Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Керээзди сотто талашуунун жол-жобосу кандай?

ID2727
Көрүүлөр: 54
Актуалдуу: 12-12-2024
QR Code

Керээз мурас калтыруучу каза болгондон кийин гана күчүнө кирет. Керээзди мыйзамда каралган өзгөчө учурларды (мисалы, жубайлардын биргелешкен керээз каты, аны жубайлардын бири талаша алат) эске албаганда, мурас калтыруучунун көзү бар кезде талашууга болбойт.

Ошондой эле керээз төмөнкү учурларда талашууга жатпайт:

  • Керээз мыйзамды бузбаса.
  • Керээз милдеттүү мураскорлордун укуктарын бузбаса.
  • Керээздеги анча-мынча каталар же техникалык мүчүлүштүктөр документтин мазмунуна жана маанисине таасир этпесе.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1137-беренесине ылайык, керээз төмөнкү учурларда жараксыз деп табылышы мүмкүн:

  1. Жараксыз (ничтожность) керээз каттар:
  • Керээзди түзүү, кол коюу же аны күбөлөндүрүү тартиби бузулган (КР ЖК 1127, 1131–1133-беренелер).
  • Керээз нотариус  же күбөлөндүрүүгө укугу бар башка адам тарабынан тастыкталган эмес.
  • Керээз акыл-эси жайында эмес же өз иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албаган адам тарабынан түзүлгөн.
  • Документке үчүнчү адам мыйзамды бузуу менен кол койгон.
  1. Талашуу мүмкүн болгон (оспоримые) керээз каттар:
  • Керээз коркутуу, алдоо же зордук-зомбулук аркылуу түзүлгөн.
  • Керээзди түзүү учурунда мурас калтыруучу өз иш-аракеттерин түшүнө албай турган абалда болгон.
  • Милдеттүү мураскорлордун  (маркумдун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдарынын, жубайынын, ата-энесинин, багуусундагылардын) укуктары бузулган.
  1. Укугу жок адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз кат
    Жарандык кодекстин 1133-беренесине ылайык, ооруканада түзүлгөн керээз кат башкы дарыгер, анын орун басары же нөөмөттөгү дарыгер тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Эгерде документти дарылап жаткан дарыгер күбөлөндүрсө, ал жараксыз деп табылат.
    Мисал: Дарылап жаткан дарыгер тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз кат сотто мураскорлор тарабынан талашылган. Сот документти жараксыз деп тапкан, анткени ал дарыгердин керээз катты күбөлөндүрүүгө укугу жок болгон.
  2. Күбөлөрдүн колунун жоктугу же талаптарды бузуу
    Эгерде күбөлөрдүн катышуусу талап кылынса, алардын колдору документте көрсөтүлүшү керек. Эгерде күбө катары катышкан адам тиешелүү укуктарга ээ болбосо, документ жараксыз деп табылат.
    Мисал: Айыл өкмөтүнүн катчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз кат жараксыз деп табылган, анткени күбөлөрдүн колу жок эле жана күбө катары катышкан адамдын мураска байланыштуу кызыкчылыгы болгон. 
  3. Кызыкдар тараптын кол коюусу
    Жарандык кодекстин 1131-беренесинин 3-пунктуна ылайык, эгерде мурас калтыруучу документке өзү кол кое албаса, анын ордуна башка адам кол кое алат. Бирок бул адам документтин мазмунуна кызыкдар болбошу керек.
    Мисал: Физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген мурас калтыруучу документке кол коюуну уулуна тапшырган. Сот уулу мураскор катары көрсөтүлгөнүн аныктап, муну мыйзам талаптарын бузуу деп тапкан. Керээз кат жараксыз деп табылган.
  4. Башка адамдын кол коюшунун себеби боюнча түшүндүрмөнүн жоктугу
    Эгерде мурас калтыруучу документке өзү кол кое албаса, нотариус мунун себептерин керээзде көрсөтүшү керек.
    Мисал: Керээз катка башка адам кол койгон, бирок мурас калтыруучу эмнеге өзү кол кое албаганы түшүндүрүлгөн эмес. Бул Жарандык кодекстин 1132-беренесине каршы келгендиктен, керээз кат жараксыз деп табылган.

Керээз сот аркылуу гана талашылышы мүмкүн. Аны талашууга төмөнкүлөр укуктуу:

  • Керээз кат же мыйзам боюнча мураскор болгондор өз укуктары бузулган учурда.
  • Мурастын бир бөлүгүнө милдеттүү түрдө ээ болууга укугу барлар өз укуктары бузулганда. 
  • Керээздин жараксыз деп табылышы алардын мүлктүк укуктарына таасир этерин далилдеген адамдар.

КР мыйзамдарына ылайык, доо арызды берүүнүн мөөнөтү төмөнкүдөй:

  • Жараксыз (ничтожные) керээз каттар: Мурасты ачкан күндөн баштап 3 жылдын ичинде.
  • Талашууга мүмкүн болгон (оспоримые) керээз каттар: Талапкер бузуу жөнүндө билген же билиши керек болгон күндөн баштап 1 жылдын ичинде.
  1. Документтерди даярдоо:
    • Мурас калтыруучунун өлүмү тууралуу күбөлүк.
    • Керээз каттын көчүрмөсү.
    • Мураска укукту тастыктаган документтер (туулгандыгы же нике тууралуу күбөлүк ж.б.).
    • Мурастык мүлк тууралуу маалымкаттар (кыймылсыз мүлк, банктык эсептер ж.б.).
    • Бузууларды тастыктаган далилдер (медициналык маалымкаттар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, экспертиза жыйынтыктары).
  2. Доо арызды берүү:
    • Арыз мүлктүн жайгашкан жериндеги же жоопкердин жашаган жериндеги сотко берилет.
    • Мамлекеттик алым төлөнөт. 
  3. Соттук отурумдарга катышуу:
    • Өз позициясын оозеки баяндоо.
    • Зарыл болгон экспертизаларды өткөрүү (кол жазма, психиатриялык ж.б.).




    Окшош суроолор