Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Эгер мени кылмышка шектүү деп кармашса эмне кылышым керек?

ID895
Көрүүлөр: 110
Актуалдуу: 23-04-2024
QR Code

Кармоо – жарандын кылмышка тиешеси бар-жогун аныктап, сот чечим кабыл алганганга чейин адам эркиндигин убактылуу чектөө. Мөөнөтү – 48 саатка чейин. 

Эгер сизди укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышка шектүү деп кармаган болсо, токтоолук менен мыйзамга ылайык иш тутуңуз. Кармоого каршылык көрсөтүү же качуу аракети катары чечмелениши мүмкүн болгон эч кандай аракеттерди жасабаңыз.

  • аты-жөнүн, наамын жана кызматтык абалын тааныштырат;
  • кызматтык күбөлүктү көрсөтөт;
  • сизди кармоого кандай себеп, мыйзамдуу негиз бар экенин түшүндүрөт;
  • канча убакытка кармалып жатканыңызды кабарлайт;
  • сиздин укуктарыңыз жөнүндө айтып берет. 

Кылмыштын алдын алуу үчүн кечиктирилгис чара керек учурда, жарандын кылмышка катыштыгын аныктоо зарылдыгы турса, тергөөчү шектүүнү токтоосуз кармайт. 

Төмөндөгү себептердин бири менен кармоо жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • эгер жаран кылмыш болгон жерде кармалса,
  • күбөлөр жаранды кылмышкер катары көрсөтсө,
  • кылмыштын далилдери табылса.
  • Кээ бир жагдайларда токтоосуз кармоо чарасы колдонулат. Андан башка учурларда шектүүгө “кайсы бир кылмышты жасоого шектелип жатасың” деп айтууга жетиштүү болгудай атайын тергөө же тергөө иш-аракеттеринен кийин кармоо жүргүзүлөт. 
  • Жаранды кармап жатканда тергөөчү ал эмнеге шектелип жатканын жарыялап, өзүнө карашы көрсөтмө бербөө, адвокат жалдоо, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу сыяктуу укуктарын айтып өтөт. 
  • Кармалгандан кийин дароо эле жеке тинтүү жүргүзүлөт, бул аракет видеого тартылышы мүмкүн. 

Жеке тинтүү

Кылмышка байланыштуу заттар, документтер же баалуу буюмдар сиздин денеңизде, кийимиңизде, жаныңызда болушу мүмкүн деген негиз менен жеке тинтүү жасалашы мүмкүн. 

Жеке тинтүүнү сиздин жынысыңыздагы адам жасайт. Бул тергөө амалына сиздин жынысыңыздагы кызматкерлер катыша алат. Жеке тинтүү маалында тинтилип жаткан жарандын коопсуздугу жана саламаттыгы камсыздалышы керек, анын кадыр-баркын кемсинткен аракеттерге жол берилбейт.

Жеке тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин протокол түзүлөт, анда бардык алынган буюмдар тизмектелет, алардын саны, өлчөмү, салмагы, өзгөчө белгилери жана болжолдуу наркы көрсөтүлөт. 

Протоколду кылдаттык менен окуп чыгып, күнүнө, убакытка (саат жана мүнөтүнө) жана алынган буюмдар менен документтердин тизмесине көңүл буруу керек. Эгерде сиз протоколдун мазмуну менен макул болбосоңуз, ага кол коюудан баш тартууга, каршы пикириңизди билдирүүгө укугуңуз бар.

Сизди кармаган милиция кызматкери сизди тергөө органына токтоосуз жеткирип, кармоо тууралуу токтомду түзүшү керек. Анда токтом түзүлгөн убакыт жана жай, токтомду түзгөн кызматкердин аты-жөнү, кызматы, шектүү тууралуу маалыматтар, кармоо маалындагы шектүүнүн физикалык абалы, кармоого эмне себеп-негиз болгону, кармоо качан (саат, мүнөтүнө чейин) жана кайсы жерде болгону, шектүүгө анын укуктары тууралуу түшүндүрмө берилгени, жеке тинтүү жана телефондо сүйлөшүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт. Шектүүгө адвокаттын катышуусу менен укуктары түшүндүрүлөт.

Токтомго аны түзгөн тергөөчү, эгер сиз токтомдун мазмунуна макул болсоңуз, сиз жана сиздин адвокатыңыз кол коесуздар. Кол коюп жатып кармоонун убактысына, жайына көңүл буруңуз. Эгерде протоколдун мазмунуна макул болбосоңуз же сиздин өтүнүчүңүз менен адвокат берилбесе, анда кол коюудан баш тарта аласыз. 

Токтомдун көчүрмөсү сизге берилет, ошондой эле прокурорго да жиберилет. 

Тергөөчү сиздин кармалганыңыз тууралуу туугандарыңызга, адвокатыңызга токтоосуз кабар берүүгө милдеттүү. Же бул мүмкүнчүлүктү шектүүнүн өзүнө бериши керек. Эгер чет элдик кармалса, анда элчиликке же консулдукка маалымат берилет. 

  • Шектүүгө укуктары, анын ичинде адвокат жана юридикалык жардам алуу укугу дароо түшүндүрүлөт.
  • Шектүү унчукпай коюуга укуктуу. Анын бардык сөздөрү ага каршы колдонулушу мүмкүн. 
  • Сурак адвокаттын милдеттүү катышуусу менен жүргүзүлөт.
  • Шектүү медициналык кароодон өтүүгө, дарыгерден жардам алууга жана тергөө органдарынын аракеттерине даттанууга укуктуу.
  • Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес, ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин анын кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн шашылыш тартипте жана кандай учурда болбосун сотко жеткирилиши керек. 
  • 45 сааттын ичинде (жашы жете электер үчүн – 21 саат) шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугун баалоо үчүн сотко жеткирилиши керек.
  • Эгерде шектенүү ырасталбаса же кармоо мөөнөтү өтүп кетсе, соттун чечими же тергөөчүнүн/прокурордун токтому менен бошотулат. Кармоо мыйзамдуу жана негиздүү болсо, сот кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасын тандайт.

Эгерде сиз кармоого макул болбосоңуз, тергөөчүнүн же сизди кармаган адамдын иш-аракеттерине өзүңүз же адвокаттын жардамы менен арыз жазышыңыз керек.

Кармалган адам кармалган жердин начальниги (убактылуу кармоо жайынын башчысы) тергөөчүнүн аракетине (аракетсиздигине) карата сиздин даттанууңузду сотко токтоосуз жөнөтүшү керек.




    Окшош суроолор