Эгерде инсандыгыңызды тастыктаган эч кандай документиңиз жок болсо же документиңиздин жарактуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен болсо, анда сиз Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүңүздү аныктоо процедурасынан өтүшүңүз керек.
СССР жарандыгында болгон адамдар:
- 1974-жылкы үлгүдөгү паспортко ээ жана Кыргыз Республикасында каттоого алынган.
- Башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу арыз берген эмес.
СССР паспортун жоготкон адамдар:
- Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу каттоого алынган.
- Жеке инсандыгын аныктагандан кийин жарандыгы боюнча тыянак чыгарылат.
Өз убагында паспорт албаган адамдар:
- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына туура келбегендер.
- Ата-энесиз, туугандарынын же тааныштарынын камкордугунда чоңойгон.
СССР паспортунда КМШнын жарандыгы тууралуу белгиси бар адамдар:
- Тиешелүү мамлекеттин улуттук паспорту менен документтештирилген эмес.
- Жарактуу документтин жоктугу боюнча түшүндүрмө каты менен кайрыла алышат.
Мөөнөтү өтүп кеткен паспорттору бар адамдар:
- Кыргызстанда беш жылдан ашык жашайт.
- Документти алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок.
1994-жылкы үлгүдөгү паспорту бар же жоготкон адамдар:
- Буга чейин берилген паспортко №1 же №2 формалары жок.
Убактылуу инсандык күбөлүгү бар адамдар:
-
- Документ 2 жылдык мөөнөткө жарактуу болгон.
- Эгерде сиз Кыргызстанда жашасаңыз, арызды жашаган жериңиз боюнча калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнө же Калкты тейлөө борборуна арыз бересиз.
- Эгерде чет өлкөдө жүрсөңүз, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесине кайрылыңыз.
- Талапкердин инсандыгын тастыктаган документтер (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк).
- Толук өмүр баян.
- Ак түстөгү фонго тартылган 4×6 см өлчөмүндөгү эки сүрөт.
- Кыргыз Республикасында туруктуу жашаганын тастыктоо үчүн төмөнкү документтердин бири:
- Каттоосу бар паспорт.
- Жашаган жеринен алынган маалымкат.
- Окуган, иштеген жеринен алынган маалымкат.
- Кварталдын, үй комитетинин же айыл башчысынын милициянын участкалык инспектору жана арыз ээсинин үч кошунасы катышкан актысы.
- Үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документ (никеге туруу же бузуу тууралуу күбөлүк).
Арыз электрондук система аркылуу кызматкер тарабынан толтурулат
- Талапкерди идентификациялоо:
- Жеке идентификациялык номерди (ЖИН) текшерүү.
- Эгерде ЖИН жок же бир нече ЖИН аныкталса, кызматкерлер жеке номурду берүү же оңдоо боюнча өтүнүч түзүшөт.
- Документтерди текшерүү жана кабыл алуу:
- Кызматкер бардык документтердин мыйзамга ылайыктыгын текшерет.
- Зарыл документтер жок болсо, арыз ээсине түшүндүрмө берилет жана аларды 10 жумуш күнү ичинде алып келүү талап кылынат.
- Жасалма документтер табылса, акт түзүлүп, улуттук коопсуздук органдарына маалымат берилет.
- Жарандыкты аныктоо боюнча комиссия:
- Документтерди карап чыгып, жарандыкка тиешелүүлүгүн аныктайт.
- Керек болгон учурда тиешелүү органдарга, анын ичинде чет өлкөлөргө суроо-талап жөнөтөт.
- Кароонун мөөнөттөрү:
- 30 календарлык күндөн ашпайт.
- Эгерде башка өлкөлөрдөн маалымат алуу талап кылынса, мөөнөт 6 айга чейин узартылышы мүмкүн.
- Оң чечим кабыл алынган учурда:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүк тууралуу маалымкат берилет.
- Эми жаран паспорт алса болот.
- Терс чечим кабыл алынган учурда:
- Баш тартууга эмне негиз болгонун түшүндүргөн кат берилет.
- Жаңы жагдайлар пайда болсо, бир жылдан кийин кайрадан кайрылууга болот.