Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жашаган жери боюнча каттоого туруунун жол-жобосу кандай? 

ID1979
Көрүүлөр: 466
Актуалдуу: 16-07-2024
QR Code

Жарандар жашаган жерин алмаштырганда 10 жумушчу күндүн ичинде жаңы дареги боюнча каттоого турушу керек.

  • паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу башка документ;
  • жаранды үйгө каттоо үчүн негиз болуучу документ (ордер, ижара келишими (кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү реестринде маалымат болсо,бул документ талап кылынбайт)

16 жашка чыга элек жарандар үчүн

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту.

аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн:

  • мурдагы жашаган жери боюнча аскердик эсептен чыккандыгы жана жаңы жашаган жерине аскердик эеепке тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).

аскер кызматчылары үчүн

  • аскердик бөлүк же аскердик мекеме тарабынан берилген маалымкат.

эркинен ажыратылган жерден бошотулган жарандар үчүн:

  • эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат.

Арыз ээси же турак-жайдын ээси жок болгон учурда нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу же ишеним кат талап кылынат.

Бир нече үйү бар адам алардын бирөөсүнө гана каттоого тура алат. 

Туруктуу жашаган жери жок жарандар  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык дареги боюнча ошол мекеменин өтүнүчү боюнча каттого алынат.  

  • Каттоо жайы боюнча Калкты тейлөө борборуна (ЦОН).
  •  Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө.

Эгерде үйдүн документи банкта болсо, аны көрсөтүү керекпи?

 Жок, эгерде турак-жайга укук Бирдиктүү реестрде катталган болсо, кошумча документтер талап кылынбайт.

Каттоого тура турган үйдүн бир нече ээси болсо, баарынын макулдугу керекпи?

Бирөөсүнүн макулдугу жетиштүү. 

Эгерде менин жеке турак-жайым жок болсо эмне кылышым керек? 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан (айыл өкмөттөн, мэриядан) өтүнүч алуу керек. 

Мен батир сатып алдым. Мурда бул жакка катталгандарды чыгара аламбы? 

Менчик ээси өзгөргөндө алар автоматтык түрдө чыгарылат. 

Ишеним кат менен катталып жана каттоодон чыкса болобу?

 Ооба, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен жасаса болот. 

Жаңы жерге каттоого туруш үчүн мурдагы жерден каттоодон чыгып келиш керекпи?

 Жок, бир аймактан экинчи аймакка көчкөндө жумуштун баары«Даректик-маалымдама бюросу» системасы аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Кошумча суроолор болсо Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 номерине (Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунан чалуу акысыз) же Калкты каттоо департаментинин  Telegram каналына кайрылсаңыз болот.




    Окшош суроолор