Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Токой жерин кантип ижарага алса болот?

ID1588
Көрүүлөр: 121
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Кыргызстанда токойлор мамлекеттин менчиги болуп саналат, бирок андагы жерлерди жарандар жана компаниялар ижарага алса болот. 

Мамлекеттик токой фондуна караштуу жерлерде төмөндөгүдөй иштерге уруксат берилет: 

  1. Жер иштетүү, чөп чабуу, мал жаюу. 
  2. Бал челектерди жайгаштыруу.  
  3. Жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьену жыйноо. 
  4. Экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоо. 
  5. Токой ресурстарын кайра өндүрүү.
  6. Токойду илимий-изилдөө, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле мергенчилик чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу. 
  7. Пайдалуу кендерди иштетүү максатында жумуштарды аткаруу (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кендерди иштетүү). 
  8. Көлмөлөрдү пайдалануу.
  9. Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү.
  10. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатындагы иштерди аткаруу. 
  11. Газ куюу жана электр кубаттоо станцияларын куруу жана эксплуатациялоо максатындагы иштерди аткаруу.

Токой фондунун жерлери алардын функциялык аймагына жана коргоо категориясына жараша конкурстук негизде ижарага берилет.

Ошол эле учурда айрым багыттар үчүн, айталы, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, ресурстарды чогултуу жана илимий изилдөөлөр үчүн жерлер сынаксыз берилет.

Жер алуу максатыңыз кандай болбосун, тилкени ижарага алыш үчүн жергиликтүү токой чарбасына арыз менен кайрылышыңыз керек.  

Конкурсту жергиликтүү токой чарбасы өткөрөт. Мекеме өз демилгеси менен же жарандардын арызынын негизинде жерлерди конкурска чыгара алат. 

Токой тилкелерин илимий изилдөөлөр үчүн пайдалануу акысыз. Башка максаттар үчүн жылдык ижара акысы төлөнүшү керек.

Токой жерлери ар кандай мөөнөттөргө ижарага берилет:

  •  кыска мөөнөт – 5 жылга чейин; 
  • орто мөөнөт – 25 жылга чейин;
  •  узак мөөнөт – 50 жылга чейин. 

Орто жана узак мөөнөттүү ижара үчүн 5 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленет. Эгерде ижара шарттары аткарылса, мөөнөт узартылышы мүмкүн.

Жеке жактар үчүн конкурстук документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • паспорт көчүрмөсү;
  • лотту ижарага алуу арызы;
  • токойду башкаруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
  • токойду башкаруу программасы.

Юридикалык жактар үчүн конкурстук документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
  • юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;
  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо);
  • соңку ай үчүн карыздын жоктугу жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фондунун маалымкаты;
  • токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
  • токойду пайдалануу программасы.
  • токойду пайдалануу программасы: аталышын, максаттарын жана милдеттерин; негизги аткаруучулардын тизмесин; ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана этаптарын; инвестициялык жана башка сунуштарды; ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы натыйжаларды камтууга жана токойду жайгаштырууда белгиленген токой чарба иш-чараларын эске алууга тийиш.

Ижарага жер алуу үчүн токой чарбасына кайрылдыңыз дейли. Кийинки кадамдар жерди пайдалануу максатына жараша болот.

  •  Эгерде сиз мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, ресурстарды чогултуу же илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер тилкесин алам десеңиз, анда жер сынаксыз берилет. Токой чарбасынын чечимин күтүңүз. Андан соң сиз менен келишим түзүлөт. 
  • Башка учурларда конкурс өткөрүлөт. Токой чарбасы конкурс тууралуу алдын ала өз ресурстарына жана ЖМКларга жарыя берет. Сиз талап кылынган документтердин топтомун тапшырышыңыз керек. Комиссия чечим кабыл алат. Эгер сынакта жеңишке жетсеңиз, сиз менен келишим түзүлөт.

Токойдон алынган ресурстарды, айталы, жаңгакты, дары чөптөрдү ташып чыгуу актынын негизинде жүргүзүлөт. 

Токой жерлерин пайдаланууда төмөндөгүлөргө тыюу салынат: 

  • топуракка, айлана-чөйрөгө зыяндуу агротехниканы колдонууга;
  • өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга;
  • коңшу аймактарга терс таасирин тийгизген эксперименттерди жүргүзүүгө;
  •  токой экосистемаларына, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө жана жаныбарларга зыян келтирүүгө;
  • адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратууга;
  • малчысыз, талаптарды бузуу менен мал жаюуга;
  • жер семирткичтерди токой чарбасы менен макулдашпастан колдонууга;
  • капиталдык курулуштарды курууга (рекреациялык, туристтик объектилерди, көлмөлөрдү пайдалануу, жер казынасын пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары бар орнотмолордон башкасын курууга).

Жерди пайдалануунун максатына жараша дагы башка талаптар бар. Мисалы, жаңгак, мисте жана бадам жыйнаганда, токойдогу бардык түшүмдүн 80%ын алганга уруксат. Табигый жаңылануу үчүн түшүмдүн 20%ы дарактарда калтырылышы керек. Кененирээк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин” караңыз. Токой кызматынын сайтын да карасаңыз болот, анда байланыш номурлары бар. 




    Окшош суроолор