Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Документтер жок учурда баланын төрөлгөндүгүн кантип каттаса болот?

ID1845
Көрүүлөр: 165
Актуалдуу: 05-07-2024
QR Code

Баланын төрөлгөндүгүн мамлекеттик каттоодон өткөрүп, ага күбөлүк алыш үчүн төрөт үйүнөн маалымкат менен ата-энесинин паспорттору керек. Бул ишти ымыркай бир жашка чыкканга чейин бүтүрүү зарыл. Ар кандай себептерден улам керектүү документтер жок болуп калат. Андайда баланын төрөлгөндүгүн кантип каттоодон өткөрсө болот? 

Ата-энеде паспорт жок болгон учурда баланын төрөлгөндүгүн каттоо арыздын жана медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт. Андан кийин балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет жана тийиштүү электрондук системага  жазуу киргизилет. 

Бул учурда сотко кайрылуу зарыл. 

Балаңыздын туулгандыгын тастыктай турган бардык жеткиликтүү далилдерди жана документтерди чогултуңуз: 

  • ЖААК органынан баланын туулгандыгын аныктоодон баш тартуу боюнча жазуу жүзүндөгү жооп. 
  • Арыз ээсинин паспортунун же инсандыгын тастыктаган башка документинин көчүрмөсү.
  •  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан (айыл өкмөтү) арыз берүүчүнүн бала менен бирге туулган күндөн тарта ошол аймакта жашаганын тастыктаган маалымкат. 
  • Балдар бакча же мектептен арыз берүүчүнүн балага ата-эне катары мектеп документтеринде көрсөтүлгөнүн тастыктаган маалымкат. 
  • Туугандардан жана коңшулардан арыз берүүчүнүн баланы төрөгөндүгүн тастыктаган түшүндүрмөлөр.
  •  Аялдын боюнда бар экендигин, анын медициналык текшерүүлөрүн жана төрөткө байланыштуу башка жагдайларын күбөлөндүргөн фото жана видеоматериалдар. 
  • Туулгандыгын тастыктаган документтер: көчүрмөлөр, маалымкаттар, ошондой эле аялды кош бойлуу кезинде көргөн же төрөт учурунда анын кыйкырыктарын уккан адамдардан жазуу жүзүндөгү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү. 
  • Мамлекеттик алымды (1000 сом) төлөгөндүгү ырастаган квитанция. 

Жашаган жериңиз боюнча сотко доо арызын тапшырыңыз. Арызда баланын туулгандыгын таануу өтүнүчүн келтириңиз. Баланын туулгандыгын аныктоонун максатын белгилеңиз жана керектүү документтерди алуу же калыбына келтирүү мүмкүн эместигин тастыктаган далилдерди бериңиз. Арыздын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, аны жүктөп алсаңыз болот.

Сот баланын туулгандыгын аныктоо жөнүндө чечим чыгарат. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен жарандык абалдын актыларын каттоо органына (ЗАГС) кайрылып, баланын туулгандыгын каттатуу жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу керек.




    Окшош суроолор