Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тинтүү кандай жүргүзүлөт?

ID934
Көрүүлөр: 177
Актуалдуу: 29-03-2024
QR Code

Ар ким өз менчигиндеги турак-жайына, дагы башка объектилерине кол тийбестик укугуна ээ. Анын эркине каршы бул менчик объектилерине бирөө-жарым кире албайт. 

Тинтүү жүргүзүүгө, үйгө же дагы башка объектилерге кирүүгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет. 

Бирок мыйзамда каралган айрым учурларда соттун чечими жок туруп тинтүү жүргүзүүгө, турак-жайга же башка объекттерге кирүүгө уруксат берилет. 

Тинтүү жүргүзүү үчүн негиз: “Имараттын ичинде кылмыш үчүн маанилүү болгон кылмыш куралы, маанилүү заттар, документтер, баалуулуктар же болбосо издөөдөгү адам, өлгөн адамдын сөөгү болушу мүмкүн” деген маалыматтын негизинде тинтүү жүргүзүлөт. 

Тинтүүгө уруксат алуу: Тергөөчү тергөө сотуна кайрылып, тинтүү жүргүзүүгө уруксат алат. 

Соттун уруксатысыз тинтүү: Объект жоголуп же бузулуп калат, издөөдөгү адам качып кетет деген чыныгы коркунуч туулган учурда тинтүү соттун алдын ала уруксатысыз жүргүзүлөт. Бирок тинтүүдөн кийинки 24 саат ичинде тергөөчү сотко кабар бериши керек. Тергөө соту кабар менен материалдарды алып, жүргүзүлгөн тинтүүнүн мыйзамдуулугун текшерип, тийиштүү чечимин чыгарат. 

Тинтүүдөн мурун токтомду көрсөтүү: Тергөө тинтүү жүргүзүү тууралуу токтомду көрсөтүп, алууга жаткан заттарды өз эрки менен берүүнү сунуштайт. 

Күч менен ачуу: Эгерде ээси имаратты өз эрки менен ачуудан баш тартса, тергөөчү керексиз бузуулардан качуу менен аны күчтөп ача алат. 

Тинтүү жүргүзүү процедурасы: Тинтүү фото жана видеого тартуу менен ишке ашырылат. 

Адвокаттын катышуусу: Тинтүү маалында ээси адвокатын катыштырууга укуктуу. 

Катышуучулар үчүн чектөө: Тергөөчү тинтүү маалында имараттын ичиндеги адамдардын сыртка чыгышына, өз ара сүйлөшүүсүнө тыюу сала алат. 

Маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдөн көчүрүү: Электрондук алып жүрүүчүлөрдүн ээсинин өтүнүчү боюнча жана тергөөчүнүн макулдугу менен адис маалыматты ээси берген алып жүрүүчүлөргө көчүрө алат. Эгерде бул аракет тергөөгө тоскоол болушу мүмкүн болсо, көчүрүүгө тыюу салынат.

Алынган заттарды таңгактоо жана мөөр басуу: бардык алынган заттар жана документтер тинтүүнүн катышуучуларына көрсөтүлүшү, таңгакталышы, мөөр басылышы жана жеринде кол коюлушу керек.

Жүргүзүлгөн тинтүү жөнүндө протокол түзүлөт.

Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • буюмдар же документтер кайсы жерден жана кандай шартта табылган, 
  • кандай абалда болгон,
  • кантип сакталган, 
  • буюмдарды жана документтерди ээси ыктыярдуу түрдө чыгардыбы же мажбурлоо менен алындыбы.

Протоколдо алынган бардык буюмдардын саны, өлчөмү, салмагы, жеке белгилери жана мүмкүн болсо наркы так көрсөтүлүшү керек. 

Эгерде тинтүү маалында алууга жаткан буюмдарды же документтерди жок кылуу же жашыруу аракети көрүлсө, мунун баары көрүлгөн чаралары менен кошо протоколго түшүрүлөт. 

Тинтүү протоколунун көчүрмөсү тинтүү жүргөн жердин ээсине кол койдуруу менен тапшырылат.




    Окшош суроолор