Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кыргызстандан чыгууга чектөөнүн бар-жогун кантип текшерсе болот?

ID2181
Көрүүлөр: 124
Актуалдуу: 15-10-2024
QR Code

Эгерде жарандын сот аткаруучулар линиясы боюнча карызы бар болсо, анда ага карата чектөө чаралары көрүлүшү мүмкүн. Мындай чаралардын бири – өлкө чегинен тышкары чыгууга тыюу салуу. 

Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салууга ар кандай себептер болушу ыктымал. Көпчүлүгү ар кандай айып пулдардын, анын ичинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдардын негизинде коюлат. Сот аткаруучулар карызкорлорго жарандардын жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүлүүчү карыздар боюнча чектөөлөрдөн тышкары, алименттик жана кредиттик милдеттенмелер жана башка аткаруу документтери боюнча чет өлкөгө чыгууга убактылуу чектөө коюшу мүмкүн.

Кызык жери, жол эрежелерин бузуу үчүн арзыбаган айып пул үчүн деле чектөө коюлуп калышы мүмкүн. Ал айып пулду унаа ээси унутуп же такыр эле бейкабар болушу да ыктымал. 

Сот департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда сыртка чыгууга чектөө коюла турган карыздын минималдуу суммасы жок. 

Жарандын сыртка чыгышына дароо эле чектөө коюлбайт. Алгач ага карызды өз ыктыяры менен төлөп берүү сунушталат. Билдирүү жарандын колуна тийген күндөн тарта карызды төлөп, милдеттемелерди аткарууга 10 күн убакыт берилет. Эгерде карыз белгиленген мөөнөттө төлөнбөсө, сот аткаруучу ошол жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына убактылуу чектөө кое алат. Бул чаралар жеке адамдарга да, компаниянын жетекчилерине да менчигинин түрүнө карабастан колдонулат.

  1. Шилтеме боюнча өтүңүз: http://suddep.sot.kg/page/debtors
  2. “Карызкордун ПИНи”  талаасына ПИН-номериңизди (паспорттун арткы бетиндеги 14 орундуу номерди) киргизиңиз.
  3. “Мен робот эмесмин” деген чарчыны белгилеңиз.
  4. “Издөө” баскычын басыңыз.
  5. Жыйынтыкты алыңыз.

Муну эки жолу бар:

  1. “Түндүк” тиркемеси аркылуу
  2.  https://portal.tunduk.kg/ порталы аркылуу

Бул үчүн булут электрондук кол тамгасын алуу керек. Мурда кол тамганы алыш үчүн сөзсүз түрдө Калкты тейлөө борборуна барыш керек болсо, азыр бардыгын онлайн режимде жасаса болот. Эгер сизде булут электрондук кол тамга жок болсо, анда кол тамганы алуунун жол-жобосун түшүндүргөн макалага өтүңүз. 

Албетте, колдонмо ыңгайлуураак, бирок биз экөөнү тең карап көрөлү. 

Колдонмо:

  1. “Түндүк” колдонмосун ачыңыз.
  2. Башкы беттен “Сиздин соттук карыздарыңыз” деген жерди издеңиз.
  3. Маалымат алуу үчүн билдирмени жибериңиз. 
  4. Маалыматты алыңыз.

Портал:

  1. Шилтеме боюнча өтүңүз: https://portal.tunduk.kg/ 
  2. Жогорку оң бурчтан “Кирүү” баскычын табыңыз. 
  3. Сиз бирдиктүү идентификация тутумуна өтөсүз, кирүү үчүн ыңгайлуу вариантты тандаңыз (мисалы, электрондук кол тамга).
  4. ПИН-номуруңузду киргизип, андан кийин “Түндүктөгү” сыр сөзүңүздү териңиз. Бир жолку кодду алуунун ыңгайлуу жолун тандаңыз (мисалы, смс), 6 орундуу кодду терип, кириңиз. 
  5. Портал сизден маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө уруксат сурайт, “Ооба, уруксат берүү” дегенди тандаңыз.
  6. “Сот аткаруучулар тарабынан карыздары бар экендиги жөнүндө маалымат” дегенди табыңыз. 
  7. “Арыз берүү” деген жерди басыңыз. 
  8. Сиз автоматтык түрдө түзүлгөн билдирүүнү көрөсүз. “Жөнөтүү” баскычын басыңыз. Бул кызматты алуу акысыз. 
  9. Сиз жоопту дароо аласыз, ошондой эле электрондук почтаңызга келет.

Ооба, болот. Катталган жериңиз боюнча сот департаментине кайрылыңыз.  

Же Сот департаментинин башкы кеңсесине кайрылыңыз. Дареги: Бишкек шаары, Жунусалиев көчөсү 171. Телефон номуру: 0312 25 01 54.

Сот департаментине кайрыла аласыз:

  • Тел: +996( 312) 25-09-52;
  • Эл. эл. почта: suddep@e-sot.kg 
  • Сайты: suddep.sot.kg   
  • Иштөө убактысы: 8:30 – 17: 30
  • Жарандарды кабыл алуу: Жума күнү саат 14: 00-17: 00
  • Тыныгуу: 12:00 – 13:00




    Окшош суроолор