Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кылмыш жасаган адамга карата кандай бөгөт чарасы аныкталышы мүмкүн?

ID910
Көрүүлөр: 153
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code

Кылмыш жасаган адам тергөөдөн жашырынып, жабырлануучуну жана күбөнү коркутпаш үчүн, ошондой эле далилдерди жок кылып салбасын деп бөгөт чараларынын бирин колдонушат. Бөгөт чарасынын 6 түрү бар (КЖПКнын 104-беренеси): 

1) башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат;

2) аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлдөөсүнө берүү;

3) баланы ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

4) күрөө коюу;

5) үй камагы;

6) камакка алуу.

Башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат – тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз туруктуу же убактылуу жашаган жерин (калктуу конушун) таштап кетпөөгө, тергөө өндүрүшүнө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылбоого, чакыруу боюнча белгиленген убакта келүү жөнүндөгү тергөөчү, прокурор, сот тарабынан айыпталуучудан жазуу жүзүндө алынган милдеттенме.

Бул бөгөт коюу чарасы тергөөчү, прокурор же сот тарабынан тандалышы мүмкүн (КЖПКнын 109-беренеси). 

Бул бөгөт чарасы аскер кызматчысы же окуу жыйындарына чакырылган аскерге милдеттүү болуп саналган айыпталуучуга карата колдонулат.

Аскер бөлүгүнүн командачылыгынын байкоо жүргүзүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставында каралган жана бул адамдын талаптагыдай жүрүм-турумун, тергөөчүнүн, прокурордун же соттун чакыруусу боюнча келишин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүдөн турат (КЖПКнын 110-беренеси). 

Кылмыш жасаган балага (18 жашка чейинки адамга) карата бөгөт чаранын ушул түрү тандалышы мүмкүн. Мындай учурда ата-энелер, ал эми алар жок болгон учурда мыйзамдуу өкүлдөр же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери же атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрү баланын талаптагыдай жүрүш-турушун жана анын тергөөчүгө, прокурорго, сотко келүүсүн камсыз кылуу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмени өзүнө алышат.

Мындай бөгөт коюу чарасы ата-энелердин же башка адамдардын макулдугу менен жана жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча гана мүмкүн болот жана алар өзүнө алган кароо боюнча милдеттерди бузган учурда жоопкерчилик тартышат (КЖПКнын 111-беренеси). 

Күрөө – айыпкер же башка адам тарабынан тийиштүү жүрүм-турумдун кепилдиги, тергөөдөн же соттон жашынбай тургандыгынын кепилдиги катары атайын эсепке төгүлүүчү акчалай сумма.

Күрөөнүн өлчөмү келтирилген зыяндын өлчөмүнөн, кылмыштын оордугунун даражасынан жана айыпталуучунун инсандыгынан кошулуучу суммадан аныкталат.

Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сот тандайт жана күрөө коюу мөөнөтүн аныктайт.

Күрөө тизмеси КЖПКда белгиленген кылмыштардын белгилүү категориялары боюнча, ошондой эле айыпталуучу тарабынан тергелип жаткан жазык иши боюнча мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулган учурларда колдонулбайт.

Эгерде айыпкер тергөөдөн, соттон качып кетсе же тергөөнүн объективдүү жүргүзүлүшүнө жана сотто ишти териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса, киргизилген күрөө мамлекеттин кирешесине айланат (КЖПКнын 112-беренеси). 

Үй камагы айыпталуучунун ары-бери эркин жүрүүсүн чектейт, ага белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө, турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө, соттун уруксатысыз административдик аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.

Үй камагын сот тандайт. Көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында көзөмөлдөөнүн аудиовизуалдык, электрондук жана башка техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.

Эгерде айыпталуучу үй камагынын шарттарын бузса, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулат (КЖПКнын 113-беренеси).

Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. 

Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн:

  • айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;
  • анын инсандыгы аныкталбаганда;
  • ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;
  • ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса.

Экономикалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерине карата камакка алуу менчикке каршы кылмыштар боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 210 жана 215-беренелери), экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 223, 225, 230 жана 231-беренелери), салык салуу чөйрөсүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 238-244-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат өтөө кызыкчылыктарына каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 245 жана 247-беренелери) колдонулбайт.




    Окшош суроолор