Убагында кайрылбаса же зарыл медициналык документтер жок болгондо ЗАГС мекемеси өлүмдү каттап, күбөлүк берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Өлүмдү каттамайын маркумдун мүлкүн башкарууда, мурасты алууда же мамлекеттен тийиштүү жөлөк пулдарды алууда кыйынчылыктар жаралат. Бирок маселени чечүүнүн жолу бар – сотко кайрылыш керек.
1-кадам: Документтерди даярдоо
- ЗАГСтын өлүм окуясын каттоодон баш тартуу боюнча жазуу жазуу жүзүндөгү каты.
- Арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү.
- Арыз берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат.
- Адамдын белгилүү бир убакта жана белгилүү бир шарттарда каза болгонун ырастаган далилдер:
- Милициянын адамдын каза болгондугу тууралуу актысы (бар болсо).
- Милдеттүү камсыздандыруу мекемесинин адамдын дарыгерге кайрылбай каза болгондугу же жерге берилгендиги тууралуу актысы.
- Өлүмгө күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү.
- Маркумдун көмүлгөн жери жана ага коюлган эстеликтин сүрөттү (бар болсо).
- Арыз берүүчүнүн арыз берүү укугун тастыктаган документтер: нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгер арыз берүүчү маркумдун баласы же ата-энеси болуп саналса).
- Маркумдун инсандыгын тастыктаган документтер (паспорту, айдоочулук күбөлүгү ж.б.).
- 1000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алым төлөнгөндүгү боюнча квитанция.