Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Эгер мен кылмыштын курмандыгы болуп калсам, эмне кылышым керек? 

ID948
Көрүүлөр: 74
Актуалдуу: 29-03-2024
QR Code

Жабырлануучу деп кылмыш кесепетинде физикалык, моралдык зыянга жана (же) материалдык чыгымга учураган физикалык жак саналат. 

Жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылып, кылмыш жасалганы тууралуу арыз жазыңыз.

Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар арызды кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Тергөөчү, прокурор  арызды алган учурдан тартып тиешелүү маалыматтарды кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз түрдө киргизүүгө жана сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү.

Арыз ээсине арызды кабыл алуу катталганы тууралуу документ берилет. Анда арызды кабыл алган кызматкер, арызды каттоо убактысы жана арыздын каттоо номуру көрсөтүлөт. 

Тергөөчү арыз катталган учурдан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнү токтоосуз түрдө баштоого милдеттүү. Анын жүрүшүндө тергөөчү төмөндөгү аракеттерди жасай алат: 

  • окуя болгон жерди текшерүү;
  • күбөлөрдү суроо;
  • экспертизаларды дайындоо ж.б. 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында тергөөчү төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:

  • кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
  • кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө.

Кылмыш ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим токтоосуз, бирок арыз катталган учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш. 

Көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда бул мөөнөт прокурор тарабынан 20 суткага чейин узартылышы мүмкүн.

Кылмыш ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө жабырлануучуга билдирүү берилиши шарт. 

Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тиешелүү билдирүүнү алган учурдан тартып 10 күндүк мөөнөттө прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылгандан кийин тергөөчү тергөөгө киришет жана адамды жабырлануучу деп таанууга милдеттүү.

Жабырлануучу тергөө мезгилинде көптөгөн укуктарга ээ, алардын айрымдары:

  • өз эне тилинде көрсөтмө берүү жана зарыл болгон учурда котормочунун кызматынан пайдалануу;
  • далилдерди келтирүү;
  • өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды билдирүү;
  • өкүлгө ээ болуу (адвокат, жубайы, жакын туугандарынын бири же болбосо башка адам);
  • мыйзамда каралган учурларда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укуктуу (мындай жардамга үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар, адам сатуунун курмандыктары, баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой адамдар укуктуу), 
  •  медициналык мекемеде күбөлөндүрүүдөн өтүү;
  •  өз өтүнүчү боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине катышуу;
  • тергөө аяктагандан кийин кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышуу жана алардын көчүрмөлөрүн алуу;
  • сотко катышуу;
  • тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине даттануу;
  • күнөөлүү адамга келтирген мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуртуу.  

Күнөөлүү адамдын эсебинен материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда жабырлануучуга келтирилген зыяндын жана (же) зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктаган тартипте атайын фонддун эсебинен жүргүзүлөт.

Жабырлануучунун укуктары менен катар милдеттери да бар, атап айтканда:

  • тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүү;
  • көрсөтмө берүү, иш боюнча ага белгилүү болгон нерселердин бардыгын чынчыл билдирүү;
  • алдын ала эскертилген болсо, иш боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.

Көрсөтмө берүүдөн баш тартса же атайылап жалган көрсөтмө берсе, жабырлануучу Кылмыш-жаза кодексинин 364- жана 365-беренелеринде көрсөтүлгөн жоопкерчиликти тартат. 

Жабырлануучу өзүнө же жакын туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес экендигин биле жүрүңүз. 

Эгерде кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу жабырлануучуга карата зомбулук жасоо коркунучу бар болсо, жабырлануучу дароо тергөөчүгө кайрылууга тийиш.

Коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арыз аны алган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен каралууга тийиш. Тергөөчү жабырлануучунун, ошондой эле анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздукта болушун камсыздаган чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул жөнүндө токтом чыгарат. Кабыл алынган чечим жөнүндө жабырлануучуга тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен токтоосуз кабар берилет. 

Эгерде тергөөчү коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартса, жабырлануучу бул боюнча прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.

Тергөөчү дайындай турган коопсуздук чараларынын түрлөрү:

  • зомбулук коркунучун жаратып жаткан адамга “кылмыш жоопкерчилигине тартылышың мүмкүн” деп расмий эскертүү;
  • корголуучу адам жөнүндө маалыматка жетүүнү чектөө;
  • жабырлануучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма;
  • күнөөлүү адамга карата зомбулук колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу бөгөт коюу чарасын колдонуу;
  • жабырлануучуга жакындоого тыюу салуу. 




    Окшош суроолор