Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Иш учурунда кырсыктадым. Кенемтени кантип алам? 

ID1356
Көрүүлөр: 24
Актуалдуу: 26-04-2024
QR Code

Кызматкердин жумуш милдеттерин аткарып жатып алган жаракаты өндүрүштүк жаракат деп аталат. Кырсык иш ордунда же кеңседен сырткары жерде иш милдеттерин аткарып жүргөндө, ишкананын унаасы менен жумуш боюнча эки жакка чыкканда болушу ыктымал. Ишкана менен эмгек келишимин түзбөй иштеп жүргөндөр да расмий жумушчулар сыяктуу эле бул жааттагы өз укуктарын коргой алышат. 

Олуттуу жаракат алсаңыз, тез жардам кызматын токтоосуз чакырыңыз. Анча оор эмес жаракат болсо, ошол күндөн калбай дарыгерге кайрылыңыз. Бул ден соолугуңуз үчүн да, жаракатты күбөлөндүрүү үчүн да маанилүү. 

Эгер зарыл болсо жана абалыңыз жол берип турса, күбөлөрдүн телефон номурларын жазып алыңыз. 

Кырсык тууралуу жетекчиңизге же жооптуу кызматкерге кабар берүү керек. Бул – окуяны расмий каттоо жана алдыдагы иликтөө иштери үчүн маанилүү кадам. 

Сиз биринчи кезекте алышыңыз керек болгон документ – эмгекке убактылуу жарамсыздык кагазы (больничный лист). Бул документ жаракат алганыңызды, убактылуу иштей албай турганыңызды далилдейт. 

Ооруканага барганда жаракатты жумуш учурунда алганыңызды дароо айтыңыз. Медиктер алкоголго тест жүргүзүшөт, жаракат оор же жеңил экенин аныкташат. 

Эмгекке жарамсыздык кагаздын мөөнөтүн карай жүрүңүз. Аны узартуу өз убагында болушу керек. Мөөнөтү өтүп кеткен кагаз узартылбайт. Сиздин башкы милдетиңиз – дарыгерге тынбай барып, дарылануудан өтүү.  



Өндүрүштүк жаракат боюнча каралган кенемтени (компенсацияны) алыш үчүн бардык документтерди туура бүтүрүү абдан маанилүү. Кагаз иштеринде ката кетсе, кенемте төлөөдөн баш тартып коюшу мүмкүн. 

Эгер сиз өз алдыңызча ары-бери жүрүп, кагаз иштерине чуркай албасаңыз, жакын кишилердин бирине бул жоопкерчиликти тапшырыңыз. Ага нотариустан ишеним кат тууралаш керек, ошондо ал түрдүү инстанцияларда сиздин кызыкчылыктарыңызды коргоого расмий укук алат.

Өндүрүштүк жаракатты иликтеш үчүн комиссия түзүлөт. Ага иш берүүчүнүн өкүлү, эмгекти коргоо боюнча адис, профсоюз өкүлү, сиздин түздөн-түз жетекчиңиз же кесиптешиңиз, керек учурда медициналык кызматкер кирет. Өзүңүз же өкүлүңүз иликтөөгө катышып, иш материалдары менен тааныша аласыздар. 

Комиссия окуя кандай кырдаалда болгонун, себептерин анализдейт, коопсуздук нормалары канчалык сакталганын жана башка жагдайларды баалайт.  

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен акт түзүлөт. Ал жабырлануучуга кенемте төлөө сыяктуу кийинки аракеттерде колдонулат. 

Эмгек коопсуздугу жетишттүү деңгээлде болбой же эмгекти коргоо эрежелери сакталбаганы үчүн кырсык жүз берген болсо, күнөө иш берүүчүдө деп саналат. 

Эгерде кырсыкка кызматкердин өтө этиятсыздыгы себепчи болсо, анда эки тарап тең жоопкерчиликте болот да, кенемтенин көлөмү жумушчунун күнөөсүнүн үлүшүнө карап азаят. Мунун баарын комиссия аныктайт. 

