Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жашы жете элек бала кылмышка шектелүүдө. Эмнелерди билиш керек?

ID1094
Көрүүлөр: 146
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Кылмышка кириптер болгон 18ге толо элек бала “мыйзам менен чатагы бар бала” деп аталат. 

Жашы жете элек бала жасаган кылмыш боюнча ишке анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери сөзсүз түрдө тартылат.

Мыйзамдуу өкүлдөр – шектүү, айыпкер баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, мекемелердин же уюмдардын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү. 

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери шектүү бала иш жүзүндө кармалган учурдан же бала биринчи жолу суракка алынган учурдан тартып ишке катышат.

Тергөө стадиясында жана соттук териштирүүдө төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл:

  • баланын жашы (туулган күнү, айы, жылы);
  • баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары;
  •  интеллектуалдык, эрктик жана психикалык өнүгүү даражасы, мүнөзүнүн жана темпераментинин өзгөчөлүктөрү, муктаждыктары жана керектөөлөрү;
  • бойго жеткен адамдардын жана кылмышка чогуу баргандардын балага таасиринин бар-жогу. 

Бала акыл-эс жагынан артта калганы боюнча маалымат болсо, ал өз аракетинин маанисин толук аңдап-аңдай албаганы териштирилет. 

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланын турмуштук жагдайына баа берүү, талдоо иштерин жүргүзөт, анын жыйынтыгы менен кортунду жазып, тергөөчү менен соттун кароосуна жиберет. 

Чоң киши менен бирге кылмышка катышкан балага карата иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүшү мүмкүн.

Баланы кармоо, ошондой эле ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда жүргүзүлөт.

Баланын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко алып келердин алдында баланы прокурор өзү суракка алууга милдеттүү.

Бала кармалган учурда анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирилет.

Шектүү бала кармалгандан тарта 21 саат ичинде сотко жеткирилип, аны кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча маселе каралып, чечим чыгарылышы керек. 

Шектүү баланын бөгөт чарасын аныктоодо “баланы кароого берүү” мүмкүнчүлүгү сөзсүз талкууланышы керек. 

Шектүү балага карата бөгөт коюу чарасын аныктаганда сот отурумуна анын мыйзамдуу өкүлү сөзсүз катышуусу керек. 

Камакка алынбаган айыпкер баланы тергөөчүгө, сотко чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу, ал эми эгерде бала атайын тарбиялоо мекемесинде кармалып турса, ушул мекеменин администрациясы аркылуу жүргүзүлөт.

Баланы шектүү, айыпкер катары суракка алуу саат 8:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт. Сурак тыныгуусуз 2 саатка чейин уланышы мүмкүн, ал эми бир күндөгү сурак 4 сааттан ашпаш керек. 

Шектүү, айыпкер катары баланы суракка алуу адвокаттын, мыйзамдуу өкүлүнүн, зарыл болгондо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, педагогдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Баланы коштогон бул кишилер сурак маалында балага суроо берүүгө укуктуу. Сурак бүткөндө протокол менен таанышып, көрсөтмөлөрдүн тууралыгы жана толуктугу боюнча сын-пикирин да айта алышат. 

Бала жасаган кылмыш боюнча ишке адвокаттын катышуусу милдеттүү.

Эгерде бала же анын мыйзамдуу өкүлдөрү адвокат менен келишим түзбөсө, тергөөчү, прокурор, сот мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө тийиш.

Шектүү, айыпталуучу деп табылган 16 жашка чыга элек баланы; 16га толуп, бирок акыл-эси кем деп табылган баланы суракка алганда педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү.

16 жашка толгон баланын иши боюнча суракка педагог же психологду киргизүү тергөөчүнүн ыктыярында. Адвокат сурак педагог менен психологдун катышуусунда өтсүн деп өтүнүч келтире алат.

Баланын мыйзамдуу өкүлү баланы биринчи суракка алгандан тарта ишке катыша алат.

Баланын мыйзамдуу өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бала эмнеге шектелип жатканын билүүгө;

2) балага кылмыш жасагандыгы үчүн айып коюу жараянына катышууга;

3) баланы суракка алууга катышууга, ошондой эле баланын жана анын адвокатынын катышуусу менен жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине катышууга;

4) катышкан тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана алардагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жасоого;

5) өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө;

6) тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

7) далилдерди келтирүүгө;

8) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга, ар кандай маалыматтарды жазып алууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга.

Эгерде мыйзамдуу өкүлдүн аракеттери баланын кызыкчылыктарына зыян келтирет же тергөөгө тоскоолдук кылууга багытталат деп эсептөөгө негиз болсо, анда ал ишке катышуудан четтетилиши мүмкүн.

Эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасады деп эсептөөгө негиз бар болсо, тергөөчү баланы жазык сот адилеттиги системасынан чыгаруу максатында ага карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алышы мүмкүн.

Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен сот тарабынан жазадан бошотуу же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары аркылуу жазык сот адилеттиги системасынан чыгарылат.

Баланы жазык сот адилеттиги тутумунан чыгаруу төмөнкү жагдайлардын жыйындысы болгондо колдонулушу мүмкүн:

1) бала тарабынан биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасалды;

2) бала мурда соттолгон эмес;

3) бала жазык сот адилеттиги жана медиация тутумунан чыгаруу боюнча программага катышпаса; 

4) кылмыш жасаганын мойнуна алса.

Баланы жазык сот ишин жүргүзүүдөн чыгаруу жөнүндө келишим тергөөчү тарабынан түзүлөт жана тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан кол коюлат. Келишимде бала аткарууга милдетүү болгон чаралар жана шарттар белгиленет. Келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 12 айга чейин болушу мүмкүн.

Баланы жазык сот өндүрүшүнөн чыгаруу жөнүндө келишим прокурор тарабынан бекитилет. Баланы жазык сот өндүрүшүнөн чыгаруудан тергөөчүнүн же прокурордун баш тартса, жогору турган прокурорго же тергөө судьясына даттанса болот. 

Баланы жазык сот адилеттиги тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимде төмөнкүдөй чаралар каралышы мүмкүн:

1) жазуу жүзүндөгү эскертүү;

2) келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу;

3) милдеттенмелерди жүктөө;

4) камкордукка алуу жайына жайгаштыруу. 

Баланы жазык сот өндүрүшүнүн системасынан чыгарууда дароо бир нече чара колдонулушу мүмкүн.






    Окшош суроолор