Адамдар ар-намысына, абийирине же ишкердик беделине доо кетирген маалыматтарды төгүндөөнү соттон талап кылууга укуктуу. Ишкердик беделин юридикалык жактар да коргой алышат.
Жарандын көзү өтсө да, анын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин коргоо талабын кызыкдар тараптар да кое алышат.
Эгерде доо кетирген маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылса, ал маалыматтар ошол эле ЖМКда төгүндөлүүгө тийиш. Эгерде мындай маалыматтар кайсы бир мекеме-уюм чыгарган документте болсо, анда ал документ алмаштырылууга же чакыртып алынууга тийиш. Башка учурларда төгүндөөнүн тартиби сот тарабынан аныкталат.
Арыз берерден мурда коомдук аянтчада, айталы, социалдык тармакта айтылган маалымат жалган, кемсинтүүчү мүнөздө экенине ынаныш керек.
Сиз сотто төмөндөгүлөрдү далилдешиңиз керек:
- Маалымат сиз жөнүндө жана ал үчүнчү тараптарга жеткиликтүү:
Мисалы, социалдык тармактагы пост, WhatsApp`тагы тайпалык чаттардагы билдирүү же форумдагы комментарий.
- Маалымат сизге тиешелүү:
Бул маалыматты окуган адам сиз жөнүндө кеп болуп жатканын дароо түшүнөт. Мисалы, сиздин аты-жөнүңүз же ээлеген кызматыңыз аталган.
- Маалымат жоопкер тарабынан жайылтылган:
Бул маалыматты жоопкер жайылтканын далилдешиңиз керек. Эгерде маалымат фейк аккаунттардан же анонимдик булактардан жарыяланган болсо, далилдөө кыйын болушу мүмкүн. Мисалы, белгисиз автордун Telegram каналдагы билдирүүсү.
- Маалымат жалган:
Айтылган же жазылган нерсе чындыкка дал келбейт. Мисалы, сиз тууралуу кылмыш жасаган деп айтылган, бирок бул чындыкка дал келбейт.
- Маалымат ар-намысыңызга шек келтирген:
Маалымат сиздин ар-намысыңызга жана абийириңизге шек келтирген. Мисалы, сизди алдамчы же адепсиз иш кылган деп айтышты. Туура эмес маалыматтын баары эле шек келтирбейт. Мисалы, эгерде сизди кадр бөлүмүнүн башчысы дегендин ордуна эсепчи деп атаса, бул туура эмес, бирок сизди кемсинтпейт.
- Маалымат факт катары берилген: Маалымат пикир же божомол катары эмес, факт катары берилген. Мисалы, “Ал акча уурдаган” — факт. Ал эми “Ал ууру эмеспи?” деген күмөн жана доо арызын берүүгө негиз боло албайт.
Ар-намысыңызга жана абийириңизге доо кетирген фактыны ырастаган бардык далилдерди чогултуңуз. Бул тексттик билдирүүлөр, социалдык тармактардагы жазуулар, аудио жана видеожазуулар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү ж.б. болушу мүмкүн. Мисалы, талаштуу маалымат жайгаштырылган интернет-сайттын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү далил боло алат.
Сотко кайрылардан мурда чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылыңыз. Маалыматты тараткан тарап менен жолугушуп, талаптарыңызды коюңуз.
Маселени сотко чейин жайгаруу аракетинен майнап чыкпаса, ар-намысты, абийирди коргоо иштерине адистешкен юристтен кеңеш алыңыз. Юрист сизге доо арызды туура тариздөөгө жана кийинки кадамдарды аныктоого жардам берет.
Жеке мүлктүк эмес укуктарды бузууга байланыштуу келип чыккан ар-намысты, абийирди жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптарга доо мөөнөтү колдонулбайт.
Жарандардын жана юридикалык жактардын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин коргоо боюнча иштер райондук соттордо каралат. Жашаган жериңиз же жоопкердин жайгашкан жери боюнча райондук сотко доо арызын бериңиз.
Доодо жалган маалыматты төгүндөөнү, моралдык зыяндын ордун толтурууну жана мындан аркы бузулууларды токтотууну талап кылсаңыз болот.
Доо арызын бергенде мамлекеттик алым 1000 сом өлчөмүндө төлөнөт.
Сот отурумдарына катышып, жыйналган далилдерди, ар-намысыңызды жана абийириңизди коргоо боюнча аргументтерди бериңиз.
Ар-намысты, абийирди жана ишкердик беделди коргоо боюнча иштер сотко арыз түшкөн күндөн тартып үч айга чейинки аралыкта каралат.
Соттун чечимин алыңыз. Чечим сиздин пайдаңызга болсо, талаптарыңыз канааттандырылат.
Чечимге канааттанбасаңыз, апелляциялык негизде даттана аласыз.
Соттун оң чечими чыккандан кийин анын аткарылышын байкаңыз. Эгерде чечим аткарылбаса, аткарууну күч менен камсыз кылуу үчүн сот аткаруучуларына кайрыла аласыз.