Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы учурларда мамлекет жер тилкесин алып кое алат? 

ID1595
Көрүүлөр: 97
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Жер тилкеси соттун чечими менен гана алынат. Муну шарттаган негизги эки жагдай бар:

  1. мамлекеттик жана коомдук муктаждык жаралганда, мисалы, сиздин тилкеңизге оорукана салынышы керек. 
  2. менчик ээси жер мыйзамдарын бузган учурда.

Ар бирине кенен токтолуп өтөлү.

  • Жерди туура эмес пайдалануу: мисалы, турак-жайга деген жер соода үчүн колдонулса.
  • Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди сатып алуу: мисалы,  оорукана куруу, жол салуу. 
  • Айыл чарба багытындагы жерди үч жыл бою пайдаланбай коюу: жер тилкеси эгинсиз бош жатат. 
  • Айыл чарбадан башка максатка алынган жерди беш жыл бою пайдаланбай коюу: мисалы, өнөр жай курулушуна деп алынган менен, жер бош турат. 
  • Жер салыгын төлөбөй коюу. 
  • Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй коюу. 
  • Жер казынасын пайдалануу укугун жокко чыгаруу. 
  • Жер тилкеси үчүн ижара акысын төлөбөй коюу. 
  • Мамлекеттик программалар үчүн берилген жер тилкесин максатсыз пайдалануу: социалдык турак жайга бөлүнгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланды. 

Көңүл буруңуз! Турак үйдү тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүүгө батытталган жер тилкеси мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт.

Алгач мамлекеттик органдар жер ээси менен макулдашууга аракет кылышат. Эгерде менчик ээси макул болбосо, орган, айталы, мэрия же айыл өкмөтү сотко кайрыла алат.

Сот иштери башталды. Бирок соттун чечими чыкканга чейин менчик ээси жерди максаттуу багытынан чыкпай, каалагандай пайдалана алат. Процесс башталгандан кийинки чыгымдардын тобокелдиги ага жүктөлөт.

Мамлекет менчик ээсине базар баасындагы акыл сыярлык компенсацияны төлөп бериши керек. Компенсация жер тилкесинин, андагы курулуштардын баасын, ошондой эле жерди алып коюуга байланыштуу башка чыгымдарды камтышы зарыл. 

Эгерде жердин ээси туура көрсө, ага компенсациянын эсебинен башка тилке сунушталышы мүмкүн. 

Жер ээси тилкени алуу туура эмес жүргүзүлүп жатат же компенсация жетишсиз деп эсептесе, жерди алуу боюнча чечимдин үстүнөн сотко даттана алат. 

Менчик ээси жер, салык ж.б. тийиштүү мыйзамдарды бузган учурда дароо эле жерин алып коюшпайт. Жерди алып коюу акыркы чара болуп саналат жана соттун чечими менен гана ишке ашат. Алгач мыйзамды сактабаган жаранга эскертүү берилет. Анда мыйзамдын кайсы талабы бузулганы, аны кантип жана канча убакта оңдош керектиги, эгерде эскертүүдөгү талаптар аткарылбаса, кандай кесепеттер күтүп турганы, ошондой эле жер ээси эскертүүнү негизсиз деп эсептесе, бул документтин үстүнөн кантип даттанса болору айтылат. 

Эскертүүдөн майнап болбосо, жер ээсине карата административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары колдонулат. 

Иш сотко ашып, жер тилкени алуу боюнча чечим чыкты дейли. Айрым учурларда менчик ээсине компенсация төлөп берүү каралган. Мисалы, дыйканчылык жер башка багытта пайдаланылса же пайдаланылбай бош жаткан учурда. Бирок жерди алып коюуга, аны кайра аукцион аркылуу сатыкка чыгарууга байланыштуу чыгымдар жер ээсинин эсебинен кыскартылат. Ушундан кийин ал тилке аукционго коюлат. Калган учурларда компенсация каралган эмес. 

Жер ээси процесс туура эмес жүргүзүлдү же компенсация жетишсиз болду деп эсептесе, жерди алуу чечиминин үстүнөн сотко даттана алат. 






    Окшош суроолор