Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кылмыш иши токтотулган учурда “соттолгон эмес” деген маалымкатты ала аламбы?

ID1954
Көрүүлөр: 62
Актуалдуу: 11-07-2024
QR Code

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесине ылайык, кылмыш иши ар кандай негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн. Алар реабилитациялык жана реабилитациялык эмес жагдайларга бөлүнөт. Кылмыш иши токтолган учурда соттолгондук/соттолбогондук тууралуу маалымкатка ушул эки жагдай таасир этет. 

Төмөнкү учурларда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш кыскартылууга жатат:

1) кылмыш окуясы болбогондо;

2) жосунда кылмыш курамы болбогондо;

3) залал келтирген жосун укук чегинде болгондо: зарыл коргонуу; аргасыз зарылдык; күчтөп же психикалык мажбурлоо; кылмыш жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;

4) белгиленген учурларда жабырлануучунун арызы жок болгондо;

5) соттун, адамга карата ошол эле айыптоо боюнча күчүнө кирген мыйзамдуу өкүмү же болбосо соттун кылмыш куугунтугунун мүмкүн эместигин белгилеген жокко чыгарылбаган башка чечими болсо;

6) тергөөчүнүн, прокурордун жакка карата ошол эле жосун боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө жокко чыгарылбаган токтому болсо;

7) каза болгонду реабилитациялоо же башка адамдарга карата ишти тергөө үчүн өндүрүш зарыл болгон учурларды кошпогондо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата;

8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;

9) Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан жакка карата;

10) жосундун декриминалдашуусуна байланыштуу;

11) эгерде ал жасалган жосун үчүн жаза колдонууну жокко чыгарса мунапыс актысынын натыйжасында;

12) кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенде;

13) тараптар элдешсе;

14) прокурор соттук териштирүү маалында айыптоону колдоодон баш тартса. 

1-6, 8, 10 жана 14-пункттарда көрсөтүлгөн жагдайлар реабилитациялык болуп саналат – маалымкат “соттолгон эмес” деп берилет. 

Реабилитациялык деп саналган пункттарды дагы бир ирет эске сала кетели: 

  1. Кылмыш окуясынын жоктугу.
  2. Акттын курамында кылмыштын жоктугу.
  3. Залал келтирген жосун укук чегинде болгондо: зарыл коргонуу; аргасыз зарылдык; күчтөп же психикалык мажбурлоо; кылмыш жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу. негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу.
  4. Мыйзамда каралган учурларда жабырлануучунун арызынын жоктугу.
  5. Ошол эле айыптоо боюнча күчүнө кирген соттун өкүмүнүн же кылмыш куугунтугу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган башка сот чечиминин болушу.
  6. Ошол эле акт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же токтотуу жөнүндө тергөөчүнүн же прокурордун күчүн жоготпогон токтому.
  1. Кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата.

10. Жосундун декриминалдашуусуна байланыштуу. 

14. Прокурор соттук териштирүү маалында айыптоону колдоодон баш тартса. 

Ушул айтылган негиздер боюнча кылмыш иши токтотулса, маалымкатта “соттолгон эмес” деп көрсөтүлөт. 

Ал эми башка негиздер боюнча, мисалы, тараптар элдешкенде (13-пункт), мындай маалыматтар соттолгондугу тууралуу маалымкатта көрсөтүлөт. Тараптардын элдешүүсү реабилитациялык жагдай болуп саналбайт, ошондуктан бул маалымат тиешелүү жазууларлда сакталат​​​​.

Кошумча караңыз:

Менин соттуулугум бар. Бул жагдай жашоомо кандай таасир этет?




    Окшош суроолор