Эгер кырсыкка кызматкердин күнөөсү гана себепчи болсо, бирок ошол эле учурда эмгек шарты коопсуз болбосо, анда кенемтенин көлөмү азайтылат, бирок кенемте төлөдөн таптакыр баш тартууга жол берилбейт. 

Комиссия актыны түзөт, көчүрмөсүн сизге берет. Ал кенемте өндүрүүдө негизги документ болот. 

Комиссиянын чечимине макул болбосоңуз, мамлекеттик көзөмөл органдарына, эмгек инспекциясына же сотко кайрыла аласыз. 

Медициналык социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) эмгекке канчалык жарамсыз экениңизди баалап, майыптуулуктун тобун аныктайт. Экспертиза өткөрүүнү иш берүүчүңүз, эмгек инспекциясы, медициналык мекеме, сот, сиз өзүңүз же сиздин өкүлүңүз демилгелесе болот. 

 МСЭК үчүн керектүү документтер:

  • Паспорт (түпнускасы жана көчүрмөсү)
  • Эмгек китепчеси (түпнускасы жана көчүрмөсү)
  • Эмгекке убактылуу жарамсыздык баракчасы (больничный лист)
  • Диагнозуңузду жана дарыланганыңызды ырастаган медициналык кагаздар
  • Жумуш шартыңызды сүрөттөгөн өндүрүштүк мүнөздөмө
  • МСЭКке багыттама, №088у формасы
  • Кырсыкты иликтөө актысы
  • Дагы башка керектүү документтер. 

МСЭК документтерди алгандан кийин экспертиза өтчү күндү белгилейт. Анын жүрүшүндө сиздин физикалык жана психологиялык абалыңызды баалашат. Жыйынтыгы 5 күндүн ичинде чыгат, сизге маалымкат жана күбөлөндүрүүнүн актысынан көчүрмө беришет. Эгерде сиз МСЭКтин чечимине макул болбосоңуз, анда МСЭКтин жогорку органына же сотко даттана аласыз.  

  1. Иштей албай, андан улам ала албай калган айлыкты же анын бөлүгүн төлөнөт;
  2. Кошумча чыгымдарды (мисалы, дарыланууга кеткен чыгымдарды) төлнөт;
  3. Анык бир учурларда бир жолу төлөнүүчү жөлөк пул чегерилет;
  4. Моралдык зыян үчүн төлөнөт. 

Келтирилген зыянды төлөп берүү тууралуу арызды иш берүүчүңүзгө бересиз. Кырсыктан бери канча күн өткөнү маанилүү эмес. Иш берүүчүңүз сизге керектүү документтерди чогултууга, зарыл болсо башка мекеме-уюмдардан кагаздарды сурап берүүгө милдеттүү. 

Арызга төмөндөгү документтерди тиркейсиз: 

  1. МСЭКтин эмгекке жарамдуулукту канчалык жоготконуңуз боюнча корутундусу;
  2. МЭКтин же медициналык мекеменин медициналык, социалдык жана профессионалдык реабилитацияга муктаж деген корутундусу;
  3. Иш берүүчүнүн талабы менен башка документтер. 

Эгерде сиз же дагы башка кызыкдар адамдар кааласа, профсоюздун же дагы башка тийиштүү мекеменин өкүлдөрү иш берүүчү менен сүйлөшүүлөргө жабырлануучунун атынан катыша алышат. 

Иш берүүчүңүз 10 күндүн ичинде зыянды төлөп берүү тууралуу арызыңызды карап, чечим кабыл алышы керек. Чечимде сиздин аты-жөнүңүз, канча акча кайсы убакытка чейин төлөнүп берилери жазылат.

Чечим оң болобу же терспи, кызыкдар тараптарга көчүрмөсү берилиши керек.

