Эмгек акыңызды ала албай убара тартып жүрөсүз. Жетекчилик менен маселени өз ара чечишип алуу аракети, эмгек талаштары боюнча комиссияга кайрылуу жыйынтык бербей жатат. Кол куушуруп отуруп калууга эрте. Сиз маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды сот аркылуу өндүрө аласыз.
Айлык алууга укугуңуз бар экенин далилдеген бардык документтерди чогултуңуз:
- паспорт көчүрмөсү;
- эмгек келишими;
- жумушка алуу буйругу;
- эмгек убактысынын табели;
- эмгек акыны төлөө ведомосту;
- эмгек акы жөнүндө маалымкат;
- эмгек акыңыз, сый акыңыз канча болушу керектигин жазуу жүзүндө эсептеңиз;
- сиз иштеген мекемеде сый акыларды төлөө тууралуу жобонун көчүрмөсү.
Көңүл буруңуз! Бул зарыл документтердин милдеттүү жана толук тизмеси эмес. Кырдаалга жараша иш тутуңуз.
Кечиктирилген эмгек акыңыз менен кошо кечиктирилген ар бир күн үчүн компенсация төлөнүшү керек.
Айлыгыңызды ала албай, бирок ошол мекемеде азыр да иштеп жатсаңыз, анда эсеп төмөндөгүдөй болот: айлыгыңыз 10 000 сом дейли. Мунун 0,15%ы 15 сомго барабар. Акыңыз кармалган ар бир күн үчүн 15 сом талап кыла аласыз.
Эми башка кырдаал: Сиз иштен кетип калгансыз, бирок өткөн бир жыл (же бир нече ай) үчүн айлыгыңызды ала албай жүрөсүз. Иштен кеткенге чейинки күндөр үчүн компенсация жогорудагыдай эле 0,15% өлчөмүндө эсептелет. Ошентип, иш берүүчүнүн 12 ай үчүн карызы, кармалган ар бир ай үчүн тууму, ошондой эле колдонулбаган эмгек өргүү жана башка акылар чогулуп отуруп, жалпы карыздын суммасы чыгат.
Эгерде иш берүүчү төлөмдөрдү кечиктирсе, ал ар бир кечиктирген күн үчүн жогорудагыдай тартипте эсептелген жалпы сумманын 0,5%ына барабар айып төлөйт.
Эгер сизди иштен кетиргенде эмгек китепчеңизди бербесе, анда иш берүүчүңүз документтерди берүүнү кечиктирген ар бир күн үчүн орточо бир күндүк маянаңызды төлөшү керек.
Эгерде сот сиздин пайдаңызга чечим чыгарса, иш берүүчүңүз чечимди токтоосуз аткарууга милдеттүү. Эгерде сот чечими чыкса да, айлыгыңызды бербей жатышса, анда сот аткаруучуларга кайрыласыз, алар акчаңызды мажбурлоо жолу менен өндүрүп беришет.