Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

ЗАГС өлүмдү каттоодон баш тартса эмне кылыш керек?

ID1866
Көрүүлөр: 119
Актуалдуу: 05-07-2024
QR Code

Убагында кайрылбаса же зарыл медициналык документтер жок болгондо ЗАГС мекемеси өлүмдү каттап, күбөлүк берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Өлүмдү каттамайын маркумдун мүлкүн башкарууда, мурасты алууда же мамлекеттен тийиштүү жөлөк пулдарды алууда кыйынчылыктар жаралат. Бирок маселени чечүүнүн жолу бар – сотко кайрылыш керек.

  • ЗАГСтын өлүм окуясын каттоодон баш тартуу боюнча жазуу жазуу жүзүндөгү каты. 
  • Арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү.
  • Арыз берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат.
  • Адамдын белгилүү бир убакта жана белгилүү бир шарттарда каза болгонун ырастаган далилдер:
    • Милициянын адамдын каза болгондугу тууралуу актысы (бар болсо).
    • Милдеттүү камсыздандыруу мекемесинин адамдын дарыгерге кайрылбай каза болгондугу же жерге берилгендиги тууралуу актысы.
    • Өлүмгө күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү.
    • Маркумдун көмүлгөн жери жана ага коюлган эстеликтин сүрөттү (бар болсо).
    • Арыз берүүчүнүн арыз берүү укугун тастыктаган документтер: нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгер арыз берүүчү маркумдун баласы же ата-энеси болуп саналса).
    • Маркумдун инсандыгын тастыктаган документтер (паспорту, айдоочулук күбөлүгү ж.б.).
    • 1000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алым төлөнгөндүгү боюнча квитанция. 

Жашаган жериңиз боюнча сотко арызды башка документтер менен бирге тапшырыңыз.

Арызда маркумдун өлүмүн каттоо эмне үчүн керектигин, өлүмдү сотсуз каттоого тийиштүү документтерди тариздөө мүмкүн болбогонун далилдер менен көрсөтүү зарыл.

Арыздын үлгүсү төмөндө тиркелген, жүктөп алсаңыз болот. 

 




    Окшош суроолор