Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жер тилкесинин категориясын кантип өзгөртсө (трансформацияласа) болот?

ID1632
Көрүүлөр: 173
Актуалдуу: 19-06-2024
QR Code

Жер тилкесинин категориясын өзгөртүү (трансформациялоо) – узак, татаал процесс. Сиздин жерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүздү кеңейтүүдө негизги кадам десе да болот. Айталы, үй курууну же чарбаңызды түптөөнү көздөп жүрөсүз. Же өнөр жай долбоорун баштаганы турасыз. Эгер жердин категориясы бул иштерди жасаганга жол бербесе, анда эң биринчи кезекте тилкени трансформациялоодон баштайсыз. Бул макалада биз жер тилкесинин категориясын өзгөртүү кандай жүрөрүн айтып беребиз. 

Кыргызстандын жер фонду ар кандай типтеги жерлерден турат. Алар колдонуу максатына жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

  • Айыл чарба жерлери;
  • Калктуу конуштардын жерлери;
  • Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер;
  • Өзгөчө коргоодогу табигый аймактардын жерлери;
  • Токой фондунун жерлери;
  • Суу фонунун жерлери;
  • Запастагы жерлер.

Жер тилкесинин категориясын өзгөртүүгө негиз болуп арыз саналат. Арызды жеке жана юридикалык тараптар, ошондой эле айыл өкмөттөр жана мамлекеттик органдар бере алышат. Арыз жер тилкеси жайгашкан райондук администрацияга (акимчиликке) берилет. Ар кандай учурларда төмөндөгү тараптар тилкени трансформациялоонун демилгечиси болушу ыктымал: 

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: жер тилкеси жеке турак жай куруу үчүн которулганда. 
  • Райондук мамлекеттик администрация: район аймагындагы жерлерди запастагы жер категориясына которгондо. 
  • Министрлер кабинети: айыл чарба жерлерин башка категорияларга которгондо, токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө коргоодогу табигый аймактардын жерлерин башка категорияларга которгондо. 
  • Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары: шаар аймагындагы жерлерди запастагы жер категориясына которгондо.

Жер тилкесинин категориясын өзгөртүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • Жерге болгон укук жөнүндө маалымат.
  • Жердин учурдагы категориясы жана өлчөмү.
  • Жердин категориясын өзгөртүү себептери.

Арызга төмөндөгү документтер тиркелиши керек:

  • Жеке жактар ​​үчүн паспорттун, юридикалык жактар ​​үчүн каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү. 
  • Жерге болгон укукту тастыктаган документтин көчүрмөсү.
  • Эгерде жер “Калктуу конуштардын жери” категориясына которулуп жатса, анда куруунун башкы планы же шаар курууга тийиштүү башка документтер.
  • Айыл чарба жерлеринен которууда топурактын абалы жөнүндө корутунду.
  • Тилке бир нече адамга таандык болсо, алардын ар биринен алынган макулдук каты. 
  1. Арыз берүү: Жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө арыз тиешелүү документтер менен бирге райондук мамлекеттик администрацияга берилет. Документтер андан ары “Кадастр” ишканасынын ошол жердеги филиалына жиберилет. 
  2. Арызды кароо: “Кадастр” арызды карап, керектүү материалдарды жана документтерди даярдайт жана аларды райондук мамлекеттик администрация түзгөн комиссияга жөнөтөт.
  3. Комиссиянын чечими: Райондук комиссия документтерди карап чыгып, жер тилкесин трансформацияласа болот же болбойт деген корутундусун берет. Документтер кайрадан райондук мамлекеттик администрацияга келип түшөт. 
  4. Арыз берүүчүгө кабар берүү: Райондук мамлекеттик администрация арыз берүүчүгө документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча кабарлайт. Оң чечим кабыл алынганда, кагаздын баары “Кадастрга” жөнөтүлөт. 
  5. Жер ишин түзүү: “Кадастр” бардык керектүү кагаздарды камтып, жер ишин түзөт. Аны айыл өкмөткө жиберет. Айыл өкөт чечим чыгарып, кагаздар кайрадан акимчиликке түшөт. Мындан ары документтерди Министрлер кабинетине жиберишет. 
  6. Акыркы чечимди кабыл алуу: Министрлер кабинети акыркы чечимди кабыл алып, чечим арыз берүүчүгө жиберилет. 
  7. “Кадастр” өз системаларында жердин категориясын өзгөртүп, маалыматтарды жаңылайт. Жердин категориясы өзгөртүү иши ушуну менен аягына чыгат. Жер ээси документтерди кайрадан алып отурбайт, колундагы документтерге эле өзгөртүүгө киргизилет. Бирок эгер кааласа, документин жаңыртып бере алышат. 
  8.  




    Окшош суроолор