Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Юридикалык кеп-кеңешти кайдан акысыз алса болот?

ID2487
Көрүүлөр: 55
Актуалдуу: 27-11-2024
QR Code

Кыргызстанда бардык жарандар, чет элдик жарандар, жарандыгы жоктор жана качкындар акысыз юридикалык кеп-кеңеш алса болот. Бул үчүн Юстиция министрлигинин алдында Юридикалык жардам кызматы (ЮЖК) түзүлгөн. Анын ар бир аймакта өкүлдөрү бар. 

Мындан сырткары бардык мамлекеттик органдар жана алардын өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү бийлик органдары (мэрия, айыл өкмөттөр) өз компетенциясынын алкагында калкка укуктук жардам көрсөтүүгө милдеттүү. 

Сиз өзүңүздүн районуңуздагы координаторго кайрыла аласыз. Бул үчүн шилтемеге өтүп, аймакты тандаңыз, координаторду жана анын байланыш номурларын көрөсүз: https://ukuk-jardam.gov.kg/ru/coordinator/list

114 шыр байланышына чала аласыз. Чалууларды иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. 

Онлайн кабылдамага жазсаңыз болот: https://ukuk-jardam.gov.kg/ru/reception 

Азыр сиз отурган сайт да Юридикалык жардам кызматынын ресурсу болуп саналат. Башкы бетке өтүп, рубрикалар боюнча сизди кызыктырган суроолорго жооп издей аласыз. Же издөө сапчасына сурооңуздагы негизги сөздөрдү жазып көрүңүз. 

Ошондой эле жасалма интеллектке кайрылсаңыз болот: https://chatgpt.com/g/g-9tNDKwNPY-jardam-kg-gpt 

 




    Окшош суроолор