Ооба, абакта жаткан жаран мурас кагаз түзүү укугуна ээ. Мындай учурда мурас кагазын түзөтүү мекемесинин жетекчиси күбөлөндүрөт.
Абактын жетекчиси күбөлөндүргөн мурас кагаз нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ. Андан арты документти юстиция органдарына каттоого жиберишет.
Мурас кагазы жазуу түрүндө түзүлөт. Документ жазылган убакыт менен жай көрсөтүлүшү зарыл. Автор өзү кол коюшу шарт. Эгерде ал ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кол кое албаса, анын өтүнүчү боюнча башка бир адам абак башчысынын катышуусунда кол коюшу мүмкүн. Бул учурда мурас кагазын түзүүчү эмне себептен кол кое албаганы сөзсүз түрдө көрсөтүлөт.
Жыйынтыктасак, соттолгон жарандар абак жайларында болсо да, “көзүм өткөндө мал-мүлкүм тигиндей же мындай бөлүштүрүлсүн” деген эркин билдирүүгө укуктуу.