Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жер салыгы кантип төлөнөт? 

ID1640
Көрүүлөр: 138
Актуалдуу: 19-06-2024
QR Code

Жер салыгы – бул жер тилкелеринин ээлеринен же колдонуучуларынан алынуучу милдеттүү төлөм. Салыктын өлчөмү жер тилкесинин жайгашкан жерине, аянтына жана пайдалануу багытына жараша болот. Акча жергиликтүү бюджетке түшүп, аймактарды өнүктүрүүгө жана инфраструктураны колдоого жардам берет.

Жер салыгы төмөнкү максаттарда колдонулган жерлер үчүн төлөнөт:

  • Турак жай курулушу (үй алдындагы тилкелер).
  • Айыл чарба ишмердүүлүгү (айдоо талаалары, жайыттар).
  • Коммерциялык ишмердүлүк (дүкөндөр, кеңселер).
  • Өнөр жай, дагы башка ишмердүүлүк үчүн колдонулган жерлер. 

Жер үчүн салыктык нарк (ставка) жер тилкеси жайгашкан аймакка, анын багытына жана өлчөмүнө жараша аныкталат. Адатта алар жергиликтүү бийлик тарабынан белгиленет. Мисалы, шаарларда салыктык нарк (ставка) айыл жерлерине караганда жогору болушу мүмкүн.

  1. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер тилкесине салык сиздин документиңизде көрсөтүлгөн жер аянтына карта аныкталат. 

Мындай тилкенин бир чарчы метрине базалык нарк аймакка карап төмөндөгүдөй аныкталат: 

Калктуу конуштар

Базалык салыктык нарк (сом/чарчы метр)

1) Бишкек, Ош шаарлары

150

2) Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата шаарлары

100

3) Ушул бөлүктүн 1, 2-пункттарында каралбаган шаарлар, ошондой эле айылдык калктуу конуштарды кошпогондо, поселоктор

50

4) Айылдык калктуу конуштар

10

 

2. Айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркы төмөнкү өлчөмдөрдө тилкенин багытына жараша белгиленет:

Областтардын жана райондордун аталышы

Базалык салыктык нарк (сом/чарчы метр)

Сугат айдоо жери

Кайрак айдоо жер

Көп жылдык өсүмдүктөр

Чабындылар

Жайыттар, кысыр аңыздар

1

2

3

4

5

6

Баткен областы

Баткен району

268

41,3

149

7,7

Лейлек району

268

41,3

149

24,3

7,7

Кадамжай району

275

41,3

150

24,3

12,7

Жалал-Абад областы

Аксы району

306

56,7

193

15,9

13,6

Ала-Бука району

306

41,3

204

22,5

9,9

Базар-Коргон району

414

41,3

220

30,9

15,4

Ноокен району

453

41,3

193

24,4

15,4

Сузак району

414

41,3

220

30,9

15,4

Тогуз-Торо району

223

62,3

33

12,9

Токтогул району

239

62,3

201

30,4

12,9

Чаткал району

194

62,3

26,5

12,9

Ысык-Көл областы

 

 

 

 

 

Ак-Суу району

373

87,5

173

30,4

10,6

Жети-Өгүз району

305

74,9

168

23,8

7,7

Ысык-Көл району

280

68,6

155

23,8

7,7

Тоң району

236

39,2

119

20,4

7,1

Түп району

379

87,5

174

29,1

15

Нарын областы

Ак-Талаа району

205

37

25,1

4,5

Ат-Башы району

191

54,3

21,7

4,5

Жумгал району

196

37

25,1

4,5

Кочкор району

215

37

25,1

4,5

Нарын району

196

54,3

21,1

5,3

Ош областы

Алай району

232

62,3

27,7

5,3

Араван району

436

41,3

226

15,2

12,7

Кара-Кулжа району

232

62,3

117

27,7

5,3

Кара-Суу району

453

41,3

246

27,9

12

Ноокат району

413

62,3

233

27,8

12,7

Өзгөн району

413

62,3

235

33,7

13,9

Чоң-Алай району

183

21,1

5,5

Талас областы

 

 

 

 

 

Бакай-Ата району

318

52,5

164

7,4

Айтматов району

350

36,4

165

11,2

4,8

Манас району

331

36,4

166

11,2

4,8

Талас району

297

52,5

164

11

4,8

Чүй областы

Аламүдүн району

400

56,5

209

23,1

10,8

Жайыл району

 

 

 

 

 

а) Чүй зонасы

329

67,9

213

20,4

10,8

б) Суусамыр зонасы

189

34,5

11,3

10

Ысык-Ата району

400

74,2

213

29,7

10,8

Кемин району

354

80,5

211

29,7

10,8

Москва району

392

67,2

215

29,7

7,8

Панфилов району

362

67,2

215

23,1

7,8

Сокулук району

407

67,2

211

13,9

7,8

Чүй району

400

74,9

211

32,4

10,8





Жер салыгын кантип төлөш керек? Жол-жобосу

 Жогоруда айтылгандай, салыктын өлчөмү сиздин жер тилкеңиздин аянтына жана категориясына жараша болот. Бул маалыматтарды жерге карата укук белгилөөчү документтен таба аласыз. 

Салыктык нарк жогорудагы таблицаларда көрсөтүлгөн. Ошондой эле жергиликтүү салык кызматына кайрылсаңыз болот. Салык кызматынын сайтын: https://calculator.salyk.kg/infosti077 же Кыргыз Республикасынын Салык кодексин караңыз: https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/2264/ru .

 Формула мындай:

Салыктын наркы = Жер тилкесинин аянты × Базалык салык наркы × Аймактык коэффициент. 

Салыкты эсептөө үчүн онлайн-калькуляторду колдонсоңуз болот: https://calculator.salyk.kg/sti077 .

Үй, бак же огород жер тилкелерине мүлк салыгы өтүп бараткан жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөнүшү керек. 

Айыл чарба багытындагы жер тилкелерине салык жыл ичинде төмөнкү өлчөмдө жана мөөнөттөрдө төлөнөт:

  • 20%ы 25-апрелге чейин;
  • 25%ы 25-августка чейин;
  • 55%ы 25-ноябрга чейин. 

Салыкты банк аркылуу же интернет-банкинг системасы аркылуу онлайн төлөсө болот. Бул  үчүн сиз төлөм реквизиттерин, анын ичинде ИНН, банктык БИК, алуучунун эсеп номерин жана төлөмдүн максатын көрсөтүшүңүз керек.

Төлөм тууралуу квитанцияны же ырастаманы сактап коюңуз. Бул документ салыктык милдетиңизди аткарганыңызды тастыктайт.




    Окшош суроолор