Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тартиптик жаза кайсы учурда колдонулат жана анын үстүнөн даттануунун жол-жобосу кандай?

ID1366
Көрүүлөр: 22
Актуалдуу: 29-04-2024
QR Code

Жумушта сизге карата тартиптик жаза колдонулду дейли. Сиз муну адилетсиз деп эсептесеңиз, чечимге каршы чыга аласыз. Алгач тартиптик жаза качан, кантип колдонуларын түшүнүп алалы да, жазага каршы даттануунун жол-жобосуна токтололу. 

Эгерде кызматкер өз милдеттерин аткарбаса же сапатсыз аткарса, иш берүүчү ага тартиптик жаза (дисциплинарное взыскание) берүүгө укуктуу. Мындай жаза кечигүү, жумушка келбей калуу, эмгек тартибин же эмгекти коргоо талаптарын бузуу, ошондой эле башка укук бузуулар үчүн болушу мүмкүн.

Тартиптик жазанын үч түрү бар: 

  • эскертүү, 
  • сөгүш,
  • жумуштан бошотуу. 

Мыйзам боюнча тартиптик жазанын башка түрлөрү каралган эмес. Эң жумшагы –эскертүү, эң катуусу — жумуштан бошотуу. Акыркысы эмгек китепчесине жазылат. Мыйзамда айыптуу жумушчу кайсы учурда кандай жаза алары так белгиленген эмес. Иш берүүчү муну жагдайга, себеп-кесепеттерге жараша өзү чечет. 

Кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тарттканда мыйзамдар так сакталышы керек. Себеби Эмгек кодекси жумушчуларды иш берүүчүнүн негизсиз аракеттеринен коргойт. 

Тартипке тартуунун жол-жобосу төмөндөгүдөй, эгер бир эле шарт бузулса, жумушчу иш берүүчүнүн чечимине каршы чыга алат: 

Жазуу жүзүндөгү түшүнүк кат: алгач жумуш берүүчү кызматкерден жазуу түрүндөгү түшүнүк катты талап кылат. Эгер кызматкер эки жумушчу күндүн ичинде түшүнүк катты бербесе, иш берүүчү “түшүнүк кат жазуудан баш тартты” деген актыны түзөт.

Иликтөө жүргүзүлөт: андан кийин кызматкердин жоругу боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт, иликтөөнүн жыйынтыгы эмгек тартибин бузуу актысында жазылат.

Буйрук чыгарылат: актынын же иликтөөнүн негизинде иш берүүчү жазанын себебин жана түрүн көрсөтүү менен тартиптик буйрук чыгарат.

Кызматкер буйрук менен таанышат: буйрук чыккан учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде кызматкерге берилет жана ал буйрукту алганын ырастап кол коет. Эгерде кызматкер иште жок болсо, таанышуу мөөнөтү ал жумушка кайтып келген күндөн тартып эсептелет.

Мөөнөттөрдү сактоо: кызматкердин жоругу аныкталгандан бир айдын ичинде, бирок жорук жасалган күндөн алты айга чейинки мөөнөттө тартиптик жаза берилиши керек. Эгер кызматкердин айыбы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталса, анда тартиптик жазага тартуу мөөнөтү 2 жылга чейин узартылат. 

  • Кызматкердин өз айыбы тууралуу түшүнүк каты же анын түшүнүк кат жазуудан бар тартканы боюнча тузүлгөн акты.
  • Ички иликтөөнүн корутундусу же эмгек тартибин бузуу актысы.
  • Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук.
  • Кызматкер белгиленген мөөнөт аралыгында тартиптик жаза тууралуу буйрук менен таанышканын ырастаган документ. Эгер кызматкер буйрук менен таанышуудан баш тартса, анда кошумча акт. 

Бул документтердин бирөөсү эле жок болсо, тартиптик жазаны мыйзамсыз деп табууга негиз болушу мүмкүн.

Тартиптик жаза чыккан күндөн тартып бир жыл бою күчүндө болот. Эгерде ушул мезгил ичинде кызматкер жаңы жаза албаса, анда ал тартип жазасына тартылбаган кызматкер болуп калат.

Иш берүүчү өз демилгеси же кызматкердин өтүнүчү боюнча, ошондой эле өкүлчүлүктүү органдардын же кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин сунушу боюнча жазаны мөөнөтүнөн мурда ала алат.

Тартиптик жазанын үстүнөн даттануунун бир нече жолу бар: сотко доо арыз берүү, эмгек инспекциясына арыз жазуу, эмгек комиссиясына кайрылуу же талашты медиация аркылуу чечүү. Эгерде уюмда эмгек комиссиясы жок болсо, калган жолдор пайдаланыла берет. Кайсы жолду тандоону кызматкер өзү чечет.

1-кадам: Эмгек комиссиясына кайрылыңыз

Эмгек комиссиясына арыз эркин формада жазылат. Кызматкер тартипктик жазага тартылганда укуктары бузулганын билген күндөн тарта үч айдын ичинде комиссияга кайрыла алат.  Арызда көйгөйдү так баяндап,  аргументтерин келтириши зарыл. Арыздын аягында талаптарды көрсөтүп, документке кол коюш керек.

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечими иш берүүчү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Даттануу үчүн берилген он күндүк мөөнөт аяктагандан кийин үч күндүн ичинде чечим аткарылышы керек.

2-кадам: Сотко кайрылыңыз

Эгерде сиз комиссиянын чечимине макул болбосоңуз же комиссияны айланып өтүп, дароо сотко кайрылгыңыз келсе, анда сиз жашаган жериңиздеги сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Доо арыздын үлгүсүн макаланын аягынан жүктөп алууга болот.

Доого төмөнкү документтер тиркелиши керек:

  • Паспортуңуздун көчүрмөсү.
  • Эмгек келишими.
  • Жумушка алуу буйругунун көчүрмөсү.
  • Жаза чарасын колдонуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
  • Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын же Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер бөлүмүнүн чечиминен көчүрмө.
  • Сиздин позицияңызды тастыктаган документтер, мисалы, жубайыңыздын оорусуна байланыштуу жумушка кечигип калсаңыз, медициналык справка тиркелиши мүмкүн.
  • Доо арызынын көчүрмөлөрү иштин башка катышуучуларына жөнөтүлгөнүн ырастоо, мисалы, почта квитанциясы.

Сот процессине активдүү катышып, тартиптик жаза негизсиз колдонулганын же аны колдонууда мыйзам талаптары бузулганын далилдеңиз. Эгер сиз соттун чечимине макул болбосоңуз, анда апелляциялык тартипте даттана аласыз. 




    Окшош суроолор