Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Машинаны мажбур түрдө жүктөп (эвакуациялап) кеткенде эмне кылыш керек?

ID2417
Көрүүлөр: 45
Актуалдуу: 25-11-2024
QR Code

Автоунааңызды туура эмес жерге токтотконуңуз үчүн жүктөп кетишсе, адвокат Фатима Якупбаеванын айтымында, төмөндөгүдөй кадамдарды жасаш керек: 

1. Бишкек шаардык ЖКККБга 0312 532233 номуру аркылуу чалып, айып аянтчасынын дарегин тактаңыз. Борбор калаада андай айып аянтчаларынын саны бешөө. Унаа эреже бузулган жерге эң жакынкы аянтчага жеткирилет. 

2️. Айып аянтчасына барып, укук бузуу тууралуу протокол менен таанышыңыз. 

3️. Протоколго макул болсоңуз, эвакуатордун кызмат акысын (1300 сом) жана унаа айып аянтчада турган ар бир саат үчүн 18 сомдон төлөшүңүз керек. Акчаны ошол эле жерде POS-терминал же QR-код аркылуу төлөйсүз, банкка барыштын кереги жок. 

4️. Туура эмес жерге токтотуу үчүн айып пулду (1000 сом) бир айдын ичинде 70% жеңилдик (300 сом) менен төлөсө болот. Бир ай өткөрүп жиберсеңиз, анда сумманы толук төлөшүңүзгө туура келет. Айып пулду аянтчадан чыгып алып, кийин деле төлөсөңүз болот. Айыпты төлөй электигиңиз айып аянтчасынан чыгууга тоскоол боло албайт. 

Эске алыңыз: эгерде айдоочуда же автоунаада буга чейин төлөнбөй жүргөн айып пулдар болсо, анда машинаны айып аянтчасынан чыгарып кетерден мурда ошол айып пулдун баарын төлөш керек. 

Төмөндөгү эрежелер бузулган учурда унааны жүктөп кетишет: 

  • транспорт каражаты “Майыптар” жол белгиси жана/же атайын жол чийини менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо), эгерде бул транспорт каражатынын тиешелүү таануучу белгиси жок болсо;
  • транспорт каражаты “Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол” жана/же “Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке” жол белгилери менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
  • транспорт каражаты “Эвакуатор иштеп жагат” жол белгиси менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
  • транспорт каражаты тротуарларда, жөө жүргүнчүлөр үчүн же велосипед үчүн жолдордо же газондордо (жашыл аянттарда) токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
  • жол-транспорт кырсыктарында;
  • издөөдө же камакта жүргөн транспорт каражаттары аныкталганда;
  • жалпы колдонуудагы жолдо жүргөндө салмак менен көлөмдүн жол берилген нормасынан ашканда;
  • чет өлкөлүк жүк ташуучулар уруксатсыз жүк ташып баратса же уруксаты талаптарга туура келбеген учурда;
  • анык бир эреже бузуу үчүн айып пулду төлөө мөөнөтү өтүп кеткенде (эегерде айыптын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашса).

Жок. Автоунааны жүктөп, жылганга чейин айдоочу келип калса, ал документтерин көрсөтөт да, эвакуация токтотулат. 

Эгерде автоунаада жүргүнчүлөр болсо же кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан көк жана сары түстөгү белги берүүчү маягы күйгүзүлгөн ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаты болсо, анда аларды эвакуациялоого тыюу салынат. 

Эгерде коопсуздук үчүн коркунуч жаралса же коргоодогу объектинин кыймылына тоскоолдук болсо, анда автоунаа башка жерге жылдырылышы мүмкүн. Бул чечим тууралуу 102 кызматына кабар берилет, алар жаранга машинасы кайда турганы жөнүндө маалыматты жеткирет. 




    Окшош суроолор