Тергөө судьясы – бул алдын ала тергөө учурунда укук коргоо органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун көзөмөлдөгөн атайын судья. Ал айыпталуучунун укук-эркиндигине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алат. Мисалы, айыпталуучуну камакка алат же үй камагына чыгарат.
- Кармоонун мыйзамдуулугу: шектүүнүн кармалышы мыйзамдуу болгон-болбогонун чечет.
- Бөгөт коюу чаралары: күрөө, үй камагы, экстрадициялык камоо, камакка алуу, электрондук байкоо жүргүзүү сыяктуу бөгөт коюу чарасын аныктайт.
- Бөгөт коюу чараларын узартуу жана өзгөртүү: мурда белгиленген чараларды узартуу же өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.
- Медициналык экспертиза: айыпталуучуну медициналык же психиатриялык ооруканага жаткыруу зарылдыгын чечет.
- Мүлктү камакка алуу: соттолуучунун мүлкүн убактылуу камакка алуу чечимин чыгара алат.
- Убактылуу четтетүү: айыпталуучуну ээлеген кызматынан четтетиши мүмкүн.
- Эксгумация жүргүзүү: жакын туугандарынын макулдугу болбосо, эксгумацияга уруксат берет.
- Текшерүү жана тинтүү жүргүзүү: турак-жайды жана башка объектилерди тинтүүгө, ээлеринин макулдугусуз тийиштүү буюм-каражаттарды алып коюуга уруксат бере алат.
- Атайын тергөө аракеттери: иш боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнү чечет.
Арыздарды кароо: тергөө судьясы укук коргоо органдарынын аракеттерине же аракетсиздигине даттанууларды талдайт жана чечет.
Көрсөтмө берүү: тиешелүү өтүнүч болгондо күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн сактай алат.
Коопсуздук чараларын колдонуу: күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана процесстин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары үчүн жооптуу.
Күнөөнү моюнга алууну бекитүү: айыпталуучунун күнөөнү моюнга алышы боюнча процессуалдык макулдашуусун чечет.
Сотко чейинки териштирүүгө катышкан судья сот өндүрүшүнүн башка этаптарына, айталы, ошол эле иш боюнча андан аркы соттук териштирүүгө катыша албайт.