Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек?

ID1987
Көрүүлөр: 114
Актуалдуу: 02-08-2024
QR Code

102 номери аркылуу милицияга же 112 номери аркылуу бирдиктүү куткаруу кызматына чалыңыз.

Чалганда жеке маалыматтарыңызды – аты-жөнүңүздү, туулган күнүңүздү, жашаган дарегиңизди так жана толук айтыңыз. Эгер көп кабаттуу үйдө турсаңыз, анда домофондун кодун да көрсөтүңүз. 

Кандай коркунучка кептелип турганыңызды даана сүрөттөңүз. Мисалы, өмүрүмө коркунуч бар, “өлтүрөм” деп коркутуп жатат, катуу сабады ж.б. Мындайда милиция кырдаал канчалык олуттуу экенин баалап, ыкчам аракеттенет. 

Мүмкүн болсо, сүйлөшүүлөрдү жаздырып алыңыз. 

  • Зомбулук кайра кайталанышы мүмкүн, андыктан аракеттириңизди алдын ала пландаштырып коюңуз.

  • Ишенген кишиңизге, айталы, досуңузга же тууганыңызга зомбулук тууралуу айтыңыз. Алар сизге жардам беришет. 

  • Качып барганга коопсуз жай таап коюңуз. Ошол эле туугандар же достор убактылуу башпаанек бере алышат. 

  • Үйдөн ызы-чуу, кыйкырык угулса, милицияны чакырып коюңуздар деп кошуналарга дайындаңыз. 

  • Мүмкүн болсо коркутуу, уруп-сабоо учурларын видео, сүрөткө тартып же диктафонго жаздырып алыңыз. 

  • Үйдө курал-жарак болсо, андан арылыңыз. Сизге зыян алып келчү нерселердин баарын жок кылыңыз. 

  • Атайын баштыкчаны даярдап коюңуз. Анда акча, запас ключ, паспорт, балдардын документтери, маанилүү кагаздар, кийим, дары-дармек болушу мүмкүн. Баалуу, мисалы, зер буюмдарыңыз болсо, аларды да камдап койсоңуз болот. Муктаждык жаралса, сатып же күрөөгө кое аласыз. 

  • Сизди табууга көмөкчү боло турган нерселердин баарын жок кылыңыз. 

  • Жергиликтүү кризистик борборлордун телефонун жазып алыңыз.

  • Зомбулук маалында өз туюмуңузга таяныңыз. Кээде качып кеткен оң, кээде кол көтөрүп жаткан кишини тынчтандыруу туура чечим болуп калат. 

  • Өзгөчө кырдаал түзүлсө, үйдөн токтоосуз чыгып кетиңиз. Зарыл буюмдарды ала албай калсаңыз, эч нерсе эмес. Коопсуздугуңуз биринчи орунда. 

Алган жаракатыңызды каттатуу үчүн жакынкы ооруканага же поликлиникага кайрылыңыз. Бул кол салган кишинин күнөөсүн сотто далилдөөгө жардам берет.

 Эгерде катуу жаракат алып, өз алдынча жүрө албай калсаңыз, 103 номери аркылуу тез жардам чакырыңыз.

Кандай жагдайда, кайсы жерде, качан жана ким тарабынан сабалганыңызды так айтып бериңиз. Денеңиздеги жаракаттын баарын дарыгерге көрсөтүп, кайсы жериңиз ооруп жатканын айтыңыз. 

Дарыгер баарын так жазып алганына ынаныңыз. Ал жаракаттын мүнөзүн сүрөттөп, кандай жардам көрсөтүлгөнүн белгилеши керек. 

Дарыгерден бардык документтерди алыңыз. 

Мындан сырткары денеңиздеги көгала тактарды, жаракаттын баарын сүрөткө тартып алыңыз. 

Өзүңүздү коопсуз сезе турган жайга баш калкалоого аракет кылыңыз. Бул ата-энеңиздин, досторуңуздун үйү же атайын кризистик борбор болушу мүмкүн.

