Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

ID-паспортту Tunduk тиркемеси аркылуу кантип алмаштырса болот?

ID2322
Көрүүлөр: 103
Актуалдуу: 15-11-2024
QR Code

2017-2024-жылдар аралыгында чыгарылган жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун ээлери Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-картасын алмаштырууга арыз бере алышат.

Маанилүү! Бул кызмат биометриялык паспорту бар жарандар үчүн гана жеткиликтүү. Эгерде паспортуңуз эски серияда болсо, анда онлайн  кайрыла албайсыз. Эски паспорт ээлери мурдагыдай эле Калкты тейлөө борборлоруна барышы талап.

Көңүл буруңуз! Кызмат жарактуу паспортту алмаштыруу үчүн гана жеткиликтүү. ID-картаны алгачкы жолу ала тургандар Калкты тейлөө борборуна барышы керек.

1. Tunduk тиркемесин ачыңыз жана “ID паспортту алмаштырууга онлайн арыз” бөлүмүнө өтүңүз.

2. Паспортту алмаштыруунун себебин тандаңыз: жоголуу, бузулуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, каалоосу боюнча жаңыртуу же жеке маалыматтарды өзгөртүү.

3. Өздүгүн тастыктоо үчүн фото идентификациядан өтүңүз – сүрөт телефондун камерасына эмес, тиркемде ачылган камерага тартылат.

4. Паспортту кайсы даректен алып кетериңизди көрсөтүңүз: сизге ыңгайлуу Калкты тейлөө борборун белгилеңиз.

5. Паспортту даярдоо акысын төлөңүз: атайын код аркылуу онлайн төлөм жасай аласыз.

Жаран арызды тиркемеден жиберди дейли. Кызматкерлер арызды бир жумуш күнүндө карап, арыз кабыл алынды же кабыл алынган жок деген жообун берет.

Арыз кабыл алынбаса, жаранга мунун себептерин, жол-жобосун түшүндүрүп беришет.

Арыз кабыл алынган болсо, паспортту алмаштыруу себебине жараша аныкталган сумманы төлөш керек.

Акча төлөгөндөн кийинки 12 күн ичинде ID-паспорт даяр болот.

Даяр документти алыш үчүн жаран өзү көрсөткөн Калкты тейлөө борборуна түпнуска документтери менен барышы зарыл.




    Окшош суроолор