек болсо.
- Эгерде автоунаа жарышта, сыноодо же окуу жүрүштөрүндө колдонулса.
- Айлан-чөйрөнү булгаса.
- Иш берүүчү кол алдындагы кызматкерге зыянды төлөп бериш керек болгондо.
- Айдоочу өз транспорттук каражатында ташып бараткан башка унаага, прицепке же жүккө зыянын тийгизип алганда.
- Автоунаага жүк жүктөп же түшүрүп жатканда.
- Эгерде өз унаасы менен антиквариатты, уникалдуу буюмду, тарыхый-маданий мааниге ээ имаратты, баалуу буюмдарды, накталай акчаны, баалуу кагаздарды, диний мааниси бар буюмдарды жана интеллектуалдык менчик объектилерин зыянга учуратса.
- Эгерде зыян мыйзам же келишим менен аныкталган лимиттен ашса.
- Эгерде зыян атайылап жасалган болсо (коргонуу эске алынбайт).
- Полис ээсинин өзүнүн же жакын туугандарынын мүлкүн зыянга учуратса.
Ошондой эле компания төмөндөгү учурларда акча төлөп берүүдөн баш тартышы мүмкүн:
- Камсыздандыруу компаниясы зыянга учураган автоунааны карап, баалаганга чейин эле оңдоо иштери жасалган болсо.
- Полисти тариздеп жатканда жаран жалган маалыматтарды берген болсо.
- ОСАГО ээси же айдоочу жол-транспорт кырсыгы тууралуу камсыздандыруу мекемесине аныкталган убакыт ичинде кабар бербесе.
Кенемте төлөө чечими документтер толук берилгенде гана кабыл алынат.
Эгерде камсыздандыруу төлөмү зыяндын ордун толтурууга жетишсиз болсо, анда ОСАГО ээси (айыптуу тарап) зыяндын калган бөлүгүн жарандык мыйзамдар боюнча төлөп берүүгө милдеттүү.
Бул маселени ыктыярдуу түрдө жөндөп алса болот. Ошондой эле ОСАГО полисинин кенемтесин көбөйтүш үчүн кошумча ыктыярдуу полис алса да болот.
Сиз мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна төмөндөгү номурлар боюнча кайрыла аласыз: +996 553 545 400, +996 797 545 400.