Жер тилкесин өз билемдик менен кенейтип алуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
Укук бузуулар тууралуу кодексинин 146-беренесине ылайык, жерди кеңейтип алгандарга айып пул салынат:
- Жеке жактар үчүн 300 эсеп көрсөткүчүнө барабар (30 000 сом) айып пул.
- Юридикалык жактар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчө барабар (100 000 сом) айып пул.
Мындан сырткары күнөөлүү адам өз билемдик менен кеңейтип алган тилкени баштапкы көрүнүшкө келтирип, бардык кесепеттерди жоюуга милдеттүү.