 Коргоо ордери зомбулук көрсөткөн адамдын жабырлануучуга жакындашына тыюу салат. Ал үч күндүк мөөнөткө берилет, бирок аны 30 күнгө узартууга болот. Эгерде зомбулук көрсөткөн адам ордердин шарттарын бузса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамы боюнча милиция төмөнкүдөй иштерди аткарууга милдеттүү:

  • Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арызды каттоого.
  • Коргоо ордерин алуу жана узартуу жол-жоболорун түшүндүрүүгө. 
  •  Зомбулук көрсөткөн адам кандай жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүүгө.
  • Жабырлануучулар үчүн социалдык кызматтар тууралуу маалымат берүүгө.
  • Зарыл болсо жабырлануучуну ооруканага же коопсуз жайга жеткирүүгө.
  • Коргоо ордерин берүүгө жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө.
  • Коргоо ордерин узартуу боюнча иш алып барууга.
  • Эгерде зомбулук жашы жете электерге карата жасалса, балдарды коргоо органдарына билдирүүгө.
  • Зомбулук көрсөткөн адамга каршы кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды даярдоого.

Үй-бүлөлүк зомбулук эки түрдө аныкталышы мүмкүн:

  1. Административдик иш
  2. Кылмыш иши

Кылмыш жоопкерчилиги үй-бүлөнүн бир мүчөсү башка мүчөнүн укуктарын жана эркиндигин бузганда, физикалык же психикалык азаптарды келтиргенде, бул аракеттер ден соолукка зыян алып келген учурда пайда болот.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес деп табылса, иш административдик тергөөгө өткөрүлөт. 

Эгерде зомбулук көрсөткөн адам мас абалында болсо же агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтсө, ал 48 саатка чейин кармалышы мүмкүн

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча иш сотко жөнөтүлөт. Сот зомбулук көрсөткөн адамды күнөөлүү деп тапса, төмөндөгүдөй жазаны бериши мүмкүн:

  • 2 айдан 1 жылга чейин түзөтүү иштерине тартуу;
  • 40 сааттан 100 саатка чейин коомдук иштерге тартуу;
  • 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. 

Эгерде зомбулук көрсөткөн адам административдик укук бузуу боюнча жоопко тартылса, аны 40 саат коомдук иш же 3-7 суткага камакка алуу күтөт.

Бишкек

“Аялзат” муниципалдык борбору: Феруза Исаева: 0312 653738, 0550 882955.

“Шанс” кризистик борбору: Елена Ткачева: 0709 710320, 0555 900698, 0312 613227.

“Сезим” кризистик борбору: Бүбүсара Рыскулова: 0312 51026440, 

Ыкчам байланыш: 0312 316466, 0551 316466, 0312 512640, 0501 512640.

Ош облусу

“Аруулан” кризистик борбору: Наргиза Ештаева: 0322 255608, 0557 777405. 

“Ак жүрөк” кризистик борбору: Дарийкан Асилбекова: 0550 231329, 0322 245976, 0779 231329.

 “Энсан Диамонд” коомдук бирикмеси: Жамиля Капарова: 0322 222965, 0772 328960, 0552 131507. 

“Акылкарачач” кризистик борбору: Өктөмкан Абдылдаева: 0555 281423, 0776 281423. 

“Мээрбан” кризистик борбору: Гулипа Борпиева: 0773 843461.

Ысык-Көл облусу

“Аялзат — аялдардын демилгелерин өнүктүрүү”: Дарика Асанбаева: 0392 251091, 0553 835717. 

“Алтынай” кризистик борбору: Жыргал Айнабекова: 0706 309886, 0550 103088.

“Химая” аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитация борбору: Мария Личаню: 0392 253417, 0555 204847.

“Улукман Дарыгер” коомдук бирикмеси: Уланбек Турсунбаев: 0392 253417, 0555 204847, 0551 733390.

Караколдогу “Мээрман” кризистик борбору: Майрам Эмил кызы: 0706 383637. 

“Бактылуу эне” кризистик борбору: Чынара Сыдыгалиева: 0702 748928.

Нарын облусу

“Теңдеш” кризистик борбору: Света Саякбаева: 0708 747274, 0700 257890, 0556 218584.

Жалал-Абад облусу

 “Каниет” реабилитациялык борбору: Гүлмайрам Аттокурова: 0372 222303, 0774 855227, 0550 757772.

Талас облусу

“Маана” кризистик борбору: Зарина Турукманова: 0557 484713.

Баткен облусу

“Жаңыл Мырза” кризистик борбору: Токтокан Мамбетова: 0777 393077, 0778 045978.




    Окшош суроолор