Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кызматтык жер тилкеси деген эмне жана аны кантип колдонсо болот?

ID1697
Көрүүлөр: 406
Актуалдуу: 25-06-2024
QR Code

Кайсы бир мамлекеттик же муниципалдык мекеме, айталы, айыл өкмөтү өз карамагындагы жер тилкесин кызматкерлерине убактылуу пайдалануу үчүн акысыз негизде бере алат. Бул кызматтык жер тилкеси (служебный надел) деп аталат. Ал жерге кызматкер айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, пайдасын көрө алат. 

Кызматтык жер тилкесин алууга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин айрым категориядагы кызматкерлери укуктуу. Так категория жана жер тилкелеринин өлчөмдөрү мекеме тарабынан аныкталат.

Кызматтык жер тилкелери айыл чарба үчүн каралган, мисалы, багбанчылык, тоют өндүрүү, мал жаюу жана чөп чабуу. Бул жер тилкелерине турак жай жана чарбалык курулуштарды курууга тыюу салынат.

Жер тилкеси кызматкердин иш мөөнөтү бүткөнчө берилет. Кызматкер иштен бошогондо жер тилкесин колдонуу укугу токтотулат.

Эгерде иштен бошогон учурда кызматтык жер тилкесинде айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүп жатса, түшүм жыйналып бүткөнчө жерди колдонуу укугу сакталат.

Төмөндөгү категориядагы кызматкерлер иштен кеткен күндө да кызматтык жер тилкесине болгон укугун сактап калат: 

  • Карылык же майыптык боюнча пенсияга чыккан кызматкерлер. 
  • Аскердик кызматка чакырылган кызматкерлердин үй-бүлөлөрү кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин. 
  • Кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон кызматкердин үй-бүлөсү да жерди сактап калат. Ишке жарамсыз жубайына жана ата-энесине жер өмүр бою калтырылат, балдарына болсо жер бойго жеткенге чейин берилет. 

Кызматтык жер тилкесин колдонуу укугун башка адамдарга өткөрүүгө тыюу салынат.

Ишкана жоюлуп кетсе, анда кызматкердин жер пайдалануу укугу токтотулат. 




    Окшош суроолор