Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

ТСЖ деген эмне жана аны кантип түзсө болот? 

ID1684
Көрүүлөр: 45
Актуалдуу: 24-06-2024
QR Code

Турак жай ээлеринин шериктештиги (Товарищество собственников жилья – орусчада ТСЖ деп кыскартылат, эч ичинде ТСЖ кеңири тараган үчүн макалада ушул кыскартылган сөздү колдонобуз) – бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин ээлери түзгөн уюм. ТСЖ үйдүн жалпы мүлкүн башкаруу жана тейлөө үчүн түзүлөт.

Жалпы мүлккө батирлерге тиешеси жок, бирок жалпы колдонуудагы нерселердин баары кирет. 

Имаратты түзүүчү бөлүктөр:

  • Пайдубал, негизги дубалдар, колонналар. 
  • Чатыр. 
  • Тышкы дубалдар, терезелер жана эшиктер. 

Инженердик системалар:

  • Борбордук жылытуу системалары (батирлердеги радиаторлордон тышкары).
  • Борбордук ысык суу менен камсыздоо системасы. 
  • Бөлүштүрүү щиттерине чейинки электр байланыштары.
  • Батирлерге чейинки суу түтүкчөлөрү жана канализация.

Лифттер жана техникалык жабдуулар:

  • Лифттер жана алардын жабдуулары.
  • Таштанды түтүкчөлөрү.

Жалпы мейкиндиктер:

  • Кире бериштер, тепкичтер, коридорлор.
  • Чатырлар жана жеке жакка өтпөгөн болсо жертөлөлөр. 

Үйдүн айланасындагы аймак:

  • Үй жайгашкан жер тилкеси.
  • Балдар жана спорттук аянтчалар.
  • Жеке жактарга өтпөгөн унаа токтотуучу жайлар.
  • Эс алуу аймактары. 



Жашоочулар короону, подъездди, лифтти, оюн аянтчасын ж.б. ортолукта колдонушат.  Бирок алардын эч кимиси ушул жерлерди тазалоо, оңдоо иштерин өз мойнуна алгысы келбейт. Мындай учурда ТСЖны түзүү бардык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. 

Үйдү башкаруу: ТСЖ тургундарга көп батирлүү үйдү өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу.

Чыгымдардын ачыктыгы: ТСЖнын бардык каржылык операциялары ачык жүргүзүлөт жана тургундардын көзөмөлүндө болот, бул коррупция коркунучун азайтат. 

Жашоо сапатын жакшыртуу: ТСЖ  оңдоо жана жаңырлоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул тургундардын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. 

Үйдүн айланасындагы жер тилкесин каттоо: ТСЖ көп батирлүү үйгө чектеш жер тилкесине укуктарды каттай алат,  бул үйдүн тилкесин башкаруу жана пайдалануу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.

ТСЖны көп кабаттуу үйдөгү батирлердин, андагы коммерциялык же дагы башка багыттагы объектилердин ээлери түзөт. ТСЖны расмий каттоодон өткөргөндөн кийин ага мүчө болгон кожоюндары укук-милдеттерге ээ болушат. 

Көңүл буруңуз! ТСЖга кирбеген кожоюндар да үйдүн жалпы мүлкүн кармоого катышууга милдеттүү.

Бир көп кабаттуу үйдө бир гана ТСЖ түзүлөт. 

ТСЖнын укуктары укуктары

 ТСЖ төмөнкү укуктарга ээ:

  • Жалпы мүлктү тейлөө жана оңдоо боюнча келишимдерди түзүүгө.
  • Жалпы мүлктү тейлөө, оңдоо жана капиталдык оңдоо, резервдик фонд үчүн жылдык бюджет түзүүгө.
  • Бюджеттин негизинде батир ээлери үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоого.
  • Батир ээлерине кызматтарды көрсөтүүгө, үйгө тийиштүү иштерди аткарууга.
  • Банктардан мыйзам чегинде кредит алууга.
  • Каражаттарды кызмат көрсөтүүчүлөргө өткөрүп берүүгө.
  • ТСЖнын мүлкүн ижарага берүүгө.
  • Мүлккө ээлик кылуу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн алууга.
  • Төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди аныктоого.
  • Ар кандай кызмат көрсөтүүлөр үчүн компанияларды жалдоого: тазалоо кызматынан юридикалык колдоого чейин.
  • Купуялуулукту сактоо менен карызы барлардын тизмесин жарыялоого.
  • Мамлекеттик түзүмдөр жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелер менен өз ара кызматташууга. 
  • Ачык бухгалтердик эсеп жүргүзүп, жергиликтүү бийликтен грант же дагы башка колдоону алууга. 
  • Жалпы мүлктүн бир бөлүгүн өз каалоосу боюнча колдонууга.
  • Курулуш үчүн жер тилкелерин алууга.
  • Батир ээлеринен атынан чектеш жерлерде курулуш иштерин жүргүзүүгө.
  • ТСЖнын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон келишимдерди түзүүгө.
  • Төлөмдү кечиктирген батир ээлерине карыз суммасынан 20%га чейин айып пул салууга.
  • Карыздарды жана чыгымдарды өндүрүү үчүн сотко кайрылууга.

