Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Укук бузуу деген эмне жана мындай иштерди кароонун негизги өзгөчөлүктөрү кандай?

ID1603
Көрүүлөр: 88
Актуалдуу: 23-05-2024
QR Code

Укук бузуу – бул мыйзамды бузуучу жорук, кылмыш иши деп эсептегидей олуттуу эмес. Мисалы, жол чырактан кызыл күйүп турганда өтүп кетүү же тыюу салынган убакыт аралыгында ашыкча ызы-чуу жаратуу. Башка бир мисал – үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын кесепетинде жабырлануучунун саламаттыгына олуттуу зыян болбосо, зомбулук көрсөткөн кишинин жоругу укук бузуу деп саналат. Мындай аракеттер үчүн адатта айып пул салынат же эскертүү берилет. 

Жеке жактар: Кыргызстандын 16 жаштан өйдө жарандары жана чет өлкөлүктөр.

Юридикалык жактар: Кыргызстанда катталган компаниялар, өлкө аймагында иштеген чет өлкөлүк компаниялар, ошондой эле жеке ишкерлер.

Чиновниктер: мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, армияда жана башка күч түзүмдөрүндө расмий иштеген адамдар.

Укук бузуу атайылап жасалган болушу ыктымал. Айталы, адам өзүнүн аракети менен зыян алып келиши мүмкүн экенин билген жана ушуну каалаган.

Укук бузуу ошондой эле этиятсыздыктан болушу ыктымымал, адам ыктымалдуу кесепетти алдын ала билбей калышы мүмкүн, бирок алдын алса болмок.

Кызматкери өз аракетинин укукка жат экенин аңдап туруп, бирок баары бир ошол аракетке жол берсе, юридикалык жактар күнөөлүү деп саналат.

  • Райондук жана шаардык соттор;
  • Министрликтер жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде;
  • Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка шайлоо комиссиялары;
  • Улуттук банк;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Бул органдар атайын комиссияларды түзө алышат, алар ошондой эле укук бузуулар боюнча иштерди кароого укуктуу. Мындагы кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүп, токтом чыгарып жана жаза колдоно алат. 

Прокурор укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо процессинде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт. Прокурордун төмөндөгүдөй укуктары бар:

  • Укук бузуулар жөнүндө иш козгоо;
  • Иштерди кароого катышуу жана өтүнүчтөрдү берүү;
  • Иштин бардык материалдарын алуу;
  • Иштерди кароодо мыйзам бузууларды оңдоону талап кылуу;
  • Башка кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган мыйзамсыз же негизсиз чечимдерди жокко чыгаруу;
  • Мыйзамсыз кармалган адамдарды бошотуу;
  • Укук бузуулар боюнча сот чечимдерине даттануу.



Укуктары:

  • Өз укуктары жана ишти кароонун тартиби жөнүндө маалымат алуу.
  • Ишти кароо күнүн, убактысын жана ордун билүү.
  • Ишти кароого жеке өзү же өкүлү аркылуу катышуу.
  • Иштин материалдары менен таанышуу, документтерди көчүрүү жана чечимдер жөнүндө маалымат алуу.
  • Далилдерди келтирип, билдирүүлөрдү жасоо.
  • Башка катышуучулардын материалдарына же аргументтерине каршы пикирлерин билдирүү.
  • Эгерде зарылчылык каралса, судьяны же мекеменин өкүлүн четке кагуу.
  • Ишке башка адамдардын катышуусун сурануу.
  • Мамлекеттик юридикалык жардам алуу. 
  • Керектүү документтерди жана маалыматтарды суроо.
  • Өз эсебинен экспертиза жүргүзүүнү сурануу.
  • Ишти кароону которууну же аны узартууну сурануу.
  • Котормочунун же адвокаттын кызматын колдонуу.
  • Иштин чечими менен таанышып, токтомдун көчүрмөсүн алуу.
  • Иш боюнча чечимге даттануу.

