Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы иш-аракеттер кылмыш деп саналбайт?

ID1447
Көрүүлөр: 94
Актуалдуу: 08-05-2024
QR Code

Адамдын иш-аракети кылмыш деп эсептелбей турган бир катар жагдайлар бар. Алардын ар бирине кыскача токтолуп өтөлү. 

Адам өзүн, жакындарын, мүлкүн, үй-жайын коркунучтан, кол салуудан коргогон учурда анын аракети кылмыш деп саналбайт. Бирок коргонуу негиздүү чектен ашпашы керек. Мисалы, кол салуу ал адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан болсо, коргонуу ошол коркунучтун деңгээлине жараша болушу шарт. 

Түндөсү бейтааныш бирөө үйдүн эшигин ачууга аракет кылып жатат дейли. Муну үй ээси байкап калды. Ал кол салуучуга эскертүү берип, өз жолуң менен кетип кал деди. Бирок “конок” эшикти ачуу аракетин уланта берди. Кожоюн өзүнө жана үй-бүөсүнө коркунуч жаралганын сезип, үйүнө кирип келе жаткан кишини колуна тийген таяк менен чапты. Жыйынтыгында кол салуучу киши жаракат алды. Бул учурда үй ээсинин аракети мыйзамдуу, керектүү коргонуу болуп саналат. 

Эгерде адам өзү жана башкалар үчүн олуттуу зыяндын алдын алам деп аракеттенсе, анын жоругу кылмыш деп саналбайт. Бирок адамдын жакшы ой менен жасаган ишинин зыяны кылмыш кесепетиндеги зыяндан ашпашы керек. 

Токой тараптан башталган өрт калктуу конушка карай тез жайылып жатат дейли. Мындагы тургундардын бири өрттү токтотуш үчүн трактору менен өрткө каршы тилке жасамай болду. Бул үчүн ал башка жашоочулардын чакан курулуштарын жана тамаркаларын бузууга аргасыз болду. Трактор ээси башкалардын мүлкүн бузган менен олуттуу зыяндын алдын алып жатат. Ал кыштактагы адамдардын өмүрүн жана үйлөрүн сактап калды. 

 Басым же коркунуч алдында жасалган аракети үчүн адам кылмыш жообуна тартылбайт. 

Мисалы, бир адамга экинчи бирөө курал такап, өлтүрөм деп коркутуп, банкты тоноп чыкты деп буйрук берди. Өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч турган үчүн ал адам банкты тоноого аргасыз болду. Ал өз аракетин коркунучтан улам көзөмөлдөй албаган үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. 

 Эгерде адам башка бирөөнү кылмыш кылып жаткан жеринен же кылмыш жасагандан кийин дароо кармап, шектүүнү бийликке өткөрүп берүүнү максаттаса, анын аракети кылмыш деп саналбайт. 

Сатуучу кардарлардын бирөөсү уурулук жасап, дүкөндөн олжосу менен чыгып кетүүгө аракеттенип жатканын көрүп калды. Сатуучу уурунун жолун тороп, милиция келгенче ордуңдан жылбай тур деди. Ууру болсо качууга аракеттенүүдө, бирок сатуучу физикалык күч колдонуу менен аны кармап калды. Бул учурда сатуучунун аракети мыйзамдуу. Ал кылмышкерди кармап турууга керектүү чараларды колдонду. 

Адам өзүнүн мыйзам алкагындагы милдеттерин же берилген буйруктарды аткарып жатып зыян келтирген болсо, анын аракети кылмыш деп саналбайт. Бирок анын аракети өзүн-өзү акташ керек. 

Буга милициянын аракети мисал боло алат. Шектүү каршылык көрсөтүп, качууга аракеттенип жатат. Милиция кызматкери күч колдонуу менен аны кармады. Милиция өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында аракеттенип, коркунучка ылайыктуу күчүн колдонсо, шектүү жаракат алган күндө да тартип сакчысынын аракети мыйзамдуу болот.

 Эгерде адам кандайдыр бир маанилүү социалдык максатка жетиш үчүн эч бир айла таппай, тобокелдикке барса, андай аракеттер мыйзамдуу деп саналат. 

Мисалы, дарыгер өтө оор абалдагы бейтапка карата мурда сыналбаган, жыйынтыгы кайда болору белгисиз эксперименталдык дарылоону колдонмой болду. Себеби стандарттык дарылоо жыйынтык берген жок. Эми бир арга кылбаса, бейтап көз жумушу мүмкүн. 

Дарыгер бардык тобокелдиктерди карап чыгып, маселени бейтап же анын жакындары менен талкуулап, алардын макулдугун алган соң эксперименталдык дарылоого киришти. Дарылоо олуттуу тобокелдикти жаратса да, дарыгердин аракети мыйзамдуу деп саналат.

 Эгерде адам атайын тапшырманы аткаруу учурунда, мисалы, атайын операция маалында кандайдыр бир зыян келтирсе, ал жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 




    Окшош суроолор