Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Материалдык жана моралдык чыгымды кантип өндүрсө болот?

ID1342
Көрүүлөр: 49
Актуалдуу: 23-04-2024
QR Code

Материалдык чыгым – бул акча менен өлчөсө боло турган чыгашалар. Айталы, бирөөнүн кылмыштуу аракетинин кесепетинде мүлктү жоготуу; ремонтко же дарыланууга кеткен чыгым; иштей албай калганы үчүн болжонгон пайдадан кур калуу. 

Моралдык зыян – бул адамдын сезимине келтирилген зыян. Бул оору, кыйналуу, жашоосунун начарлашы же беделин жоготуу болушу мүмкүн. Мунун баарын акча менен өлчөй албайсың, бирок моралдык зыян үчүн кенемте (компенсация) өндүрсө болот.

Бул макалада биз материалдык жана моралдык чыгымды өндүрүүнүн жол-жобосуна токтолубуз.  

Айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен же жазасынан бошотулган күндө сот аны материалдык чыгымдын ордун толтуруп, моралдык зыян үчүн кенемте төлөөгө милдеттендире алат. 

Моралдык зыян үчүн кенемтенин өлчөмү зыяндын деңгээлине жараша аныкталат. 

Бул иштерде Жарандык кодексте көрсөтүлгөн эскирүү мөөнөтү эске алынбайт. 

Эгерде күнөөлүү адамдын мүлкү конфискацияланса, андан биринчи кезекте жабырлануучуга келтирилген зыяндын орду толтурулат. Эгерде күнөөлүү келтирилген зыянды төлөп бере албаса, анда чыгым өкмөттүн башкаруусундагы атайын фонддон төлөнөт. 

Тергөөчү тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу тарткан материалдык жана моралдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн тийиштүү чараларды көрө алат. 

Тергөө маалында кылмыш кесепетинде сиз тарткан зыяндын мүнөзүн жана көлөмүн далилдеген бардык маалыматтарды тергөөчүгө бериңиз. 

Материалдык чыгым эсеп-кысап кагаздары, квитанциялар менен далилдениши мүмкүн. Бул документтер каржылык чыгашаңызды, жоготууларыңызды ырастай алат. 

Моралдык зыян медициналык документтер же психологиялык корутунду менен далилдениши мүмкүн.Бул документтер кылмыштан кийинки сиздин эмоционалдык, психологиялык абалыңызды чагылдыра алат. 

Моралдык зыянды далилдеш үчүн күбөлөрдүн көрсөтмөсүн да колдонсо болот. Алар кылмыштан кийин жабырлануучу катары сиздин жүрүм-турумуңузда, эмоционалдык абалыңызда болгон өзгөрүүлөрдү ырастап беришет. 

Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун кепилдиги катары прокурор айыпталуучунун мүлкүн камакка ала алат. 

Сиз жабырлануучу катары зыянды компенсациялоону камсыздаш үчүн айыпталуучунун мүлкүн камакка алуу өтүнүчүн тергөө судьясына бере аласыз. 

Тергөө амалдары бүткөндө тергөөчү айыптоо актысын түзөт. Документ жабырлануучу, кылмыш кесепетинде ага келтирилиген зыян тууралуу маалыматтарды камтыйт. 

Прокурор кылмыш ишин айыптоо акытысы менен кошо колуна алган күндөн тарта 5 сутканын ичинде материалдык жана моралдык чыгымдын ордун толтуруу чаралары көрүлүп же көрүлбөгөнүн текшерет. 

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө сот материалдык жана моралдык зыяндын орду толтурулушу керектигин же керек эместигин аныктайт. Ошондой эле моралдык зыяндын ордугуна жараша акчалай кенемтенин өлчөмүн да белгилейт. 

Сот “келтирилген зыяндын орду толтурулуп берилсин” деп чечим чыгарды, бирок күнөөлүү адамдын буга каражаты жок дейли. Мындай учурда чыгымды төлөп берүү Министрлер кабинети аныктаган тартипте атайын фонддон төлөнөт. 




    Окшош суроолор