Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Экстрадиция. Чет жакта соттолгон жаран кантип Кыргызстанга которулса болот? 

ID1330
Көрүүлөр: 36
Актуалдуу: 23-04-2024
QR Code

Экстрадицияны эки жактан карап көрсөк болот. Биринчи учурда Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап, чет жакта жашырынып жүргөн жаранды бийлик органдары мекенине кайтарып, жоопкерчиликке тартууга аракеттенет. 

Экинчи учурда кыргызстандык жаран чет өлкөдө кылмыш жасап соттолот да, жазасын өз мекенинде өтөш үчүн которулууга умтулат. Мында соттолгон жаран өзү же өкүлдөрү аркылуу экстрадициялоону суранышы мүмкүн. 

Демек, экстрадиция мамлекет үчүн сот акыйкаттуулугунун каражаты катары, ошол эле учурда чет жакта соттолгондор үчүн тааныш чөйрөдө жаза өтөө мүмкүнчүлүгү катары да кызмат кылат. Бул макалада биз экинчи жагдайга токтолобуз – чет жакта абакта отурган адам өз мекенине которулуш үчүн эмне кылышы керек? 

Кыргызстан төмөндөгү өлкөлөр менен экстрадиция боюнча макулдашууларды түзгөн: 

  1. Россия
  2. Украина
  3. Беларусь
  4. Молдова
  5. Казакстан
  6. Өзбекстан
  7. Тажикстан
  8. Түркмөнстан
  9. Азербайжан
  10. Латвия
  11. Литва
  12. Кытай
  13. Индия
  14. Монголия
  15. Чехия
  16. Иран
  17. Түркия
  18. Бириккен Араб Эмираттары 

Процесс кантип ишке ашарын бир аз түшүндүрө кетели. Экстрадицияга жооптуу түзүм – Башкы прокуратура. Ал соттолгон адамдан өтүнүчтү алгандан кийин тийиштүү өлкөнүн органдарына суроо-талап жиберип, макулдашууларды жүргүзөт. 

Чет жакта соттолгон жаран өзү, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, жубайы же жакын туугандары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч кат менен кайрылышы керек. 

Өтүнүч катта соттолгон адам жана соттун чечими тууралуу маалыматтар, мекенине которулууга негиздер, ошондой эле эмне үчүн которулууну каалап жатканы боюнча кенен жана так түшүндүрмө болушу керек. Соттолгон адамдын макулдугу сөзсүз тиркелиши шарт. Бардык документтер так таризделип, зарыл учурда нотариалдык күбөлөндүрүлүшү зарыл.  

Чет жакта соттолгон жаранды Кыргызстандагы абакка которуу – татаал жана узак процесс. Мисалы, Россиядан которуп алуу бир жылдан бир жарым жылга чейин созулушу мүмкүн. Андыктан бул ишке сабырдуулук менен даяр болуңуз. 

Башкы прокуратура өтүнүч катты алган соң, чет өлкөдөн тийиштүү документтерди сурап, соттолуучуну которуу тууралуу сотко кайрылат. Эгер сот өтүнүчтү канааттандырса, башкы прокурор же анын орун басарлары өкүмдү аткаруу үчүн документтерди Жогорку сотко берет. Жогорку соттун чечими чыгары менен күчүнө кирет жана чечимдин аткарылышын Башкы прокуратурага жүктөйт. 

Которуудан баш тарткан чечим да чыгышы мүмкүн. Буга бир катар негиздер бар, айталы, чет жакта соттолгон жаранды мекенине которуу улуттук кызыкчылыктарга каршы келсе, соттолуучу олуттуу дартка чалдыкса, жоюлбаган жарандык доолору болсо, жазаны Кыргызстандын аймагында аткарууга мүмкүн болбосо же ал Кыргызстандын аймагында буга чейин сот иштерине кириптер болсо. 

Маселе оң жагына чечилгенден кийин Башкы прокуратура тийиштүү мамлекеттик кызматтарга соттолгон адамды которуу иштерин жүзөгө ашырууну, анын ичинде Кыргызстанда кайсы абакка киргизиле турганын аныктоону тапшырат. 

Чет өлкөдөгү абактан Кыргызстандагы абакка которулган жаранда мөөнөтүнөн мурда жазасынан кутулуу, мунапыска илинүү, кечирим алуу укуктары сакталат. 




    Окшош суроолор