Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы учурда абактагы жазаны пробацияга алмаштырса болот? 

ID1079
Көрүүлөр: 73
Актуалдуу: 08-04-2024
QR Code

Пробация – бул жазанын шарттуу түрү. Адам кылмыш жасады дейли. Сот аны түрмөгө жиберүүнүн ордуна белгилүү бир көзөмөл алдында эркиндикте калтырса болот деген чечим чыгара алат. Пробация алган соттолуучу тийиштүү эрежелерди бекем сакташы керек, алсак, пробация инспектору менен үзгүлтүксүз жолугуу, баңгизат же алкоголго көз карандылыктан дарылануу, коом үчүн иштөө ж.б. Маанилүү жагдай – пробация соттуулукту алып салбайт. 

Пробацияны сот мүмкүн деп тапса дайындайт. Бул жерде өтүнүч келтирүүнүн кажети жок. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 280-беренесине ылайык, балдар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кылмыш жасаган учурда сот пробация органына пробациялык баяндама (соттолуучуну түрмөгө кеспей, ага шарттуу жазанын ушул түрүн колдонсо болор-болбосу тууралуу бүтүм) даярдоону милдеттүү түрдө тапшырат. 

  • Сот отурумун дайындоодо сот пробациялык баяндаманы даярдоону пробация органына тапшырууга укуктуу, муну токтомдо көрсөтөт. 
  • Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да пробациялык баяндаманы даярдоо тапшырмасы берилиши мүмкүн. Сот тийиштүү токтомун чыгарат, анын көчүрмөсү пробация органына жиберилет.

Эгерде сот анча оор эмес жана (же) оор кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен соттолгон адам түрмөгө отурбай эле “оңолот, түзөлөт” деген тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу менен күнөөлүүнү жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

1) өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондорго;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондорго;

3) коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

4) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

5) уюшкан топтун же кылмыштуу шериктештиктин курамында жасалган кылмыш үчүн соттолгондорго;

6) жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондорго.

7) кылмыш-жаза кодексинин 137 (кыйноо), 157 (он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер), 158 (бузуку аракеттер), 166 (адамдарды сатуу), 167 (балдарды сатуу), 168 (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү (алып кетүү) беренелери боюнча соттолгондорго;

8) туруктуу жашаган жери жокторго, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга.

  •  анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө;
  •  оор кылмыш үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин. 

Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүн эсептөө соттолгон адам пробация органына келген күндөн тартып башталат.  

Пробациялык көзөмөл бүткөн күнү соттуулук жоюлду (жаза өтөлүп бүттү) деп саналат. 

Пробациялык көзөмөлгө алынган адамды сот төмөнкүлөргө милдеттендирет:

1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө;

2) өлкөнүн чегинен чыкпоого;

3) жашаган, иштеген же окуган жери тууралуу, ошондой эле алардын өзгөрүшү жөнүндө пробация органына кабарлоого;

4) каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органына келүүгө.

Пробациялык көзөмөлдүн чараларын колдонуу менен адамды жаза өтөөдөн бошотууда сот соттолгон жаранга төмөнкүдөй милдеттердин бирин же бир нечесин жүктөйт:

1) аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, башка адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган оорулардан дарылоо курсунан өтүү;

2) психоактивдүү заттарды колдонбоо;

3) айрым адамдар менен байланышпоо;

4) кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот белгилеген мөөнөттө толтуруп берүү;

5) айрым жерлерге барбоо;

6) сутканын сот аныктаган бөлүгүндө жашаган жери боюнча болуу;

7) сот белгилеген мөөнөттө жумушка же окууга кирүү;

8) пробация органы тарабынан дайындалуучу кайрадан социалдаштыруу программаларына катышуу;

9) багуусунда болгон адамдарды багуу боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруу;

10) пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө билдирүү.

Пробациялык мөөнөт аяктагандан кийин өзүнө жүктөлгөн бардык талаптарды жана милдеттерди аткарган жана жаңы кылмыш жасабаган соттолгон адам жазасын өтөп бүттү деп эсептелет.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин пробация органына жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондо, көзөмөлдөө талаптары жана пробациялык милдеттер эки же андан көп жолу бузулган учурда жаңы кылмыш жасалган учурда сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарып, күнөөлүү адамды эркиндигинен ажыратуу жайларына жайгаштыра алат.




    Окшош суроолор