Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулду кантип алса болот?

ID1058
Көрүүлөр: 87
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code

Эмгекке жарамсыздык баракчасы (бюллетень, больничный лист) оорудан, жаракаттан же кош бойлуулуктан улам иштөөгө убактылуу жөндөмсүздүктү тастыктайт. Медициналык мекеме берген ушул баракчанын негизинде эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул алса болот.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төмөнкүлөргө төлөнөт:

  • иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга;
  • жеке ишкерлерге;
  • дыйкан (фермер) чарбаларынын (ДФЧ) мүчөлөрүнө.

Жөлөк пул алууга укук:

  •  кызматкерлер үчүн эмгек мамилелери келип чыккан күндөн тартып келип чыгат жана эмгек келишими аяктаган күнү токтотулат;
  • жеке ишкерлер – салык төлөгөн, патент алган же салык контрагын түзгөн айдан тартып келип чыгат жана алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтотулат;
  •  ДФЧнын мүчөлөрү – жер участогуна жеке менчик укугу белгиленген учурдан тартып келип чыгат.

 Жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепте турган жарандарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул дайындалат. 

Жөлөкпул дайындоого саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы негиз болуп саналат.

 Жөлөкпул төмөнкү учурларда берилет:

  • ооруганда жана мертингенде;
  • үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн жана баланы багууда;
  • карантинде;
  • санаторий-курорттук дарыланууда жана медициналык реабилитациялоодо;
  • протездөөдө (ортопедиялык);
  • кош бойлуулук жана төрөттө.

Бул баракчаны медициналык мекемелердин ыйгарым укуктуу дарыгерлери гана жаза алышат. Каттоо дарыгер жарандын эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган күндөн тарта башталат.

Жөлөк пулду эсептөөдө эмгек стажы эске алынат, акыркы үч айдагы орточо күндүк эмгек акысы ошол аралыктагы жумуш күндөрүнүн санына бөлүнөт.

Орточо күндүк эмгек акы – бул убактылуу эмгекке жарамсыздыкка чейинки үч айлык эмгек акынын ошол мезгилдеги жумуш күндөрүнүн санына бөлүнгөн суммасы. 

Мисалы, Асан бюллетенди 1-ноябрда ачты. Мурунку үч ай: август, сентябрь жана октябрь. Ал жалпысынан үч айда 45 миң сом тапкан. Бул сумманы ушул 3 ай ичинде болгон жумуш күндөрүнө бөлөбүз. 65 жумушчу күн болду дейли . Эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 45,000: 65 = 692.31. Асандын орточо күндүк кирешеси – 692,31 сом.

Биринчи 10 жумушчу күндүн ичинде жөлөкпулдун өлчөмү орточо күндүк эмгек акыны көбөйтүү жолу менен аныкталат:

60 пайызы – 5 жылга чейинки жалпы иш стажы бар кызматкерлерге;

80 пайызы – 5 жылдан 8 жылга чейинки жалпы эмгек стажы бар кызматкерлер;

100 пайыз – 8 жылдан ашык жалпы иш стажы бар кызматкерлерге;

Он биринчи жумушчу күндөн тартып айына 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү белгиленет, бул 10 000 сомго барабар.

Мисалы, бир айда 22 жумуш күнү болсо, анда 10000:22 = ар бир жумуш күнүнө 454,5 сом. Асандын эмгек стажы – 7 жыл. Ал 20-октябрда жумушка чыккан, башкача айтканда, бюллетенге 20 күнгө чыгарылган, анын 6 күнү дем алыш жана 14 күн жумуш күнүнө дал келген. Алгачкы 10 жумушчу күнгө  эсептейбиз: 692.31 * 10*80% = 5538.48 сом. 11-иш күндөн тартып: 454,5*4=1818 сом. Бардыгы: 5538.48+1818= 7356,48 сом.

Эмгекке жарамсыздык баракчасы иш берүүчүгө жумушка чыккан күнү көрсөтүлөт. Ал эми жөлөкпул эмгек акы менен кошо төлөнөт.

Ошондой эле, эмгек стажына карабастан, бардык иш күндөрү үчүн орточо күндүк эмгек акынын 100 пайызы өлчөмүндө жөлөкпул алууга укуктуу кызматкерлердин категориясы бар:

  •  эмгек акысы (же кирешеси) айына 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдарга;
  •  эмгектеги майыптыгынын же кесиптик оорунун натыйжасында ооруган адамдарга (анын ичинде бул оорулар күчөп же өтүшүп кеткенде);
  • бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу иштеген жана жашаган адамдарга;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;
  • СССРди коргоо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин жана кызматтык милдеттерди аткаруу учурундагы, ошондой эле Афганстанда же согуш аракеттери жүрүп жаткан башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө учурундагы жараттын же контузиянын, майыптыктын же оорунун айынан майып болгон адамдарга;
  • башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан адамдарга;
  • Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу иштерине ажыратуу зонасынын чегинде же ушул кыйроонун башка жумуштарына 1986-1989-жылдары катышкан адамдарга;
  •  нур оорусу менен ооруган адамдарга;
  • канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз тапшырган донорлорго (эркектер – жылына кеминде төрт жолу, аялдар – жылына кеминде үч жолу) канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки ай бою;
  • залалдуу шишик менен ооруган адамдарга;
  • “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдарга;
  • I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган адамдарга, Советтер Союзунун баатырларына, Социалисттик Эмгектин баатырларына, үч даражадагы Даңк орденинин жана үч даражадагы Эмгек Даңкы орденинин кавалерлерине;
  • “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелерге.

1 кадам: жумушка чыга албай калган биринчи күндөн жетекчиңизге ооруп калганыңыз тууралуу түздөн-түз кабар бериңиз. 

2-кадам: дарылоо мекемесинде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздеңиз. 

3-кадам: толук айыкканга чейин дарылоо мекемесинде дарыланыңыз.

4-кадам: эмгекке жарамсыздык баракчасын дарылоо мекемесинде жабыңыз.

5-кадам: убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн кийинки иш күнү жумушка чыгыңыз. Жумушка чыккан күнү табелдик эсепке алуу үчүн жооптуу бөлүмдүн кызматкерине баракчаны тапшырыңыз. 

Шилтемеге кириңиз: https://portal.tunduk.kg/  

 Жаралган суроолор боюнча эмгекке убактылуу жарамсыздык баракчасын тариздеген саламаттык сактоо уюмуна кайрылуу зарыл.

Эскертүү: убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын саламаттык сактоо уюмдарынан барак жабылгандан кийин алууга болот.




    Окшош суроолор