Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кыргызстандын жарандыгын кантип алса болот?

ID1975
Көрүүлөр: 75
Актуалдуу: 15-07-2024
QR Code

 Кыргызстандын жарандыгын жалпы негизде жана жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга болот. Ар бирине кандай талаптар коюлат? Кандай документтер менен кайсы жерге кайрылыш керек? Ирети менен карап чыгалы.

18 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар арыз менен жеке кайрылышы керек.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн негизги талап – өлкө аймагында 5 жыл бою туруктуу жана үзгүлтүксүз жашоо. Бирок бул мөөнөт төмөнкү себептер боюнча 3 жылга кыскартылышы мүмкүн:

  • Илим, техника, маданият, спорт тармагында жогорку жетишкендиктер, ошондой эле КРде талап кылынган кесип же квалификация.
  • КРнын приоритеттүү экономикалык тармактарына инвестициялоо. Инвестициянын тартиби жана өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
  • КРдин мыйзамдарына ылайык качкын же жарандыгы жок адам катары таанылуу.
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге туруу. 

Беш жылга да, үч жылга до коюлган башка талаптар:

  • Мамлекеттик же расмий тилди билүү.
  • КРдин Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо милдети.
  • Жашоого каражат булагы болушу керек. 
  • КРде жана өз өлкөсүндө соттоболгон болушу кажет.  

14-18 жаштагы балдар үчүн жарандык алганда алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат. 

Төмөндөгү талаптардын бирөөсүнө жооп берсе, жарандык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (эл аралык келишимдерде башка шарт жок болсо, жашоо мөөнөтү 1 жылга кыскартылат) берилет: 

  • Ата-энесинин жок дегенде бирөөсү КРдин жараны жана КРдин аймагында жашайт.
  • Кыргыз ССРинде туулган жана/же мурдагы СССРдин жараны болгон.
  • Мурда КРдин жараны болгон, эми анысын кайра калыбына келтирип жатат. 

Этникалык кыргыздардын жарандыкка кабыл алынышы

Башка мамлекеттин жараны болгон же жарандыгы жок этникалык кыргыздар туруктуу жашоо сыяктуу талаптарды аткарбастан КРдин жарандыгына кабыл алынат. Алар башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуу менен жарандыкты ала алышат.

Балдар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандыкты ала алышат:

  • Ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдар. 
  • Көзөмөлчүсү же камкорчусу КРнын жараны болгон балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар. 

Мурдагы жарандар 

Кыргызстандын мурдагы жарандары жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте калыбына келтире алышат. Алар жашоо мөөнөтү жана башка шарттарды аткарбастан жарандыкка кабыл алынат (эгер эл аралык келишимдерде башка шарт каралбаса).

Салым үчүн 

КРдин президенти спортко, экономикага же маданиятка салым кошкон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын тизмесин аныктайт. Алар туруктуу жашоо мөөнөтүн жана башка шарттарды аткарбастан, башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуу менен жарандыкка кабыл алынат.

Негизги документтердин тизмеси:

  • Жарандыкка кабыл алуу жөнүндө анкета-арыз.
  • Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын өздүгүн тастыктаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн паспорт, жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу жашоо уруксаты, качкын деп таанылган адам үчүн качкын күбөлүгү).
  • Электрондук форматтагы сүрөт (сүрөт жеринде тартылат).
  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы беш жыл бою туруктуу, үзгүлтүксүз жашаганын тастыктаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жарандары үчүн виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жарандары үчүн каттоо талону, жарактуу каттоосу менен туруктуу жашоо уруксаты).
  • Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоочу маалымкат. Кыргыз же орус тилин үйрөнүү менен окуу жайды аяктагандарга бул талап коюлбайт. 
  • Өз өлкөсүндө соттолбогондугун тастыктаган, апостилденген же консулдук легализациядан өткөн маалымкат (качкындардан тышкары).
  • Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. 
  • Жарандыктан баш тартуу жөнүндө арыз (Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытайдын жарандары үчүн).
  • Мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция.

 Үч жылдык мөөнөт менен жарандык алууга укугу барлар үчүн кошумча документтер:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы үч жыл бою туруктуу, үзгүлтүксүз жашаганын тастыктаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жарандары үчүн виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жарандары үчүн каттоо талону, жарактуу каттоосу менен туруктуу жашоо уруксаты).
  • Талапкерди КР жарандыгына кабыл алуу боюнча мамлекеттик органдан өтүнмө же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген илим, техника, маданият, спорт, кесип же квалификация боюнча жогорку жетишкендиктерди тастыктаган документ. Же болбосо Кыргыз Республикасынын приоритеттүү экономикалык тармактарына Министрлер кабинети тарабынан бекитилген өлчөмдө инвестиция салгандыгын тастыктаган документ.
  • Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге тургандыгын тастыктаган күбөлүк.
  • Каттоо жайы боюнча Калкты тейлөө борборуна (ЦОН).
  •  Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө.

Жалпы тартипте жарандык маселелерин кароо жана чечим кабыл алуу бир жылга чейин созулат.

  1. Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыргандар же мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудургандар.
  2. Жасалма документтерди же жалган маалыматтарды бергендер.
  3. Өлкөдөн чыгарылган жана кирүүгө убактылуу (5 жыл) же биротоло тыюу салынгандар.
  4. Башка мамлекеттин аскердик кызматында же укук коргоо жана коопсуздук органдарында кызмат өтөп жаткандар.
  5. Соттордун же укук коргоо органдарынын акыркы чечимине чейин кылмыш жообуна тартылгандар.
  6. Жарандык иштер боюнча соттордун акыркы чечимине чейин жоопкерлер.
  7. Эркинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан жана жазасын аяктаганга чейин соттолгондор.
  8. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча кошумча суроолор менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 номерине (Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунан чалуу акысыз) же Калкты каттоо департаментинин  Telegram каналына кайрылсаңыз болот.




    Окшош суроолор