Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Алдамчылардан жабыркаган учурда эмне кылыш керек? 

ID1923
Көрүүлөр: 62
Актуалдуу: 11-07-2024
QR Code
  •  Кылмыш жасалганы тууралуу арыз жазыңыз. Сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүчү орган сиздин арызыңызды кабыл алып, каттоого милдеттүү.

  • Арызыңызды алгандан кийин тергөөчү же прокурор тиешелүү маалыматтарды Бирдиктүү кылмыштар реестринде каттоого алып, сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү. Сизге арызды кабыл алган адамдын аты-жөнүн, каттоо убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен арызды каттоо тууралуу документ берилиши керек.

  •  Арыз катталган учурдан тартып тергөөчү текшерүүнү тез арада баштоого милдеттүү. Текшерүү учурунда ал окуя болгон жерди кароого, сизди жана башка күбөлөрдү суракка алууга, экспертизаларды дайындоого жана башка зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. 

  • Алгачкы тергөө текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алат. Бул чечим арыз катталгандан тарта 10 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынышы керек. 
  • Эгерде чечимди белгиленген мөөнөттө кабыл алуу мүмкүн болбосо, прокурор мөөнөттү 20 күнгө чейин узарта алат.
  • Сизди кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу жөнүндө кабардар кылышат. Эгерде иш козголсо, тергөөчү кылмышты толук иликтөөнү баштайт.

  • Эгерде сиз кылмыш ишин козгоодон баш тартууга макул болбосоңуз, бул чечимдин үстүнөн даттанууга укуктуусуз. Прокурорго же сотко тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттануу жазыңыз.

  • Алдамчылыкка байланыштуу бардык документтерди, кат алышууларды, чектерди жана алдамчылык фактысын тастыктаган башка материалдарды сактаңыз.
  • Алдамчылар менен андан ары байланышууну токтотуңуз. 
  • Эгерде алдамчылар сиздин банктык маалыматтарыңызды колдонсо, дароо банкка кайрылып, карта-эсептериңизге бөгөт койдуруңуз.




    Окшош суроолор