Эгерде кароону кечиктирип жатышса, зыянды төлөөдөн баш тартты деп негиздесе болот жана маселени сотто чечесиз. 

Иш берүүчү арызыңызды карап, оң чечим кабыл алды дейли. Жогоруда айтылган төрт жагдай боюнча акча аласыз. Биринчиси – жоготулган айлык акы. Бул эмнени түшүндүрөт? Сиз эмгекке жарабай калып, иштей албай калдыңыз, ага улай айлык акы да жок. Бирок сизге иш берүүчү баарын төлөп берет. Жаракат алганга чейинки акыркы 12 айдагы айлыгыңыздын жалпы суммасын кайра эле 12 айга бөлүшөт да, орточо маянаңызды табышат. 

Эгер 12 айга жетпеген мөөнөттө иштеген болсоңуз, канча ай иштесеңиз, ошончо ай боюнча айлыкты алышат да, 12ге бөлүшөт.

 Эгерде айлык-акы тууралуу документтер жок болсо, анда минималдык айлыктын беш эселенгенин алышат да, ошол менен эсеп-кысап жүргүзүлөт. Эгерде орточо айлык минималдык акынын беш эселенгенинен аз болсо, анда минималдык айлыктын беш эселенгенин алышат. 

Эгерде сизди алган жаракатыңыздан улам дарыгерлердин көрсөтмөсү менен анча оор эмес жумушка убактылуу которуп жатышса, айлыгыңыз мурдагы бойдон эле сакталат. 

Эгерде сиз жаракатыңыздан улам дарыгердин же МСЭКтин сунушу менен жаңы кесипти үйрөнсөңүз, анда иш берүүчүңүз окууңузду төлөп берет, андан сырткары айлыгыңыз да сакталат. 

Иш берүүчүңүз айлыктан сырткары кошумча чыгымдарыңызды да төлөп берет. Буга атайын тамактануу, дары-дармек, протездөө, санаторияда дарылануу, транспорт жана аны оңдоо, дагы башка чыгымдар кириши мүмкүн. Эгерде атайын медициналык жабдуу же кызмат керек болсо, иш берүүчү аны да көтөрөт. Мындай чыгашалардын көлөмү чектер же жергиликтүү баалар менен аныкталат. Эгерде сиз бирөөнүн кароосуна муктаж болсоңуз, ага да кошумча каражат төлөнөт. 

Ошондуктан ар бир чыгашаңызды далилдеш үчүн чек, квитанцияларды чогултуңуз. Бул сизге чыгымдарыңызды толугу менен өндүрүп алганга жардам берет. 

Иш берүүчү сизге бир жолу төлөнүүчү жөлөк пулду да чегерет. Анын көлөмү жабырлануучу эмгекке жарамдуулугун канчалык жоготконуна, майыптыгынын тобуна жараша болот жана коллективдүү келишим менен аныкталат. Майыптыктын тобуна карап төмөндөгүдөй жөлөк пул төлөнөт:

  • III топтогу майыптык үчүн – орточо жылдык кирешенин үч эселенгени;
  • II топтогу майыптык үчүн – орточо жылдык кирешенин беш эселенгени;
  • I топтогу майыптык үчүн – орточо жылдык кирешенин он эселенгени.

Иш берүүчү сизге келтирилген моралдык зыянды да төлөп бериши керек. Анын өлчөмүн тараптар келишип алса болот же сот аныктап берет.  

Иш берүүчүңүздүн зыянды төлөө боюнча чечимин макул көрбөсөңүз, анын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл органдарына же профсоюзга даттана аласыз.

Эгер иш берүүчүңүз бул органдардын чечимине макул болбосо, ал да даттана алат, бирок бул жагдай зыянды төлөп берүүнү токтотпойт.

Эгерде маселе көзөмөл органдары аркылуу чечилбей жатса, сотко кайрылсаңыз болот. Кааласаңыз сотто сизге профсоюз уюму колдоо көрсөтө алат. 




    Окшош суроолор