Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Аты-жөндү өзгөртүүнүн жол-жобосу кандай?

ID1855
Көрүүлөр: 147
Актуалдуу: 05-07-2024
QR Code

Ар кандай себептерден улам аты-жөнүн өзгөртүү каалоосу же муктаждыгы жаралат. Мисалы, кимдир бирөө турмуш куруп, жубайынын фамилиясын алгысы келет. Экинчиси ажырашкан соң өзүнүн мурдагы фамилиясына кайтууну көздөйт. Айрымдар совет доорунда аты-жөнүндө ката жазылып калган тамгаларды оңдоткусу келет. А бирөөгө болсо өз ысымы жакпай калат. 

Ысымды өзгөртүү жеңил эле, а фамилияга келгенде маселе бир аз татаалдашат. Жол-жобосун карап чыгалы. 

Кыргызстандын ар бир жараны 16 жашка толгондон кийин өзүнүн атын, атасынын атын жана фамилиясын өзгөртө алат.

Эгер кызыкчылыгына жооп берсе, 16 жашка чейинки бала ата-энесинин макулдугу менен атын өзгөртсө болот. 

10 жаштан өткөн баланын атын өзгөртүү анын макулдугу менен ишке ашат. 

Ата-эненин бирөөсү же экөө тең фамилиясын өзгөрткөндө баланын да фамилиясы өзгөртүлөт.

Фамилияны ата-бабалардын (атасынын же энесинин) жетинчи муунуна чейинки аттарына карап алмаштырууга болот. Бирок бул үчүн жаран фамилиясын алгысы келген адам менен туугандык жайын далилдеши керек. Кыргызстанда 1934-жылдан бери архив бар, ошол үчүн үчүнчү-төртүнчү муунга чейин туугандыкты ырастай аласыз. Бирок мурда баары кагаз түрүндө сакталгандыктан, издөө иши кыйыныраак. 

Фамилияга байланыштуу дагы бир жагдайды карап көрөлү. Кыздын фамилиясы Жанибек кызы деп көрсөтүлгөн, ал Жаныбек кызы («и» – «ы») кылып өзгөрткүсү келет. Муну ишке ашырыш үчүн алгач атасы өз ысымын Жаныбек деп өзгөртүшү талап кылынат. Эгер атасы каза болсо, чечимди сот кабыл алат. 

Кыздын аты – Акылай, атасы – Адылбек, чоң атасы – Семетей дейли. Фамилияда төмөндөгүлөргө жол берилет: 

  • Адылбек кызы Акылай
  • Адылбек Акылай
  • Адылбекова Акылай 
  • Семетей тегин Акылай 
  • Семетеева Акылай 
  •  Семетей тегин Акылай Адылбек кызы 

 Фамилияны атасынын эле эмес, апасынын багыты боюнча да тандаса болорун эске салалы. 

Никеге турганда жубайлар бири-биринин фамилиясын алса болот. Бизде адатта аялы күйөөсүнүн фамилиясын алат. Ажырашкан учурда жубайлар никеге чейинки фамилиясына кайта алат. Никеге турганда фамилияны өзгөрткөнү нике күбөлүгүндө көрсөтүлөт, ажырашканда – ажырашуу күбөлүгүндө. Фамилиясын кайра кайтарып алган жаран бир ай ичинде паспортун алмаштырышы керек, болбосо айып пул төлөйт. 

Чоңдор үчүн:

  • Паспорт.
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгерде автоматташтырылган ЗАГС тутумунда каттоо жок болсо).
  • Нике күбөлүгү (эгерде азыр ээсинин никеси бар болсо жана бул тууралуу автоматташтырылган ЗАГС тутумунда каттоо жок болсо).
  • 16 жашка чейинки балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде балдары бар болсо жана автоматташтырылган ЗАГС тутумунда бул боюнча каттоо жок болсо).

16 жашка чейинки балдар үчүн:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  • Ата-эненин паспорттору.
  • Ата-эненин нике күбөлүгү.
  • Аталыкты аныктоо күбөлүгү (зарыл учурда).
  • Атасынын же апасынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгерде ал башка жакта болуп, жеке өзү арыз берүүгө катыша албаса).

10 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете электер үчүн:

  • Баланын атын өзгөртүү боюнча жазуу түрүндөгү макулдугу.

Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) же жергиликтүү ЗАГС мекемесине кайрылуу керек. Ал жерден сизге арыздын формасы берилет. Аны толтуруп, бардык документтер менен чогуу тапшырасыз. 

Ошондой эле документтерди “Түндүк” колдонмосу аркылуу онлайн тапшырса болот.

Аты-жөнүн өзгөртүү арызын мекеме 10 жумушчу күндө карайт. 

Зарыл документтер башында толук берилбесе, бул мөөнөт узарып кетиши мүмкүн. Айрым документтер жоголуп кеткен учурда сиз кайрылган ЗАГС мекемеси башка филиалдардан документтерди сурайт. Мисалы, сиз Бишкектте каттоодо турасыз, бирок Ошто төрөлгөнсүз. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Бишкек Оштон сурайт. 

ЗАГС архивдеринде маалымат жок болсо, аларды калыбына келтирүү да кошумча убакытты талап кылат.

Аты-жөндү өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кызматы акысыз көрсөтүлөт. Бирок жаңы күбөлүк алуу үчүн 105 сом төлөнөт. 

Атын өзгөртүүнү шашылыш каттоонун баасы 678 сомду түзөт.

Аты-жөнүңүздү өзгөртүү боюнча арызыңыз канааттандырылса, сизге аты-жөндү өзгөртүү тууралуу күбөлүк берилет. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • Өзгөрткөнгө чейинки жана кийинки аты-жөнүңүз, туулган күнүңүз жана жериңиз, жарандыгыңыз;
  • Каттоонун күнү жана аты-жөндү өзгөртүү актысынын номери;
  • Өзгөртүүнү киргизген мекеменин аталышы;
  • Күбөлүктүн берилген күнү.

 Бул документ аты-жөн өзгөргөнүн тастыктайт, башка расмий документтерди жаңыртуу үчүн аны көрсөтүү зарыл.

Аты-жөндү өзгөртүү күбөлүгүн алгандан кийин паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу инсандыкты аныктаган документтерди бир айдын ичинде алмаштыруу зарыл. 

Мурдагы маалыматтар камтылган документтерди колдонгондо (мисалы, дипломду) аты-жөндү өзгөртүү күбөлүгүн көрсөтүш керек.

Аты-жөндү өзгөртүү күбөлүгү чет өлкөгө чыкканда да сиздин инсандыгыңызды тастыктоо үчүн талап кылынат.




    Окшош суроолор