Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кантип мунапыска илинсе болот?

ID1231
Көрүүлөр: 230
Актуалдуу: 15-04-2024
QR Code

Мунапыс – гуманизмдин жана ырайымдуулуктун белгиси катары адамдардын чоң тобун кылмыш жазасынан бошотуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган мыйзам. Мындай мыйзам жылына бир жолу чыгарылышы мүмкүн. Аны Жогорку Кеңеш кабыл алат. 

Мунапыс Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамдарга жана бул өлкөдө жазасын өтөп жаткандарга карата колдонулат.

Мунапыс жөнүндө мыйзамга ылайык, бул адамдар жазык жоопкерчилигинен, жазасынан толугу менен же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн, жазасы жеңилдетилиши ыктымал. 

1) анча оор эмес кылмыш үчүн – эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/2ге кыскарат;

2) оор кылмыш үчүн – эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/3ге кыскарат;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн – эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/4ге кыскарат.

1) мурда мунапыс берүү же ырайым кылуу колдонулгандарга;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;

3) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде алардын жок дегенде бирөө мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонушуна туура келбесе;

4) аларга карата тарбиялоо же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулгандарга;

5) жазаны өтөө режимин кыянаттык менен бузгандар деп таанылгандарга.

1) оорлотуучу жана өзгөчө оорлотуучу кырдаалдарда киши өлтүрүү;

2) кыйноолор;

3) балага карата жасалган зордуктоо;

5) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери;

6) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо;

7) он алты жаш курагына толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер;

8) балдарды пайдалануу менен жасалган сойкулукка жана ыплас аракеттерге көмөктөшүү;

9) баланы сойкулук менен алектенүүгө тартуу;

10) баланы порнобизнеске тартуу;

11) террордук акт;

12) террордук ишке көмөктөшүү;

13) барымтага алуу;

14) уюмдашкан топту түзүү же ага катышуу;

15) кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу;

16) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;

17) сатып өткөрүү максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү;

18) мамлекеттик чыккынчылык;

19) тыңчылык;

20) бийликти зомбулук менен басып алуу;

21) бийликти зомбулук менен басып алууга ачык чакыруу;

22) сепаратисттик иш;

23) куралдуу козголоң;

24) расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык касташууну (чатакты) козгоо;

25) экстремисттик уюмду түзүү;

26) мамлекеттик же аскердик сырды жарыя кылуу;

27) коррупция ж.б. 

Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуучу болуп жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча – анын өндүрүшүндө турган судья (сот) саналат.

Сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда прокурор милдеттүү түрдө катышат. 

1-кадам. Мунапыс жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын күтүңүз. Мунапыс жөнүндө мыйзам зарыл болгон учурда чыгарылышы мүмкүн, бирок жыл ичинде бир жолудан көп эмес.

2-кадам. Мунапыс жөнүндө мыйзамды карап чыгыңыз: 

1) мунапыс бериле турган адамдардын категориялары кайсылар жана сиз ушул категорияга киресизби;

3) мунапыска кирген кылмыштардын категориялары кайсылар жана сиз жасаган кылмыш ушул категорияга киреби;

4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек калган бөлүгү кыскартыла турган мөөнөт;

5) мунапыс берүү актысын кайсы органдар аткарат;

6) мунапыс актысын аткаруунун мөөнөттөрү.

3-кадам. Мунапысты колдонуунун тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат жана бул тартип мунапыс жөнүндө мыйзамда жазылат.

Мунапыска илиниш үчүн сиз жаза өтөп жаткан түзөтүү мекемесинин жетекчисине кайрылышыңыз керек.

Сиз мунапыс мыйзамына ылайык келер-келбешиңизди текшергенден кийин абак жетекчилиги бардык документтерди сотко бериши керек.

Сиздин адвокатыңыз да сизге мунапыс берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Эгерде түзөтүү мекемесинин администрациясы кайрылыңуузду кабыл алуудан баш тартса, сиз атайын прокуратурага кайрылууга жана алардын аракеттерине даттанууга укуктуусуз. Эгерде сот мунапысты колдонуудан баш тартса, сиз чечимди жогору турган сотко даттанууга укуктуусуз.




    Окшош суроолор