Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кошунам менин жер тилкеме кирип кетти. Эмне кылышым керек?

ID1454
Көрүүлөр: 144
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Кошуналардын ортосундагы жер талаш адатта тилкелердин чек аралары так аныкталбаган учурда келип чыгат. Көпчүлүк чек араларды кантип туура аныкташ керектигин, аны ким жана кандайча бекитерин биле бербейт. Анын үстүнө жер көп убакыттан бери бир үй-бүлөнүн карамагында болуп, мураска өтүп жүрүп, так чек ара эбак унутулуп деле калат. Же болбосо чек ара эзели такталбаган учурлар кездешет.

Кошуналар менен жер талашты эки жол аркылуу чечсе болот:

  1. Кадастр кызматынын адистерин тартуу менен маселени сүйлөшүү аркылуу чечип алса болот. 
  2. Эгер тынч жол менен маселе чечилбесе, анда сотко кайрылыш керек.

Техпаспортто жер тилкеңиздин бардык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде аянты  көрсөтүлөт. Укугуңузду бекемдеш үчүн Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо бөлүмүнө кайрылып, кошумча актыны алсаңыз болот. Ал үчүн мекемеге арыз калтырыңыз. Тийиштүү адис келип, сиздин жана кошунаңыздын тилкелерин өлчөп, мамлекеттик актынын маалыматтарына канчалык дал келерин аныктап берет. 

Эгерде кагазда көрсөтүлгөн маалыматтарга иш жүзүндөгү аянттар дал келбесе, актыны түзүп берип кетет. Муну көрсөтүп, кошунаңыз менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Эгер кошунаңыз маселени тынч жол менен чечүүгө көнбөсө, ошол актыга таянып, сотко кайрылсаңыз болот.

Эгерде расмий аныкталган чек аралар боюнча талаш жаралса, анда каттоо органынын үстүнөн даттана аласыз. 

  • паспорт;
  • доо арыз (үлгүсү макаланын аягына тиркелген); 
  • Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кошумча актысы;
  • жер тилкесине ээлик кыларыңызды тастыктаган документтер, төмөндөгүлөрдүн бири болушу мүмкүн:
    • сатуу-сатып алуу келишими;
    • айырбаштоо (мена) келишими;
    • белек кылуу келишими;
    • тийиштүү органдын чечими;
    • соттук акт;
    • ижара боюнча катталган келишим (3 жылдан жогорку мөөнөткө); 
  • жер тилкесинин ээси тууралуу каттоо органдарынан маалымкат;
  • каттоо органынан жер тилкесинин планы, анда тилкенин жайгашкан жери да көрсөтүлүшү керек. 

Эгерде кошуна менен келише албасаңыз, талашты жарандык да, жазык тартибинде да чече аласыз. 

Жарандык тартип:

  • Менчик укугуңуздун бузулушун токтотуу боюнча доо арызды кошунаңыздын жашаган жери боюнча сотко бересиз. 

Жазык тартиби: 

  • Кошунаңызга айып коюу катын жиберсеңиз болот. Анда кошунаңыздын аракети боюнча  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-1 беренеси (Жерлерди өз билемдик менен ээлеп алуу) боюнча кылмыш козгосо болорун көрсөтүңүз. Бул ага кошумча басым болуп берет. 

Сот сиздин жана кошунаңыздын талаптарын, далилдерин угат жана ошого жараша чечим кабыл алат. Эгер маселе сиздин пайдаңызга чечилсе, кошунаңыз чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жериңизди бошотуп бериши керек. 

Эгерде соттун чечимине макул болбосоңуз, анда аппеляциялык тартипте даттана аласыз. Баса, кошунаңызда да ушундай укук бар экенин унутпаңыз.






    Окшош суроолор