ТСЖнын милдеттери

ТСЖ төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Мыйзамдарды жана уставды сактоого.
  • Жалпы мүлктүн санитардык жана техникалык абалын сактоого.
  • Жалпы мүлктү тейлөө боюнча бардык ээлердин милдеттенмелерин аткарууну камсыздоого.
  • Батир ээлеринин укуктарын коргоого.
  • Жалпы мүлктү пайдаланууга тоскоолдук кылган аракеттердин алдын алууга.
  • Үчүнчү жактардын алдында батир ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого. 
  • Мүчөлөрдүн суранычы боюнча ТСЖнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүүгө.
  • Кирешелердин жана чыгашалардын  эсебин ачык жүргүзүүгө.
  • Каржылык  ишмердүүлүк боюнча квартал сайын батир ээлеринин алдында отчет берүүгө.
  • Каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга.

Эми ТСЖны түзүү боюнча жол-жобону карайлы. 

 
 
  1. Демилгелүү топту түзүү:  Батир ээлеринен арасынан активдүүлөрүн чогултуп, демилгелүү топту түзүш керек. Топ жалпы үй ээлеринин 10%нан кем болбошу зарыл.
  2. Мыйзамдарды изилдөө: Кыргызстанда турак жай мамилелерин жөнгө салган мыйзамдар менен таанышыңыз. “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамын карап чыгыңыздар. 
  1. Жыйын тууралуу кабар берүү: Уюштуруучулар жалпы жыйын тууралуу үй ээлерине маалымдап, билдирүүнү кат менен жеткириши зарыл. Же болбосо ар бир кожоюнга жеке өзү кабарлап, аларга “жыйын тууралуу кабардар болдум” деген тизмеге кол койдуруп алыш керек. Бул иштер жыйынга чейин 10 күн калганда аткарылат.
  2. Түзүүчүлөрдүн жыйынын уюштуруу: Батир ээлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлөт. Анда болочок ТСЖнын максаттары жана милдеттери талкууланат,  ТСЖ түзүү чечими кабыл алынат. ТСЖнын төрагасы жана катчысы шайланат. Катышуучулар толук маалыматка ээ болуп, “макул”, “каршы” же “кармануу” деген тандоону жасап, добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Жыйын легитимдүү болушу үчүн ага добуш берүү укугу бар үй ээлеринин үчтөн экиси катышышы керек. Эгерде жетиштүү сандагы киши катышпаса, кайрадан жыйын уюштурулат. Ошондой эле жыйында ТСЖ уставы кабыл алынып, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү тандалат.
  3. Жыйындын протоколу: Бардык чечимдер жана добуш бергендердин саны жыйындын протоколунда көрсөтүлөт. ТСЖ түзүү чечими үй ээлеринин жалпы санынын 51%дан кем эмес добушу менен кабыл алынат.
  1. Документтерди даярдоо: ТСЖнын уставын (уставдын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, аны жүктөп алсаңыз болот) жана башка талап кылынган документтерди даярдаңыз:
    • Каттоо арызы;
    • Мамлекеттик каттоо чечиминин түп нускасы;
    • ТСЖнын төрагасы тарабынан кол коюлган эки нускадагы устав;
    • Түзүүчү жыйынга катышкан батир ээлеринен тизмеси;
    • Каттоо жыйымын жана төлөмдү төлөгөндүгүн ырастаган документ (маалымкат);
    • Юридикалык даректи (жайгашкан жерди) аныктоо үчүн тиешелүү чечимдерде каттоочу органга кошумча түрдө ээлик кылуучунун (пайдалануучунун) макулдугу же тиешелүү мүлктүк ижара келишими же башка келишим;
    • Юридикалык жактын түзүлүшүндөгү жетекчинин паспорту көчүрмөсү;
    • Ишеним каттын түп нускасы – эгерде ишеним каттын негизинде аракет кылуучу адам болсо.
  2. Документтерди каттоочу органга тапшыруу: Даярдалган документтерди Юстиция министрлигине ТСЖны расмий каттоо үчүн тапшыруу керек.
  3. Мамлекеттик каттоо: ТСЖ мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, мурунку башкаруучу же ээлик кылуучу ТСЖга бардык документтерди өткөрүп берет. Ошондой эле көп кабаттүү үйдүн техникалык абалын текшерип, бул боюнча жазуу түрүндөгү корутундуну кабыл алуу зарыл.
  1.  Негизги иш багыттарын жана биринчи жылга иш планын аныктоо.
  2. ТСЖнын каржысын башкаруу үчүн банкта эсеп ачуу.
  1. Бардык финансылык операцияларды ачык түрдө эсепке алуу.
  2. Иштердин жүрүшү жана ТСЖнын каржылык абалы жөнүндө турак жай ээлерине туруктуу түрдө кабарлап туруу.
  3. ТСЖнын ишмердүүлүгү боюнча отчетторду жалпы жыйындарда көрсөтүү.




    Окшош суроолор