Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Менин соттуулугум бар. Бул жагдай жашоомо кандай таасир этет?

ID1247
Көрүүлөр: 106
Актуалдуу: 11-07-2024
QR Code

Соттолгондук – бул кылмыш иши менен байланышкан статус. Адам кылмыш иши үчүн күнөөлүү деп табылып, соттолгон учурда пайда болот. Соттолгондук расмий документтерге катталат жана кээ бир жагдайларда адамдын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн чектеши ыктымал. Мисалы, соттолгон киши анык бир кызматтарды ээлей албайт. 

Эгерде жаран абакка кесүү жазасы каралбаган анча оор эмес кылмышы үчүн соттолсо, анда анын соттуулугу жок деп саналат. 

Башка учурларда сот өкүм чыгаргандан кийин адам соттолгон деп саналат жана соттуулугун жойгонго чейин статусу алынбайт. 

Соттуулукту алып келчү кылмыштарды үчкө бөлсө болот: 

Анча оор эмес кылмыштар: 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланган атайылап жасалган жосундар жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон этиятсыз жосундар.

Оор кылмыштар: 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган атайылап жасалган аракеттер.

Өзгөчө оор кылмыштар: 10 жылдан ашык эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган атайылап жасалган жосундар.

Эгерде соттун өкүмү менен күнөөлүүгө пробациялык көзөмөл белгиленсе, анын соттуулугу пробациялык көзөмөл аяктаган күнү жоюлат.

Кылмыш жасаган адам “соттуулугу жок, соттуулугу жоюлган” деп саналыш үчүн ал жазасын өтөп бүткөн күндөн тарта кайсы бир убакыт өтүшү керек: 

– үч жыл – анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;

– жети жыл – оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;

– он жыл – өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.

Эгерде соттун өкүмү менен күнөөлүүгө пробациялык көзөмөл белгиленсе, анын соттуулугу пробациялык көзөмөл аяктаган күнү жоюлат.

Соттуулукту жоюу кылмыш жасоонун жазык-укуктук кесепеттерин жокко чыгарат.

Соттуулугу бар адамдарга айрым чектөөлөр колдонулат, мисалы: 

  • соттуулугу жоюлбаган адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жумушка алынбайт;
  • соттуулугу барлар соттуулугу жоюлуп же алынган күндө да Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттун судьялары боло алышпайт;
  • кылмыш иши үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлуп же алынган күндө да укук коргоо органдарына жумушка кире албайт;
  • кылмыш иши үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлуп же алынган күндө да прокуратура органдарына жумушка кире албайт. 




    Окшош суроолор