Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тергөө судьясы деген ким жана анын ыйгарым укуктары кандай?

ID1385
Көрүүлөр: 258
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Тергөө судьясы – бул алдын ала тергөө учурунда укук коргоо органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун көзөмөлдөгөн атайын судья. Ал айыпталуучунун укук-эркиндигине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алат. Мисалы, айыпталуучуну камакка алат же үй камагына чыгарат. 

  • Кармоонун мыйзамдуулугу: шектүүнүн кармалышы мыйзамдуу болгон-болбогонун чечет.
  • Бөгөт коюу чаралары: күрөө, үй камагы, экстрадициялык камоо, камакка алуу, электрондук байкоо жүргүзүү сыяктуу бөгөт коюу чарасын аныктайт.
  • Бөгөт коюу чараларын узартуу жана өзгөртүү: мурда белгиленген чараларды узартуу же өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат. 
  • Медициналык экспертиза: айыпталуучуну медициналык же психиатриялык ооруканага жаткыруу зарылдыгын чечет.
  • Мүлктү камакка алуу: соттолуучунун мүлкүн убактылуу камакка алуу чечимин чыгара алат. 
  • Убактылуу четтетүү: айыпталуучуну ээлеген кызматынан четтетиши мүмкүн.
  • Эксгумация жүргүзүү: жакын туугандарынын макулдугу болбосо, эксгумацияга уруксат берет.
  • Текшерүү жана тинтүү жүргүзүү: турак-жайды жана башка объектилерди тинтүүгө, ээлеринин макулдугусуз тийиштүү буюм-каражаттарды алып коюуга уруксат бере алат.
  • Атайын тергөө аракеттери: иш боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнү чечет.

Арыздарды кароо: тергөө судьясы укук коргоо органдарынын аракеттерине же аракетсиздигине даттанууларды талдайт жана чечет.

Көрсөтмө берүү: тиешелүү өтүнүч болгондо күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн сактай алат.

Коопсуздук чараларын колдонуу: күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана процесстин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары үчүн жооптуу.

Күнөөнү моюнга алууну бекитүү: айыпталуучунун күнөөнү моюнга алышы боюнча процессуалдык макулдашуусун чечет.

Сотко чейинки териштирүүгө катышкан судья сот өндүрүшүнүн башка этаптарына, айталы, ошол эле иш боюнча андан аркы соттук териштирүүгө катыша албайт.




    Окшош суроолор