Милдеттери:

  • Өздүгүн тастыктоо жана жашаган жери тууралуу маалымат берүү.
  • Байланыш маалыматтарындагы же жашаган жериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө сотко же ыйгарым укуктуу органга кабарлоо.
  • Отурумга келе албай турганын, буга эмне себеп экенин сотко же ыйгарым укуктуу органга билдирүү.



Укук бузуу боюнча иште өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чаралары бар:

  1. Аба-ырайынан улам же керектүү каражаттын, документтердин жоктугунан улам кылмышкерди протокол түзүлө турган жерге жеткирүү.
  2. Коопсуздукту камсыз кылуу жана ишти туура кароо үчүн кыска мөөнөткө камакка алуу. Жаран эң көп дегенде үч саатка кармалышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда, мисалы, согуш же өзгөчө кырдаал учурунда кармоо мөөнөтү 48 саатка чейин узартылышы ыктымал. 
  3. Адам чакырган учурда өз ыктыяры менен келбесе, аны мажбурлап алып келүү. 
  4. Тыюу салынган буюмдар бар-жогун текшериш үчүн адамдын өзүн, анын жеке буюмдарын, транспорт каражаттарын кароо. 
  5. Эгерде адам алкоголдук ичимдиктин же баңгизаттын таасири астында деп шектелсе, аны текшерүү. 

Укук бузуу үчүн жаза чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) коомдук иштер;

3) айып пул ( транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу);

4) чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү;

5) камак.

Эскертүү – адатта биринчи жолу жасалган майда кылмыштар үчүн берилет. Бул протокол менен таризделген жазуу жүзүндөгү сөгүш, анын көчүрмөсү укук бузуучуга берилет.

Коомдук иштер – укук бузуучунун негизги жумушунан же окуусунан бош болгон убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз иштерди аткаруу. Коомдук иш 8- 40 саатка чейин аныкталышы мүмүн. 16-18 жаштагыларга болсо 4-20 саат. Коомдук иштер 55 жаштан ашкан аялдарга жана 60  жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки балдары бар аялдарга, биринчи же экинчи топтогу майыптарга карата колдонулбайт. 

Иштөө шарттары:

  • Жумуш түн ичинде жүргүзүлбөшү керек.
  • Уулуу, радиоактивдүү же ден соолукка зыяндуу башка заттар колдонулбашы керек.

Айып пул – укук буузуну жасаган адамдан мамлекеттин пайдасына акча өндүрүү. Айып пулдун өлчөмү укук бузуу жасалган учурда белгиленген эсептик көрсөткүчкө жараша болот.

Айып пулдун минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү:

Жеке жактар үчүн:

Минималдуу айып: 10 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес (1000 сом).

Максималдуу айып: 200 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес (20000 сом).

Юридикалык жактар үчүн:

Минималдуу айып: 50 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес (5000 сом).

Максималдуу айып: 650 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес (65000 сом), буга өзгөчө учурлар кирбейт (мисалы, контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү, долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу).

Өлкө чегинен мажбурлап чыгаруу чет жактык жарандар Кыргызстанда жүрүүнүн шарттарын бузган учурда колдонулат. 

Камак. Укук бузуучу ички иштер органдары тарабынан аныкталган жайларда 7 суткага чейин коомдон обочо шартта кармалат. Анын максаты – кылмышкерди тарбиялоо.

Камакка алууну ким колдонот:

  • Кадимки шарттарда камакка алуу сот тарабынан дайындалат.
  • Өзгөчө кырдаалда же согуш абалында комендант камакка алышы мүмкүн.

Камакка алууну колдонууга чектөөлөр:

Балдарга, 55 жаштан ашкан аялдарга, 60 жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, 16 жашка чейинки балдары бар жалгыз бой ата-энелерге жана ден соолугу боюнча олуттуу чектөөлөрү бар адамдарга карата колдонулбайт. 

Аскер кызматчылары үчүн өзгөчө шарттар:

Аскер кызматчылары беш суткага чейин камакка алынышы жана гауптвахтада кармалышы мүмкүн.




    Окшош суроолор